Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:50

Ташкенден беш коло байге алган кыргыз балбандары


Ташкенге кыргыз балбандарын баштап баргандардын бири, Бээжин олимпиадасынын коло байгесинин ээси Руслан Түмөнбаев учурда Данияда өтчү дүйнө чемпионатына камынууда.
Ташкенге кыргыз балбандарын баштап баргандардын бири, Бээжин олимпиадасынын коло байгесинин ээси Руслан Түмөнбаев учурда Данияда өтчү дүйнө чемпионатына камынууда.

Ташкентте грек-рим күрөшүнөн Өзбекстандын президентинин Кубогу турниринде 13 өлкөнүн балбандары күч сынашты. Мында кыргызстандык жаш балбандар 5 коло байге утуп, сындан өтүштү.

Грек-рим күрөшү боюнча Өзбекстандын президентинин Кубогу эл аралык Гран-при мелдешинде спорттук держава аталган 13 өлкө: Кытай, Жапония, Орусия, Украина, Белоруссия, Иран, Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын балбандары күч сынашты.

Мөрөй талашууга жигиттерди Кыргызстандын башкы машыктыруучусу, өлкөгө эмгек сиңирген устат Эмил Алыкулов, Бээжин олимпиадасынын күмүш жана коло байге ээлери Канатбек Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев баштап барды. Бирок алар бул мелдеште күрөшкөн жок. Жигиттерге кеп-кеңешин айтып, дем-күч берип турушту.

Олимпиада, дүйнө чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү жана Европа чемпиону менен таймашууда жаштар арасында 55 кг. салмакта дүйнө чемпиону Каныбек Жолчубеков үчүнчү орунду ээлеп, коло медаль тагынды.

Ошондой эле уландар арасында дүйнө биринчилигинин коло байге ээси Азиз Бейшалиев Гран-при мелдешинин коло медалын утуп, жаштыгына карабай, чоң балбандар менен кармашты.

Ташкендеги мелдеш курч мүнөздө өтүп, мыкты балбандар келишкенин Азиз Бейшалиев “Азаттыкка” мындайча билдирди.

-Турнирге Европа жана Азиянын күчтүү балбандары катышып, курч мүнөздө өттү. Мен алгач казак балбанын уттум. Андан кийин өзбек атаандашымды жеңдим. Жарым финалда азербайжандык жигитке алдырып койдум. Бирок үчүнчү орун үчүн таймашууда өзбекстандык балбанды утуп, коло байгелүү болдум. Балбандардын даярдыгы жакшы экен.

Ташкенде 74 кг. салмакта үчүнчү орунду ээлеп, коло байгелүү болгон Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Асылбек Бөдөшев да адистердин көңүлүн бурду.

Ал эми 84 кг. салмакта бел кур күрөшүнөн дүйнөнүн эки жолку чемпиону, жаштар арасында грек-рим күрөшүнөн Азия чемпиону Куралбек Ордобаев да жарым финалга чейин жетип, үчүнчү орунду камсыз кылды.

2005-жылы Азия чемпионатында коло медаль уткан 96 кг. салмактагы Азат Эркинбаев өлкөнүн намысын татыктуу коргоп, ал дагы коло медаль тагынды.

Бээжин Олимпиадасынын коло медаль ээси, Азия чемпиону Руслан Түмөнбаевдин иниси, өлкө чемпиону Айбек Түмөнбаев үчүнчү орун үчүн күрөштө аз упайга алдырып, бешинчи болуп калды.

Өлкөнүн грек-рим күрөш федерациясынын вице-президенти Алмаз Касеновдун пикиринде, жаш болсо да үмүт жандырган балбандар Магомед Мутаев (74 кг.), Азат Бейшебеков (84 кг.) жана Мурат Рамонов үчүн Ташкендеги Гран-при турнири такшалуунун мектеби болуп, алар үчүнчү орунга чыгуу күрөшүндө алдырып, бешинчи болуп калышты.

Өлкөнүн грек-рим күрөшү боюнча башкы машыктыруучусу, Кыргызстанга эмгек сиңирген устат Эмил Алыкуловдун айтымында, бул Ташкендеги Гран-при турнири жаңы эреже менен өткөрүлдү.

- Ошондуктан жаш балбандарды сындан өткөрүп, Азия чемпионатына да жаштарды катыштырып, 2012-жылкы Лондон олимпиадасына азыртан даярдык көрө баштадык. Жаш балбандарга дем-күч, кубат берип, рухун бийик көтөрүп үлгү болсун деп атайын Канатбек Бегалиев менен Руслан Түмөнбаевдин да Ташкенге ээрчите барганбыз. Болочок атаандаштарын да байкап, күрөштү көрсүн дедик. Бул ирет жалаң жаш балбандарды сындан өткөрдүк. Көз тийбесин көңүл толуп, үмүт акталды. Эми 29-апрелде Тайланд өлкөсүнүн Патай шаарында грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатына жөнөп жатабыз. Азия таймашына дагы жалаң жаш балбандарды алып барып, дагы сынап көрөлү деп турабыз. Учурда Кантта машыгуу өткөрүүдөбүз.

Себеби Ташкендеги мөрөй талашууда кыргызстандык жаш жигиттер Кытай, Жапония, Орусия, Украина, Белоруссия, Иран, Түркия, Азербайжан, Казакстандын тандалган балбандары менен күч сынашып, алардан кем эместигин көрсөтүштү. Күрөш адистери эми алар Азия чемпионатынан да куру кол келбей, мөрөй алып, жеңиш менен келээрине ишеним артып турушат.

Бээжин Олимпиадасынын коло медаль ээси, Азия чемпиону Руслан Түмөнбаевдин айтымында, ал дагы 2012-жылы Лондондо боло турган олимпиадага азыртан даярдык көрүп, күзүндө Данияда өтчү дүйнө чемпионатына камынууда.

- Алдыда 2012-жылы Лондондо боло турган олимпиадалык оюндар турат. Ага чейин Гуанжодо 2010-жылы 16-Азия оюндары болмокчу. Дагы дүйнө, Азия чемпионаттарынын таймашууларынан ийгиликтүү өтсөм гана Лондондо күч сынашып көрөм. Ал үчүн азыртан даярдык көрүп, камына баштадым.

Ошондой эле грек-рим күрөшүнөн биринчи номур болуп, өздөрүн күзүндө Данияда боло турган дүйнө чемпионатына даярдап турушкан белгилүү балбандар Канатбек Бегалиев, Руслан Түмөнбаев, Данияр Көбөнов, Жанарбек Кенжеев бул ирет жаштарга кезек берип, Тайландда өтө турган Азия чемпионатына барышпайт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG