Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:11

Баткен облусунда Бүргөндү районун түзүү зарылдыгы кыйладан бери айтылып келатат. Какыраган чөлгө суу чыгарылса жалгыз Бүргөндү эмес биртоп жерлер гүлдөгөн аймакка айланмак.

“Азаттыктын” бүгүнкү радиобаяны Баткен облусунун социалдык-экономикалык көйгөйлөрүнө арналмакчы.

"Аке, суунун пулун бериң"

Баткендиктерди ойлонткон толгон-токой маселелердин катарында суунун жетишсиздиги менен чек аралардын эмдигиче аныкталбагандыгы өзгөчө орунда турат. Облустун бир өңүрүн асман челген ак мөңгү тоолор ээлегени менен алардан агып чыккан сулар аз. Ири дарыялардын убайын көбүнчө коңшу республикалардын дыйкандары көрүп келатышат.

Баткен районунун Боз-Адыр айылына социализм заманынан калган насос суу чыгарып берет. Айыл өкмөт башчысы Жамийла Пазылованын айтуусунда, суунун көбүн Өзбекстан анклавынын дыйкандары, азын бозадырлыктар пайдаланышат.
Баткенде сугат суу да, таза суу да тартыш.

- Насостук станциябыз, биздин ушул станциябыз тууралуу суроону туура бердиңер. Сох анклавында биздин “Ширеш” насостук станциябыз бар. Биздин эгиндерибиз, бак-дарагыбыз эмне үчүн кургап кетти? Сууну биз айдап беребиз. Биздин насос менен суу ичишет. 70% алар, 30% биз ичебиз. Электр акысын биз төлөйбүз.

Көкөйгө көк таштай тийген суу көйгөйү Баткендин бардык айылдарында бар. Атүгүл суу тартыштыкты чокусун мөңгү баскан бийик тоону улай жайгашкан Кара-Булак айлындагылар да жайкысын тартышат. Калган айылдардын текши баарында деле ушу азыр суу кайгай. Баткен шаарынын түндүк ныптасындагы Кызыл-Бел айылынын жашоочулары Төрт-Күл суу сактагычынан келчү бетон арыктарды жаңылоого каражат таппай Улуттар уюмунун Өнүгүү программасынан каржылык колдоо суранышкан. Андай жардам алган айыл активисти Жоробай Жапаров быйыл кышка чейин чоң арыкты жаңылоо иштери бүтүп каларын ырастайт.

- Бизде эки жылдан бери ПРООНдун программасы иштеп жатат. Бул аралыкта 3 миллион сомдон ашуун каражат сарпталды. Биртоп долбоорлор ишке кирип жатат. Мынабул көрүп турган каналыбыз 2 миллион 600 миң сомдук канал.

Тамчы суунун тартиби

Эларалык уюмдардын көмөгү менен биртоп айылдарга сугат, ичер суу чыгарылган. Баткенде ошол эле эларалык уюмдардын көмөгү менен сууну үнөмдөө, тамчылатып сугаруу аракети да башталууда. Кыргызстандагы жаңы технология негизинде тамчылатып сугаруу демилгеси да Баткен облусунда биринчи башталып, ушу тапта ал аз-аздан башка айылдарга жайылууда. Боз-Адыр айылынын жашоочусу Абдышүкүр Калысов суу чыкпай калган 30 гектир жерге өрүк көчөттөрүн отургузуп, жаңы усулдун жөн-жайын Кытайдан барып үйрөнүп келгенин айтат.
Баткен жергеси тамшанткан өрүгү менен да белгилүү.

- Суу мынабу трубанын ичи менен келет да мынабу идишти толтурат. Аны толтуруш үчүн насосту 20 мүнөт иштетсек жетиштүү. Ошол суу менен тигилген көчөттөрдү эки жолу сугарганга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Бирок да азырынча жаңы иш облустагы төрт дыйкан чарбасына гана жайылып, каражат менен каалоонун аздыгынан токтолуп турат.

Жаңы район зарылдыгы

Баткен облусунун губернаторунун орунбасары Салижан Хамрабаев кайрак жерлерге сугат суу чыгаруу аймактагы эң көйгөй маселени чечүүгө өбөлгө түзөр эле деген ойдо.

- А бул жерде проблема мындай. Бүргөндүнү үч айыл өкмөтүнүн негизинде түзөлү деп атабыз. Калкы 46 миң киши болот. Бүргөндү району боло турган болсо бул жерде эле 7 миң гектир жер бар.

Эларалык уюмдардын маалыматына таянсак, Баткен облус калкынын тең жарымы кедей, 16% калкы абыдан жакыр турмушта жашайт. Аймактын чоң борбордон алыс жайгашканы, чек ара, суу көйгөйлөрүнүн айынан жер которуп кетүүчүлөрдүн жылдан-жылга арбып баратышына алып келүүдө. Облустагы Сүлүктү, Кызыл-Кыя көмүр кендеринин жарым-жартылай иштөөсү, Айдаркендеги сымап, Кадамжайдагы сурьма комбинаттарынын оор экономикалык абалга капталышы жумушсуздардын санын арбытты.
Бүргөндү өрөөнүнө жаңы район түзүү демилгесин президент Роза Отунбаева да аталган аймакка иш сапары менен барган учурда макул көргөн, 2010-жылдын 29-июлу.

Облустагы ири өнөржай ишканаларынын ичинен азырынча Кызыл-Кыядагы цемент заводунун иши жүрүшүп, элдин курулуш материалына муктаждыгын камсыз кылууда. Биртоп эларалык уюмдардын көмөгү менен ушу тапта облуста жакырчылыкты азайтуу, микрокредит системасын жайылтуу, таза суу, кол өнөрчүлүк, айыл чарба продукцияларын иштетүү ааркеттери көрүлүүдө.

Улуттар уюмунун Өнүгүү программасы менен Корея Республикасынын көмөгү аркылуу “Баткен облусунун комплекстүү өнүгүү” программасы түзүлүп, ага 1 миллион 800 миң доллар каражат бөлүнгөн. Облустун 40 айылын кучагына алган программа быйыл жыйынтыкталганы турат. Орто жана чакан ишкердикти өнүктүрүү, облустун биртоп социалдык маселелерин чечүүгө арналган бул программа дагы улантылары же улантылбашы эларалык уюмдардын эркиндеги иш. Ушул программага ылайык облустун Айдаркен шаарчасындагы жумушсуздарга иш таап берүү, Сүлүктү шаарында жашагандарга көмөк көрсөтүү жумуштары да соңуна чыкканы турат. А бирок андай аракеттин азыноолок үзүрү көрүнө баштаганын Сүлүктү шаарындагы “Кош-Булак” шаарчасынын тургуну Тазагүл Сайпидинова минтип ырастайт.

- Бүгүнкү күндө 1996-, 2000-жылга салыштырмалуу кыйла түзүк эле болуп калдык. Мурда аябай кыйынчылыкта жашаганбыз да. Бүгүнкүдөй той-топур болбой, болсо дагы эптемей менен өткөрүп атканбыз.

Кымбат көмүр кайдан чыгат?

Социализм заманында жылына 600 – 700 миң тоннадан кем эмес көмүр казып келген Сүлүктү шаарындагы “Кош-Булак” шаарчасында ушу азыр деле аңырайып бош калган көп кабат үйлөр биртоп. Шаарча башчысы Бактыбек Сапаркуловдун маалымдашынча, ондон ашуун компаниялар көмүр казып алышууда.
Баткенде көмүр кендери көп, бирок көмүр кымбат.

- Көмүр өндүрүүдөгү негизги проблема ошол казылып алынгандан кийинки бош орундарга жыгач тирөөчтөрдү коюу, бекитип чыгуу болууда. Бүгүнкү күндө ошол жыгач материалдардын баасы кымбат болууда. Өзбекстан темир жол чыгымдарына салыкты көтөргөнгө байланыштуу Орусиядан ташылып келчү жыгач материалдардын баасы кымбаттап, ал көмүр баасынын кымбатташын шарттоодо.

Өткөн жылы Сүлүктү шаарынын 140 жылдык мааракесинин урматына 141 миң тонна көмүр казылып алынган. Быйыл деле андан кем эмес көмүр казылып алынышы күтүлүп жатканын Б.Сапаркулов кошумчалады.

Баткендеги көмүр баасынын көкөлөп кетишинин негизги себеби Орусиядан келчү жыгачтын кымбаттыгына, анан да мурда механизацияланган жумуштардын текши баарынын ушу тапта кол күчү жасалып жаткандыгына байланыштуу болууда. Баткен облусунда өрүктү кургатуунун жаңыча заманбап технологиясына өтүү, күндүн энергиясын пайдалануу, Сох дарыясындагы Теке-Секирикте ГЭС куруу, бош жаткан талааларга суу жеткирүү аракети ушу тапта сырттан келчү инвестициянын эсебинен жүргүзүү болжолдонууда. Алар жана аймакта жашагандардын чек ара көйгөйүнө кийинки радиобаянда токтолмокчубуз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG