Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Укук коргоочулар: Ноокат окуясы - коркутуунун куралы


Ноокат окуясы боюнча айыпталгандардын соту. Ош, 2008-жылдын 26-ноябры
Ноокат окуясы боюнча айыпталгандардын соту. Ош, 2008-жылдын 26-ноябры

Ноокат окуясы элди коркутуп-үркүтүүнүн куралы болууда. Окуяны иликтөө үчүн Кыргызстандын Акыйкатчысынын алдында түзүлгөн укук коргоочулар комиссиясы ушундай жыйынтыкка келгенин бүгүн жарыя кылышты.

Кыргыз коомчулугунда Ноокат окуясы деген атка конгон чуулгандуу окуя өткөн жылдын 1-октябрында Орозо айт күнү Ош облусундагы Ноокат районунун борборунда болуп, анда жүздөн ашык адам кармалган. Тергөөдөн кийин 32си сот жообуна тартылып, алды 9, арты 20 жылдык түрмө жазасын алышкан.

Бул окуя кыргыз укук коргоочуларын гана эмес чет өлкөлүк укук коргоочулардын да бүйүрүн кызытып, Орусиядагы “Мемориал” укук коргоо борбору тергөө боюнча иликтөө жасап, тартип коргоо органдары тергөөнү адилетсиз жана күч колдонуу менен жүргүзгөн деген тыянакка келген. Ушундан уламбы “Мемориалдын” жетекчиси Виталий Пономарев комиссия иликтөө жыйынтыгын жарыя кылчу маалымат жыйынына келген жеринен Кыргызстанга киргизилбей “Манас” аэропортунан Москвага кайра кайтарылды.

Пономарев анын себеби тууралуу “Азаттыкка” буларды билдирди:

-Укуктук жактан эч кандай негиз жок, буга тартип коргоо органдарынын Ноокат окуясын тергөөдөгү мыйзамсыз аракеттерди ачыкка чыгарбоо далалаты негиз болду.

Ал эми Чегара кызматынын басма сөз кызматынын жетекчиси Үсөн Полотовдун айтымында, буга Улуттук коопсуздук комитетинин тыюу салуусу негиз берди:

- Себеби Улуттук коопсуздук комитети берген жолдомосунда бул кишиге Кыргызстанга кирүүсүнө беш жылга тыюу салынган деп жазылган экен.

Улуттук коопсуздук комитетинен болсо Виталий Пономаревго кирүүгө эмне үчүн тыюу салынган деген сурообузга жооп ала алган жокпуз.

Ал эми “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова жетектеген комиссия Ноокат окуясы карапайым элдин жүрөгүнүн үшүн алып, атайын коркутуу үчүн жасалган репрессиялык көрүнүш деген жыйынтыкка келген. Тартип коргоо органдары кыйноо, коркутуу жолу менен элдин аң-сезимин башка жакка буруу ыкмасын колдонгон жана мындай көрүнүш мындан ары көнүмүш ыкмага айланбашы үчүн Жогорку Сотко чейин кайрылып, ишти кайра тергетүү зарыл деген чечимге келген.

Ага түрткү болгон жагдайлар тууралуу Азиза Абдрасулова мындай дейт:

- Камалгандардын “Хизб-ут Тахрир” партиясынын мүчөсү экендиги тергөөдө аныкталган эмес. Алардын бул массалык окуяга катышы бар экендиги да далилденген эмес. Камалгандардын ичинен болгону 10 чакты адам гана ал жерде болгонбуз, бирок ал жакка палоо жегени, жылыга өткөрүлүп жүргөн майрамга барганбыз деп жатышат. Ошондуктан биздин жыйынтыгыбыз боюнча өтө катуу коркутуу жана кармалгандарды уруп-сабоо, кыйноо жолу менен гана сот жообуна тартууга чейин жеткиришкен. Бирок алардын бири дагы өзүнүн күнөөсүн мойнуна алып, таш ыргытып же акаарат келтирип кылмыш жасадым деген эмес.

Комиссиянын мүчөсү, “Жарандык коом жана демократия үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова тергөө аялдардын чачын, эркектердин сакалын кырып, электр тогу, муздак суу алдында тургузуп, ажыларга арак ичирген, балдардын согончогун ургулаган кыйноолор менен коштолгондугу жана соттолгондордун үй-бүлө, балдары менен жолугушууга уруксат берилбегендиги - башкы максат коркутуу экендигин айгинелеп турат деп, ага төмөнкү окуяны мисалга тартты:

- Соттолгон бир эненин 2,5,7 жаштагы жана 10-класста окуган төрт эркек баласы бар экен. Ал кайын ата, кайын энеси менен бирге турат экен. Алар пенсиядагы майыптар экен. Пенсия эле алышат экен жана социалдык жөлөкпул албайт экен. Алар менен энесинин жолугушуусуна уруксат беришпейт экен. Бир жолу эки жаштагы кичинекей баласын кайын энеси алып келип, 300 сом төлөп жолуктуруптур.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов укук коргоочулардын минтип добулбас кагышына эч кандай негиз жок, милиция Кыргызстандын коопсуздугуна коркунуч алып келген көрүнүштөргө каршы күрөшүү аракетин гана көрүп жатат деп, кинелерди четке какты:

- Укук коргоочулар оюна келгенди гана айтып жатышат. Азыр диний экстремизм баш көтөрүп, ага каршы күрөшүү боюнча чоң аракеттер бүт өлкө боюнча жүрүп жатат. “Хизб-ут Тахрирге” тиешелүү жана массалык башаламандык уюштурган адамдар кармалды. Алардын ушундай иштерди уюштурганга кандай акысы бар эле? Ошон үчүн булар коомдук тартипти бузганы жана кооптуу ураандарды көтөрүп чыкканы үчүн милиция тарабынан кармалган. Мыйзамдуулуктун сакталышына прокуратура көзөмөлдүк кылган жана чечимди сот чыгарган. Бул жерде милицияга күнөөнү жүктөгөнгө негиз жок. Анткени мамлекеттин коопсуздугу баарыбыз үчүн биринчи даражадагы маселе болуш керек. Андан кийин башка маселелерге көңүл бөлүш керек. Укук коргоочулардын мамлекеттин коопсуздугун биринчи даражага койбой жаткандары таң калыштуу.

Ал эми дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Канат Мырзахалилов дин жаатында тартипти күчөтүүгө акыркы кездеги диний кырдаал толук негиз берди деген пикирде:

- Диний кырдаал азыр өлкө боюнча татаал. Ар түрдүү экстремисттик багыттагы диний уюмдардын активдүү иш жүргүзүүсү, “Хизб-ут Тахрир” диний-экстремисттик партиясынын аракети, тоталитардык, сектанттык багыттагы диндердин иш жүргүзүүсү, бир динден экинчи динге тартуу процессинин күч алышы диний кырдаалдын курчушуна өбөлгө түзгөн. Коопсуздук кеңештин, дин иштери боюнча мекемелер аралык кеңештин чечиминин негизинде жергиликтүү бийлик органдары менен бирге диний уюмдардын ишин иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Укук коргоочулар комиссиясы иликтөөсүнүн жыйынтыгын Мамлекеттик катчы Нур уулу Досболго тапшырып, аны президентке жеткирүүнү өтүнүштү. Ага кандай жооп болору азырынча белгисиз. Бирок укук коргоочулардын баамында Ноокат окуясы Кыргызстанда алдыда болчу бир топ карама-каршылыктын башаты болчудай.

XS
SM
MD
LG