Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:02

Кыргызстандын сууда сүзүү федерациясына Израил атуулу жетекчи болду


Кыргызстанда 13 сууда сүзүү бассейини болгону менен жылытуу кымбат тургандыктан учурда беш-алтоо гана иштеп жатат. Алар дагы эл аралык талаптарга жооп бербейт.

Учурда Бишкектеги “Дельфин” бассейинде сууда сүзүү боюнча өлкө чемпионаты өтүүдө. Мында кыздар арасында эркин ыкмада сүзүүдө “Жаштык” спорт клубунун өкүлү Валентина Нагорная 50 жана 400 метрге жарышта марага озуп келди.

200 метрге чалка чабак урууда карабалталык Айкануш Баданян баш байгенин ээси болду. 200 метрге баттерфлей ыкмасында сууда сүзүүдө бишкектик Екатерина Лысенко өлкө чемпиону аталды.

Ал эми уландардын арасындагы сууда сүзүү жарыштарында бишкектиктер Александр Слепченко, Григорий Мальцев жана Виталий Худяков 2009-жылдагы Кыргызстандын чемпиондору деп таанылды.

Чоңдор арасындагы сууда сүзүү мөрөй талашууларында олимпиадалык даярдоо борборунун өкүлдөрү, Бээжин олимпиадасынын катышуучулары, эл аралык спорт чеберлери Юрий Захаров менен Василий Данилов чеберчиликтерин айгинелеп, өлкө чемпиондугун атаандаштарына алдыган жок.

Мына ушундай мөрөй алган жаштардын, улан-кыздардын катарында элеттик суучулдардын жоктугу спорт адистерин да ойго салууда. Өлкө аймагында канча бассейин иштейт? Бассейинге түшүп, машыгуунун наркы канча турат? Мында ушундай суроолорго адистерден жооп алууга аракет кылдык.

Өлкөнүн сууда сүзүу федерациясынын башкы катчысы Тамара Петрошеванын айтымында Алатоо аймагында Ош, Чолпон-Ата жана Кара-Балта шаарларында гана бассейин болгону менен алар кышкысын иштебейт.

-Кышкысын сууну жылытуу кымбатка тургандыктан көпчүлүк бассейиндер иштебейт. Кыргызстанда болгону 13 бассейин бар. Алардын дээрлик баардыгы 25 метрлик кичинекей бассейиндер болуп саналат. Эл аралык талаптарга ылайык 50 метрлик үч бассейин болгону менен үчөө тең иштебей турат. Ал эми өлкө боюнча сууда сүзүү ыкмаларын үйрөтүүчү 25 машыктыруучу болсо, анын үчөө Ош шаарында эмгектенет. Кыргызстандын тандалма командасынын катарында 12 спортчу бар.

Өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси Касымкул Оболбековдун пикиринде кеңеш доорунан бери сууда сүзүү спортунда бир дагы кыргыз машыктыруучу болуп иштеген эмес.

-Мындан сырткары кыргыз улан-кыздары дагы бул спортко анча маани бербей келишкен. Анын башкы себеби Ала-Тоо аймагында, облустарда, райондордогу бассейиндердин жоктугу.

Мына ушундай эле пикирди Дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Алмаз Касенов дагы бекемдеп, өлкөдө олимпиадалык талапка ылайыктуу бир дагы бассейн жоктугун, сууда сүзүү ийримине төлөө акылары өтө жогору экенин “Азаттыкка” билдирди.

Бишкектеги 7-кичи райондун аймагындагы “ДСК” спорт комплексин, бассейини менен президенттин чарба башкармачылыгы алып койгондон бери карапайым калк үчүн бул жерде сууда сүзүү түшкө да кирбей калды.

Сууда 100 метрден 1500 метрге чейинки аралыктарга сүзүп жарышуу мелдештери өткөрүлүп турат. Сууда сүзүүнүн кулач уруп эркин сүзүү, брасс, баттерфляй, чалкасынан сүзүү жана башка ыкмалары бар.

Сууда сүзүүгө балдарды үйрөтүүнү 5 жаштан баштоо керектигин адистер айтып, кеңеш берип жүрүшөт. Ал эми өспүрүмдөргө 9 жаштан баштап мелдештерге катышууга уруксат берилет.

Бишкектеги бассейиндерде машыгуунун бир айлык акысы 500 сомдон 2 миң сомго чейин болгондуктан айрым ата-энелер балдарын бул спортко берүүгө шама-шаркы да жетпейт. Бишкектин тургуну Алмазбек Кудайбергеновдун айтымында кызы Айжаны “Карвен” бассейине машыктыруу үчүн айына 1 миң 500 сом төлөө оордук кылууда.

Элеттиктерди сууда сүзүү спортуна тартуу үчүн облус, район борборлоруна жеке ишкерлер бассейин куруп, аларга салыктан жеңилдик берүү зарыл.

Мындан дагы кызыгы жакында эле өлкөнүн сууда сүзүү федерациясына Израиль өлкөсүнүн атуулу, ишкер Гавриэл Фананонун президент болуп шайланышы болду. Ал Кожомкул атындагы спорт ордосундагы 50 метрлик бассейинде эл аралык талаптарга ылайык ремонттоп, жаңыртып берем, деп убада берүүдө. Анын аткарылышын дагы мезгил көрсөтөөр...

Федерациянын андан мурдакы жетекчиси, “Карвен” спорт клуб ээси Генрих Балян да акырындык менен четке чыга берди.

Кыргызстандын сууда сүзүү спортунун тарыхына кылчайсак эл аралык спорт чебери Ахмед Анарбаев жеткен бийиктикке бир дагы суучул жете элек.

Суучулдардан биринчи олимпиадалык оюндарга 1968- жылы Мехикодо Ахмед Анарбаев катышкан. Ал Европа Кубогунун жана Европа чемпионатынын жеңүүчүсү.

Бүткүл дүйнөлүк студенттердин Универсиадада оюндарында эки күмүш медаль менен сыйланган.

Эгемендүү өлкө болгону Константин Андрюшин, Константин Пряхин, Сергей Ашихмин, Евгений Петрашев Атланта, Сидней, Афина олимпиадаларына катышканы менен байгелүү орундарга жеткен эмес.

Ошондой эле Сидней олимпиадасында Кыргызстандын атынан бир нече орусиялык легионер спортчу катышканы менен алар деле ийгилик жарата алган эмес.

Ал эми Бээжин олимпиадасына катышкан кыргызстандык суучулдар, Азия чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү, эл аралык спорт чеберлери Юрий Захаров менен Василий Данилов алдыңкылар сабына кошула албады.

Сууда сүзүү байыртадан эле белгилүү, казууларда кроль жана брасска окшош ыкма менен сүзгөн адамдардын б.з.ч. 4-миң жылдыкка таандык сүрөттөрү табылган. Бул байыркы Грекияда, айрыкча Анфедон шаарында жана Делас аралында чоң мааниге ээ болгон.

Сууда сүзүү боюнча алгачкы спорттук мелдеш 1515-жылы Венецияда, 1-эл аралык спорттук мелдеш 1889-жылы Будапештте уюштурулган.

Сууда сүзүүнү сүйүүчүлөрдүн эл аралык федерациясы 1908-жылы негизделген.

1896-жылы Афинада сууда сүзүү спорту Олимпиада оюндарынын программасына кирген.

1926-жылдан Европанын, 1973-жылдан дүйнөнүн биринчилиги өткөрүлүп келатат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG