Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:43

29-ноябрда Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда волейбол боюнча спорт чебери, Кыргыз эл сүрөтчүсү, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовду эскерүү мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды.

Кыргыз өңүн дүйнөгө тааныткан, СССРдин эл артисти, Кыргыз эл сүрөтчүсү маркум Сүймөнкул Чокморов аттын кулагы менен тең ойногон чабандес гана болбостон, волейбол боюнча өлкөнүн жаштар тандалма командасынын мүчөсү, СССР спорт чебери да болгон.

Сүймөнкул иниси менен бирге волейбол ойногон спорт чебери Сүйөркул Чокморовдун айтымында Санкт-Петербургда окуп жүргөндө студенттердин “Буревестник” спорт коомунун тандалма командасынын катарында ойногон.

-Сүймөнкул аганын чапкан тобун тоскондор сейрек болгонун, эликтей түйүлүп секиргенде оюндун көркүн чыгарып, мыкты ойногондугун агасы Сүйөркул Чокморов эскерди.


17 жылдан бери удаа өткөрүлүп келаткан Сүймөнкул Чокморовду эскерүү мелдешинин баш байгеси үчүн Кожомкул атындагы спорт ордосунда курч мүнөздө өтүп, жыйынтыкталды. Мөрөй талашууга өлкө боюнча иргелген 8 команда катышты. Алар эки топко бөлүнүп күч сынашты.


"А" тобунда "Сольвейг спорт","Папан курулуш" жана Талас менен Жалал-Абад облустарынын командалары беттешип, бул топтон Бишкектин чемпиону "Сольвейг спорт"командасы баш байгеге талапкер болду.


Ал эми "Б" тобунда "ИИМдин ички кызмат бөлүмү","Спартак", СКИФ жана Ош шаарынын волейболчу жигиттери өнөрүн көрсөтүп, алардан баш байгеге Ички иштер министрлигинин ички кызмат бөлүгүнүн командасы талапкер болуп чыкты.

Беш күнгө созулган мелдештин жеңүүчүлөр 29-ноябрда аныкталды. Бишкектин чемпиону "Сольвейг спорт" командасы финалда ИИМдин ички кызмат бөлүмүнүн волейболчуларын утуп,Сүймөнкул Чокморов атындагы баш байгенин ээлери болушат. Байгелүү үчүнчү орунду “Папан курулуш” командасы ээледи.

Өлкөнүн волейбол федерациясынын президенти Камчыбек Жолдошбаевдун айтымында бул мелдеши эл аралык деңгээлде өткөрүү аракеттери көрүлүүдө. Себеби Сүймөнкул Чокморовдун кино тасмаларда мыкты ролдорду аткарышына спорт менен машыкканы өбөлгө болгон.

Сүймөнкул ага менен бирге волейбол ойногон волейбол ардагерлери мелдешти көрүп, жаштыгын эскерип, жигиттерди сүрөөнгө алып турушту.

XS
SM
MD
LG