Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:05

Чек ара баткенчилерге аягы көрүнбөгөн, учу узун, түгөнгүс тема. Кайсы жердин кимге таандык экенин, коңшулар менен жер талаш, суу талаштын чоо-жайын бул жерден кадам сайын угасың.

Анын үстүнө чек ара көчө аралап бир айылды экиге бөлүп, ортону тикенек зым, терең казылган аңдар ээлеп, элдин башы маң болуп турган кези.

Көчмөн тосмонун көпүрөсү

Өзбекстандын Сох анклавына тийиштүү чек ара тосмосунун Кыргызстан тарапка жылып кетишине нааразы экенин Баткендин Суу-Башы айыл округунун башчысы Жамийла Пазылова жашырган жок.

- Жылдырып атат азыр. Шарк-Абаддын өзүндө биздин чек араларга, баякы мүрзөлөр бар го, ошол жерге азыр коюшту. Азыр тирөөчтөрдү отургузуп, тикенек зымдарды тартып, даярдашты. Эң коркунучтуусу ошол да. Биздин бактар бар ошол жерде. Биздин жерлер бар. 60 сотуктай өзүбүздүн жаштарга бере турган, үй-жай менен камсыз кыла турган жерлер бар.

Чек ара көйгөйү ошол эле Баткен районунун Сай айылынын жашоочуларынын да көкөйүнө көк таштай тийгенин айыл активи Акылбек Сейитмуратов айтып отурду.

- Бизде негизинен чек ара көйгөйү өтө орчундуу маселе болуп турат. Биздин Сайдын алдында Өзбекстандын Сох анклавы жайгашкан. Ушул посттон өтүш үчүн паспорттук система, андан тышкары бизде 50 килограммдан ашуун жүктү өткөрбөйт.

Чубалчу чуунун чоо-жайы

Социализм заманында административдик аймак катары бөлүнгөн союздук республикалар жылдардын бир жылдарында эгемендигин жарыялап, өз алдынчалыктын карама-каршылыктуу татаал жолуна түшөрүн ал кезде эч ким ойлобосо деле керек. Ортолук чек ара көйгөйү коңшу республикалар ортосунда талаш маселеге айланып, чечилиши кыйла жылдарга созуларын ойлогон киши эгемендиктин эсти эңгиреткен алгачкы жылдарында деле аз эле болгон чыгар. Кыйла талаш, жаңжал менен кыргыз-кытай чек арасы такталып, ага улай Казакстан менен ортолук чек ажыратылды.

Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан ортосундагы чекаранын такталышы узакка созулат өңдөнүп калды. Бул иштин создугуп кетишинин кээрин баткендиктер өзгөчө тартууда. Бир айылдан экинчисине каттоо, район борборуна барып келүү кээде оңбогондой оор жумушка айланып каларын Сай айылынын жашоочулары быйыл Өзбекстан Сох анклавын жаап койгондон кийин өз жон териси менен сезишти окшойт. Акыйкатта да Баткенден 55 чакырым алыстыкта турган айыл калкынын район борборуна айланма жол аркылуу 250 чакырым жол басып, ишин бүткөрүшкө мажбур болушу ойлонтчу маселе эмей эмине! Бирок Баткен облус жетекчисинин орунбасары Атамбек Ботоев жергиликтүү элдин Сох анклавы аркылуу каттоосунда азырынча кыйынчылык жоктугун ырастайт.

- Сох анклавынан транзиттик өтүү маселеси азыркы убакта чечилген. Мурдагы калыпка эле түшкөн. Пост деген бар, албетте кандай болгон күндө да чет мамлекеттин, башка мамлекеттин аймагы. Бирок биздеги саясий окуяларга байланыштуу айрым бир чектөөлөр киргизилген болчу.

Сох анклавын айланып өтчү Баткен-Пүлгөн авто жолу салына баштаганына деле кыйла болду. Эл аралык каржы уюмдарынын карыз акчасына бүтчү жолго асфальт төшөө эмдиги жылдан башталарын Атамбек Ботоев да ырастады.

- Бул авто жолдун акча маселеси чечилген. Баткенден Пүлгөнгө чейинки жолду алсак, анын акчасы чечилип, тендер жарыяланган. Кытайлык фирмалар катышууда. Асфальттоо баштала элек. Азыр жолду пландоо, эл аралык стандартка ылайыктоо иштери жүрүп жатат.

Ош-Исфана авто жолу толугу менен ишке киргизилгенден кийин Бүргөндү талаасы башкача түргө келерин Баткен облустук акимчиликтин экономикалык бөлүмүнүн башчысы Салижан Хамрабаев маалымдады. Анын айтуусунда, Кадамжайдын кенен талаасында жаңы район түптөлүп, аны суу менен камсыз кылуу маселеси чечилсе ортолук чек ара көйгөйү кыйла басаңдай түшмөк.

- Анан кийин бизде мигранттар бар. 20 миңге жакын мигранттар Орусияда жүрөт. 20 миңи өзүбүздө жүрөт. 50 сотуктан жер бөлүп 20 миң жаштарыбызды ушул жерге жайгаштырсак болот.

Баткен облусунда ушу кезде чет элдик инвесторлорго эң ири инвестициялык долбоор катары Сох дарыясынын жогорку алабындагы Теке-Секирикте ГЭС курулушун баштоо, тосулган суунун бир бөлүгүн Боз-Адыр айылына буруу, Алтын-Жылга кенин иштетүү, Сүлүктү-Кызыл-Кыя темир жолун баштоо сунушталууда. Сох анклавын айланып өткөн автожолду улай бу жаңы долбоорлор ишке ашса Баткен облусунун биртоп экономикалык-социалдык маселелеринин чечилишине шарт түзүлмөк.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG