Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:55

2008-жылдын мыкты спортчу, машыктыруучуларына сый-урмат көрсөтүлдү


Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов менен олимпиадалык чемпион Канатбек Бегалиев.
Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов менен олимпиадалык чемпион Канатбек Бегалиев.

28-апрелде Кожомкул спорт ордосунда былтыркы жылдын мыкты спортчулары, устаттарына, журналисттерге урмат-сый көрсөтүү 4 айы кечигип болсо да өткөрүлдү.

Былтыркы жылдын эң негизги жана маанилүү мелдеши - Бээжинде олимпиадалык оюндары болуп, мында кыргызстандык эки балбан Канатбек Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев грек-рим күрөшүнөн күмүш жана коло медалдын ээлери болушкан.

Бээжин олимпиадасында калыстардын айынан Канатбек Бегалиев олимпиадалык алтын байгеден куру калып, күмүш медаль тагынып келди. Эми алдыдагы максаттары тууралуу Азия чемпиону, дүйнө чемпионатынын жана олимпиаданын күмүш байге ээси, өткөн жылдын мыкты спортчусу Канатбек Бегалиев мындай деди:

- Мен өзүмдүн алдыма койгон максаттарыма жеттим. Олимпиадада атаандашым французга калыстар тартып койгонун жалпы эл, спорт күйөрмандары көрдү. Ошондуктан Лондон олимпиадасында алтын медаль үчүн күрөшүшүм керек деген максатым бар. Калыстардын айынан колдон чыккан намысты кайрып алаар күн алыс эмес. Эми күзүндө Данияда боло турган дүйнө чемпионатына даярдык көрүп жатам.

Былтыркы Бээжиндеги олимпиадалык таймашууда грек-рим күрөшүнөн байгелүү үчүнчү орунду ээлеген балбан, өткөн жылдын мыктысы аталган Руслан Түмөнбаевдин айтымында, алдыда дагы дүйнөлүк, Азиялык чемпионаттар жана Лондон олимпиадасы турат.

Өткөн жылдын мыкты спортчусу деп оор атлетика боюнча Азия чемпионатында алтын медаль уткан Улан Молдодосов да аталып, сый-урмат татыды.

Азиянын көп жолку чемпиону Татьяна Ефименко 8 жыл мурда Пусанда 14-Азия оюндарында чемпион аталса, былтыр Азиянын бешинчи ирет чемпиону болгону менен Бээжинде күйөрмандардын үмүтүн актай албады. Бирок ал дагы мыкты спортчу аталды.

Кыргыз спорт тарыхында төрт ирет удаасы менен Азия оюндарында мөрөй алган, Азия чемпиону велоспортчу Евгений Ваккерди былтыркы жылдын мыкты спортчусу деп аталды. Бирок ал учурда Малайзияда эл аралык мелдешке катышып жаткандыктан сыйлыгын устаты Эркин Акрамов алды.

Жылдын 10 мыкты спортчусунун катарына былтыр жаштар арасында грек-рим күрөшүнөн Азия жана дүйнө чемпионаттарында алтын медаль уткан Калыбек Жолчубеков да кошулду.

Ошондой эле 2008-жылы Азия чемпионаттарында мөрөй алышкан балбандар Алексей Ялома, Арсен Эралиев, Базар Базаргуриев жылдын мыкты спортчулары аталды.

Өткөн жылдын эң мыкты башкы машыктыруучусу деген сыйга өлкөнүн грек-рим күрөшү боюнча башкы устаты Эмил Алыкулов татыктуу болду. Ушундай сыйлык дагы жоопкерчиликтүү иштеп, Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга милдеттендирээрин өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Эмил Алыкулов “Азаттыкка” билдирди.

2008-жылдын мыкты машыктыруучулары деген сый-урматка Мейрамбек Ахметов, Раатбек Мамбетов, Амиркул Молдобаев,Анарбек Үсөнканов, Үсөнкан Майназаров, Валерий Фуфачев, Петр Ялома, Камчыбек Касымов жана Игорь Паклин татыктуу болушту.

Былтыр бел кур күрөшү боюнча Африкада өткөн дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбандар 4 алтын байгелүү болуп, кыргыз өңүн дүйнөгө тааныткан. Дүйнө чемпиондору Куралбек Ордобаев, Нияз Курманкулов, Азат Эркинбаев жана Асылбек Бөдөшевди жылдызы жанган 2008- жылдын мыктылары деп аталып, сыйлык алышты.

Мындан сырткары олимпиадалык түргө кирбеген самбодон Арапбай уулу Түгөлбай, таэквондочу Самат Шаршенов, улуттук оюндардан ордочулар Мирлан Кудайбергенов менен Кыяз Сейталиев өткөн жылдын мыкты спортчулары аталды.

АКШда өткөн 15-атайын кышкы олимпиаданын коньки жарыштарынын жеңүүчүлөрү Жазгүл Жакшылык кызы, Адилет Султаналиев жана Светлана Оленбергер менен Давид Венгелевскийге өкмөт тарабынан 145 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды.

Жылдын жыйынтыгы калыстык менен чечилбей беш жолку параолимпиаданын катышуучусу, майып спортчу Роман Өмүрбековдун аракети- мээнети бааланбай калганын анын устаты, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Аднан Жарбарлиев “Азаттыкка” айтып, нааразы пикирин билдирди.

Спортту жазып, чагылдырып жүргөн бир нече журналисттерге да Ардак грамота, эстелик сыйлыктар тапшырылды.

Өткөн 2008-жылы кыргыз спортун өнүктүрүүгө өлкө казынасынан 160 млн. сом жумшалган. Бул сумма чет өлкөлөрдө он чакты спортчунун бир жылдык машыгуусуна коройт. Кыргызстанда болсо бул каражат миңдеген спортчуларга жетиши абзел. Эгер кыргыз спортчулары Лондон олимпиадасында ийгилик жаратсын десек, келээрки жылдан тарта дене тарбияга жетиштүү каражат бөлүнүп, спортчуларга шарт түзүү зарыл шекилдүү.

Быйыл жайында Сингапурда жаштар арасында Азия оюндары, Бангкокто чыгыш өнөрлөрү боюнча Азия оюндары, Вьетнамда жабык имараттардагы Азия оюндары, Сербияда бүткүл дүйнөлүк суденттердин универсиада мелдештери болмокчу.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG