Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:52

Жогорку Кеңештин депутаты О.Назаров кесипкөй боксту өнүктүрүүгө кызыкдар. Бирок спорт ышкыбоздорунун көбү байгесине кызыгып кесипкөйлүк таймашууга өтүп кетип жатышканына нааразы болгондор да бар.

Өлкөнүн профессионалдык бокс федерациясынын демилгеси менен 12-апрелде Бишкектеги «Стронг» спорт борборунда кесипкөйлөрдүн 8 беттешүүсү өткөрүлдү.

Мурда спорт ышкыбоздору боюнча өлкөнүн намысын коргоп жүргөн мушкерлердин көбү кесипкөйлүк тарапка өтүп, байгесине кызыгып, тагдырын тобокелге байлоодо.

Бокс боюнча өлкөнүн башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотовдун пикиринде спорт ышкыбоздорунда сыналып, бокстун сырын билип, эл аралык рингде таанылып, жетилген мушкерлер гана кесипкөй бокс тармагына өтсө жарашат. Болбосо кабыргасы ката элек жаш жигиттер байгесине кызыгып, майып болуш калуусу да ыктымал.

-Кесипкөй бокс жеңил-желпи таймашуу эмес. Бул тагдырын тобокелге байлоо дегендик. Ошондуктан биздин уруксаатыбызсыз бир дагы спорт ышкыбозу кесипкөйлүккө өтпөйт. Эскерте кетүүчү жагдай, эл аралык эрежелерге ылайык спорт ышкыбоздору кесипкөйлүк тармакка өтүп кеткен учурда кайра ышкыбоздор арасындагы мелдештерге, Азия, дүйнө чемпионаттарына катыша албайт.

Жогорку Кеңештин депутаты, профессионалдык бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаровдун маалымдаганына караганда каруу-күчкө толуп, жетилген куракка келгенде ышкыбоздор арасындагы боксчулар рингден четте калып калууда. Ошондуктан профессионалык бокска жол ачууга, эл аралык мелдештерге катышууга мезгил эбак жеткен.

-Казакстан, Өзбекстан, Орусиядагы мелдештерге катыштырып, профессионал мушкер деген сертификат алгандан кийин гана Азиялык, дүйнөлүк таймашууларга жиберебиз.-дейт Орзубек Назаров.

Буга АКШда «Kid Diamond» аталып жүргөн Алмазбек Раимкуловдун тагдыры эле мисал. Профессионалдык бокстун шартын, келишимдерин жакшы билбегендиктен Алмазбек Раимкулов ыңгайлуу учурларын колдон чыгарып, 30 беттешүүдө 27син жеңип алганы менен дүйнө чемпиону үчүн атаандашка чыга албай жүрөт.

Себеби учурда өлкөдө профессионалдык бокска өтүп, өзүн сынап көрүүнү каалагандар арбын болгону менен алардын башын кошкон уюм болгон эмес.

Айрым жигиттерди Өзбекстан, Казакстанда өткөн профессионалдык таймашууга салган жеке спорт клубдар өз кызыкчылыктарын гана көздөп, ири өлчөмдөгү байгелерди өздөрүнө ыйгарып алышкан учурлар кездешкен. Алар көз жумдуулук менен кесипкөй бокстун талаптарын аткарбай, жигиттердин укугу чектелип же ден соолугуна залал келтирген жагдайлар да болгонун адистер айтып жүрүшөт.

Бокс күйөрманы, «Таза коом» партиясынын теңтөрагасы Табылды Акеровдун айтымында өкмөт жигиттерге спорт менен жан багууга шарт түзүп бералбагандыктан профессионалдык бокстан сындан өткөрүп, өздөрү каражат табууга тоскоол болбош керек.

Ал эми Бишкекте өткөн кесипкөй мушкерлердин таймашына Казакстандан Аскар Накипбаев гана катышты. Ал 72 кг 600 грамм салмакта мурда спорт ышкыбоздор арасында Кыргызстандын көп жолку чемпиону болгон 26 жаштагы Давран Хабиров менен күч сынашып, Даврандан жеңилүү ызасын тартты.

Жеңил салмакта бишкектик Азимбек Кулмаматовдун кесипкөйлүк таймаштагы алгачкы утушу болду.
61 кг салмактагы эки беттешүүлөрдө бишкектик Улан Кулчиев менен Руслан Жанбулатов жеңишке жетишти.

Ошондой эле 63,5 кг салмакта кесиптөйлүк рингде Айбек Жээнбеков менен Эрлан Исмаилов аттандаштарын утуп, спорттогу тагдырын ушул багытка биротоло арнаганын айгинеледи.

Бокс боюнча спорт чебери, спорт ышкыбоздору боюнча өлкө чемпиону Айбек Жээнбеков алдыда дагы таймашуулар турганын, өлкө намысы үчүн күч сынашууга даяр экенин «Азаттыкка» билдирди.

Эми 17-апрелде Казакстанда өтө турган профессионалдык бокс мелдешине Давран Хабиров баштаган жигиттер барып, өлкө намысын коргойт.

Бокс күйөрмандарына маалым, шериктеш өлкөлөрдөн Казакстан, Өзбекстан, Украина, Орусия профессионалдык бокс тармагын жолго коюп алгандыктан айрым жигиттердин багы ачылды. Казакстандык, олимпиада, дүйнө чемпиону Василий Жиров жана Марат Мазимбаевди, өзбекстандык Руслан Чагаевди, орусиялык Костантин Цзю, Николай Валуевди жана украиналык бир туугандар Кличколорду билбеген спорт күйөрманы жокко эсе.

Учурунда Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан Орзубек Назаров, Алмазбек Райымкуловдой өз бактысын эми кесипкөй бокста сынап көрүүнү каалагандар арбын. Бирок тобокелге баш байлаган алардын кимисинин жылдызы жанып, ийгиликтерге жетээрин алдыдагы мелдештер көрсөтөөр...
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG