Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:42

4-май бүткүл дүйнөлүк жеңил атлетика күнү Бишкекте жеңил атлетика мелдештерине төрт жүзгө жакын спортчу катышты. Соңку жылдары жеңил атлетикага кызыгуу кайра жанданып, облустарда спорттук ийримдер, мектептер иштей баштады.

Бүткүл дүйнөлүк жеңил атлетика күнүнө карата өлкөнүн беш облусунун жана Бишкек шаарынын спортчулары чуркоо, узундукка, бийиктикке секирүү, найза, диск ыргытуу жана башка түрлөрү боюнча мелдешти.

Узундукка секирүүдө жигиттерден карабалталык Александр Конопелько, кыздардан бишкектик Альбина Петрова биринчи орунду ээледи.

Найза ыргытууда бишкектик Дмитрий Назаров айырмаланды. Анын ыргыткан найзасы 58 мерт 10 сантиметр аралыкка жетти.

100 метрге жарышта кыздардан бишкектик Ксения Кадкина, жигиттерден казакстандык Ринат Галлиев марага биринчи келишти.
100 метрге тоскоолдуктар аркылуу жарышта кыздардан бишкектик Дарья Куплина жеңишке жетишти.

400 метр аралыкка чуркоодо бишкектиктер Дмитрий Педан менен Алена Коваль баш байгенин ээси болушту.

1500 метр аралыкка жарышта бишкектик Кубанычбек Ибраев атаандаштарынан алдыга озуп келди. Кыз-келиндердин ушул аралыкта мөрөй талашуусунда Кыргыз дене тарбия академиясынын студенти Мария Коробицкая биринчи орунду камсыз кылды.

5000 метрге жарыштын баш байгесин караколдук Александр Мох утуп алды.

Өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы, жеңил атлетика федерациясынын жетекчиси Канат Аманкуловдун айтымында улут ден соолугун чыңдоо үчүн спортко, айрыкча чуркоого көңүл буруу зарыл.

Себеби жергиликтүү калктын өкүлдөрү күрөшкө басым жасап, ден соолуктун булагы болгон жеңил атлетикага маани беришпейт.

-Кыргыз жигит-кыздары жеңил атлетика менен ден соолугун чыңдоо үчүн машыгып, эл аралык аренада Сатымкул агайдай кыргыз өңүн таанытууга эбак убакыт жеткенине маани бербей жүргөнү өкүндүрөт. Жеңил атлетиканын аркасы жашоо-шартын оңдоп алууга кыргыздар чыгынбай, жалкоолонуп же "жөн эле" маани бербей, баалабай жүргөнү ойго салат. Биздегидей тоодо, таза абада, же Ысыккөлдө машыкса, дүйнөлүк рекорддорду жаңыртууга негиз бермек.

Жеңил атлетиканы өнүктүрүү үчүн айылдык таланттарды таптоого машыктыруучуларга шарт түзүп, каражат жагынан колдоо керектигин Талас шаардык балдар спорт мектебинин устаты Керимбек Өмүралиев «Азаттыкка» билдирди.

Жалал-Абад шаардык балбар спорт мектебинин жетекчиси Асылбек Таштанбековдун пикиринде Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан олимпиаданын коло байге ээси, жөө күлүк маркум Сатымкул Жуманазаровдой жигиттерди такшалдыруу үчүн ушундай эл аралык мелдештер көп болуп, өкмөттүк деңгээлде жеңил атлетикага колдоо зарыл.

800 метрге жарышта марага озуп келип, алтын медаль тагынган жалалабаттык Тилек Өмүралиев күзүндө Вьетнам өлкөсүндө өтө турган Азия биринчилигине даярдык көрөөрүн «Азаттыкка» маалымдады.

Өлкөнүн жеңил атлетика спортунун тарыхына кайрылсак, кыргызстандык спортчулар Татьяна Колпакова, Николай Чернецкий, Мария Кулчунова олимпиада чемпиону аталганын, Сатымкул Жуманазаров марафондук жарышта Москва олимпиадасында коло байгелүү болгонун эске алсак, өлкөдө бул спорту өнүктүрүүгө негиз бар.

Себеби алардын жолун жолдогон Игорь Паклин бийиктикке секирүүдө 2 метр 41 см көрсөткүчү менен эл аралык аренада таанылган. Анын шакирти Татьяна Ефименко бийиктикке секирүүдө Азиянын чемпиондугун беш ирет жеңип алууга жетишти.

Ошондой эле 14-Азия оюндарында жеңил атлетика боюнча кыргызстандык жөө күлүк Татьяна Борисова менен бийиктикке секирүүдө Татьяна Ефименко алтын медалдын ээси болуп, жаштарга үлгү болушту.

Бирок алардын катарында төбөсү көрүнгөн жергиликтүү калктын өкүлдөрү жоктугу адистерди да ойго салып келет.

Бүткүл дүйнөлүк жеңил атлетика күнүндө өткөн мелдештер дагы жаштардын жеңил атлетикага кызыгуусуна себепкер болуп, үмүт отун жандырды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG