Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:03

АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВДИН ӨКМӨТҮ КЫЗМАТТАН КЕТТИ


Президент Курманбек Бакиев өкмөттү кызматтан кетирди. Бул жөнүндө Жарлыгын бүгүн жарыя кылып жатып, президент өкмөт мүчөлөрү баардыгы жаңы өкмөт түзүлгөнчөктү өз милдеттерин аткара бере турганын билдирди. 21-октябрда болгон референдумда Кыргызстандын жаңы Конституциясы кабыл алынып, ага президент 23-октябрда кол койгон. Жаңы Конституция күчүнө киргенден кийин шарт боюнча өкмөт кызматтан кетип отурат. Жаңы өкмөттү Конституциянын жаңы редакциясы боюнча парламенттик шайлоодо жеңип чыккан көпчүлүк курашы керек. Парламенттик шайлоолор 16-декабрга дайындалган, демек жаңы өкмөт жаңы жылга чейин куралып бүтүүгө тийиш. Курманбек Бакиев отставкага кеткен өкмөт мүчөлөрүнүн алдында сүйлөп жатып, эгер министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана башка мамлекеттик мекеме-уюмдардын жетекчилери, алардын орун басарлары партиялык тизме менен парламенттик шайлоого катыша турган болсо, алар ээлеген кызматын бошотуп бериши керектигин эскертти. Мамлекет башчы ошондой эле мыйзам өкмөт мүчөлөрүнө тигил же бул партиянын ишмердигине катышууга тыюу салбастыгын, бирок мындай иштер кызматтан сырткаркы убакытта жасалышы керектигин да белгиледи. (KCh)

XS
SM
MD
LG