Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:36

Кыргызстанда кароосуз балдардын саны азайганы менен элүү миңге чукул бала мектепке барбайт.

Балдар укугу боюнча конвенциянын 20 жылдыгына карата БУУнун Балдарды коргоо кору дүйнө жүзүндөгү балдар турмушунан алынган баяндарды жарыкка чыгарды. Алардын бири Кыргызстандагы көчө балдарына арналып, Бишкек шаар бийлигинин алдындагы кароосуз балдарды реабилитациялоо борборунун башчысы Алексей Петрушевский ЮНИСЕФ уюуму тарабынан “Балдар укугун коргоонун баатыры” деген наамга сунушталган. Ошол эле учурда өлкө боюнча кароосуз балдардын саны азайганы менен мектепке барбаган балдардын саны элүү миңге чукул экени айтыла баштады.

Алексей Петрушевскийдин бүгүнкү иш күнү адаттагыдай эле балдардын бир топ маселесин чечүүгө арналат. Азыр болсо шаардык башкармалыктын аткаминерлери менен жолугушуп, борбордогу ким экендигин билдирген эч документи жок балдарга туулгандыгы тууралуу күбөлүк, жашы жеткени болсо паспорт алууну сүйлөшкөн соң, шаардагы дүкөндөрдүн биринен балдардын футбол командасына окшош кийим алаары менен кайрадан бөбөктөргө шашылат.
өлкө боюнча 50 миңге чукул бала мектепке барбайт


Бишкектеги Кароосуз балдарды реабилитациялоо борбору жети жыл мурда түзүлүп, миңге чукул балдардын убактылуу үйү болуп калган. Борбор жетимиш балага ылайкталып, бөбөктөрдүн эң кичинеси үч жарым жашта болсо улуулары он беш -он алтыда. Кароосуз калган, көчө балдары бул жерде медициналык, психологиялык жана социалдык жактан жардам алып, мектепке же кесиптик билим берүүчү окуу жайларга жиберилет. Балдардын айрымдары борбордо такай жашаса, маал-маалы менен келип жардам алып тургандары да бар. Бул жайга кайрылгандардын жыйырма пайызы Бишкек шаарында такай жашагандар, ал эми калгандары болсо өлкөнүн ар тарабынан борбор калаага келип кароосуз калгандар. Алексейдин айтуусунда, балдардын мындай тагдырга туш болуусу өлкө ичиндеги миграцияга байланыштуу:

Баланын кайда кетип жатканы менен эч кимдин иши жок. Акимиат, айыл өкмөтү дегендерге баары бир. Кетсе, кетти... Ал бала башка жерге келсе, ал жердегилерге дагы баары бир....”

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда бир миллиондой мектеп жашындагы балдар бар. Жылына өлкөдө жүз миңге чукул бүтүрүүчү мектепти аяктаса ошончо бала билим босогосун аттайт. БУУнун балдарды коргоо корунун кыргыз Билим берүү министрлигинин колдоосу менен жүргүзгөн иликтөөсүндө өлкө боюнча элүү миңге чукул бала мектепке барбаганы ачыкталды.

- Биздин изилдөөдө жалпы балдардын 5.2 пайызы мектептен сыртта калганы аныкталды. Кыргызстанда болжол менен бир миллион бала мектеп жашында болсо, анын ичинен 5.2 пайызы мектепке тартылбаса, демек өлкө боюнча 50 миңге чукул бала мектепке барбайт. Мындай көрсөткүч ЮНИСЕФти жана Билим берүү министрлигин дагы тынчсыздандырат, - деген ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Тим Шаффтер -Иликтөөдө балдардын сабакка катышуусун алып караганда, айыл жергесиндеги окуучулардын 90-95 пайызы үзгүлтүксүз мектепке барбайт. Мисалы сентябрь-октябрь жана апрель-май айларында сабак калтырган балдардын саны 20-25 пайызга жетет, деп кошумчалады “Азаттыкка” берген маегинде.

Ал эми кыргыз Билим берүү министрлиги өлкө боюнча канча бала мектеп сыртында калганын түрдүүчө жоромолдошот. Министрликтин мурдараак берген маалыматында үй бүлөлүк абалы тартыш жана майып делген жети жүздөн ашуун гана бала мектепке барбайт деп айтылса, министрдин орун басары Үмүткан Тыналиева “Азаттыктын” кабарчысына буларды билдирди:

“Эми расмий эсепке караганда аз эле бала мектепке барбай калып жатат. Мында негизинен биз деле балдардын “Дордойдо”, башка базарларда мектепке барбай иштеп жатканын билебиз. Расмий статистика боюнча эки миңге чукул бала быйыл мектепке барбай калып жатат. Булардын ичинен эң көбү Бишкек шаарындагы мигранттардын балдары. Алар үчүн министрликтин буйругу менен башкача шарт түзгөнбүз. Эгер балдардын шаардык катталуусу, документтери жок болсо дагы ата-энесинин өлкө ичиндеги мигрант экенидиги тууралуу кагазынын негизинде мектеп директорлору аларды мектепке кабыл алганга милдетүү.”
Расмий статистика боюнча 2 миңге чукул бала быйыл мектепке барбай калып жатат


Кароосуз калган балдардын арасында ысымы гана бар, эч бир жерде катталбаган, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, жарандыгы жоктор да кездешет. Андай балдарды эч бир мектеп кабыл албайт жана алардын тагдыры кимдин колунда дейт Алексей Петрушевский:

“Биздин борборго жети, он жаштагы туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдар келип түшөт. Алардын ушунча жыл эч документи жок жүргөнүн элестетир көрсөңүз...? Ал бала тууралуу эч бир жерде бир да белги жок”


Адистердин айтуусунда, Кыргызстандагы балдардын мектептен сыртта калышына өлкөдөгү жакырчылык, мугалимдердин жетишсиздиги, айрым үй бүлөлөр үчүн мектепке төлөнө турган акынын көптүгү себептиги белгиленип келет.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG