Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:08

30-январда Бишкекте алты күндөн бери өтүп жаткан Улуу Ата мекендик согуштун баатыры Дүйшөнкул Шопоковду эскерүүгө арналган бокс боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды.

30-январда Бишкекте Улуу Ата мекендик согуштун баатыры Дүйшөнкул Шопоковду эскерүүгө арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш соңуна чыкты. Бул мөрөй талашууга Орусия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажистан жана Кыргызстандын бокс чеберлери катышты.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, эл аралык калыс Мамыт Акеровдун айтымында мелдеш курч мүнөздө өттү. 2010-жыл Кытайдын Гуанжуо шаарында өтө турган 16-Азия оюндарына талапкер жаш жигиттерди сыноонун бир этабы катары өткөрүлдү.

Жеңил салмактагы финалда оштук Мирсаид Кулдашев менен өзбекстандык Жалол Аскаров атаандашып, Мирсаид баш байгени утуп алды.

51 кг салмакта финалда таластык Өмүрбек Малабаев менен токмоктук Азат Үсөналиев мөрөй талашып, Өмүрбек артыкчылык менен жеңип чыкты.

54 кг салмактын баш байгесине өзбекстандык Бахром Хидиров ээ болду.

57 кг салмактын финалдык беттешүүсүнө бишкектик Залкар Бакиров колу ооруп чыкпай калгандыктан жеңиш өзбекстандык Рустам Мустановго ыйгарылды.

60 кг салмактагы финалдык таймашууда Афина жана Бээжин олимпиадасынын катышуучусу, канттык Асылбек Таласбаев токмоктук Аскарбек Калпаковду утуп алды.

Баш байгенин ээси болгон Асылбек мелдеш курч мүнөздө болгонун, жаштарга бокс сырларын үйрөтүүгө ниет кылап, аларга көмөк көрсөтүп жатканын “Азаттыкка” билдирди.

64 кг салмакта бишкектик Урмат Рыскелдиев финалда өзбекстандык Санжар Рахмановду утуп алды. Кытайлык Акрем Барат менен караколдук Кенжебек Ашыров коло медаль тагынды.

Ал эми 69 кг салмактагы финалда тажикстандык Миржамал Гиясов менен кыргызстандык Айбек Коноев күч сынашты. Натыйжада тажикстандык Миржамал алтын байгенин ээси болду.

75 кг салмакта Бээжин олимпиадасынын жана дүйнө чемпионатынын коло медаль ээси, кытайлык Канат Ислам бишкектик Бахтияр Жээнбаевди биринчи раунд башталганда эле эсин оодара согуп, тездик менен жеңип алды.

Ал эми 81 кг салмакта токмоктук Чыңгыз Борбашев биринчи орунду ээледи. Ал финалда жалалабаттык Марат Шамаматовду артыкчылык менен утуп алды.

91 кг салмакта бишкектик Данияр Алымжанов менен кытайлык Мамати Зайнула баш байге үчүн мөрөй талашып, натыйжада Данияр жеңишти камсыз кылды.

Оор салмакта өзбекстандык эл аралык спорт чебери Умид Салаев бишкектик Максатбек Пазыловду утуп, Дүйшөнкул Шопоковду эскерүү мелдешинин баш байгесине татыктуу болду.

Дүйшөнкул Шопоковду эскерүү эл аралык мелдеши быйыл 35-ирет өткөрүлдү.











  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG