Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:17

Генерал Панфиловдун элесине арналган эл аралык мелдеш


10-майда Жеңиш майрамына карата генерал Иван Панфиловдун жаркын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. Быйыл бул турнир кырк тогузунчу ирет өткөрүлдү.

10- майда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда генерал Иван Панфиловдун жаркын элесине арналган мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды.

Мөрөй талашууга Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын эки жүздөй балбаны катышты.

Жеңил салмакта бишкектик Маскат Шамбетов баш байгенин ээси болду.

55 кг салмактагы финалдык беттешүүдө казакстандык Марат Гарыновду бишкектик Эркин Молдобаев утуп алды.

60 кг салмакта Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын балбаны Артур Савицкий жеңүүчү деп таанылды.

Алматы шаарынын грек-рим күрөшүнөн башкы машыктыруучусу Авкин Боромбаевдин пикиринде мелдешке ар жыл сайын жаш балбандарды алып келип,сындан өткөрүп турат.

66 кг салмактын баш байгеси үчүн алматылык Куват Хамитов менен таластык Фархад Өмүрзаков күч сынашып, Фархад жеңишке жетишти.

Генерал Иван Панфиловду эскерүү эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү Фархад Өмүрзаковдун айтымында мөрөй талашуулар курч мүнөздө өтүп, өлкөнүн спорт чебери деген наамга арзыды.

Калган төрт салмакта кыргызстандык балбандар намысты алдырбай, жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү. Алардын ысымдарын атай кетсек Георгий Ивлиев, Георгий Ивлиев, Бекзат Малаканов, Ильдар Нигматулин жана Канат Ибраимкулов генерал Иван Панфиловду эскерүү мелдешинин жеңүүчүлөрү аталып, баалуу сыйлыктардын ээси болушту.

Спорт чебери, күрөш күйөрманы Алмаз Акуновдун айтымында жылдан жылга бул мелдештин уюштуруу деңгээли начарлап, командалардын катары суюлуп баратат. Балбандардын мекенчил сезимин ойготуу үчүн жок дегенде Улуу ата мекендик согуштун бир ардагерин чакырып, 28- баатыр панфиловчу тууралуу маалымат берип койсо дурус болмок.

- Олимпиадалык оюндарга 4-5 жыл үзбөй даярдык көрүү зарыл. Бээжин олимпиадасы Кыргыз спортунун ал- абалын таразалап койгон. Эл аралык чоң мелдештерге баруу менен гана чеберчилик жогорулайт. Эгерде биздин жаштарга жакшы шарт түзүлсө ийгиликтерге жетүүгө болоорун мелдештер көрсөттү. Кыргыз жаштарын патриоттуулукка үгүттөө максатында көп мелдеш уюштуруу зарыл. Баатыр -панфиловчуларды эскерген бир дагы ардагер чакырылган жок. Өлкөдө спорткө көңүл бурулса, жаштардын келечеги болот. Бирок бул мелдештин уюштуруу деңгээли өтө төмөн болду.

9-Май майрамында Бишкектеги «Аккула» ат майданында спорттун улуттук түрлөрү жана ат оюндары боюнча мелдештер өткөрүү да салтка айланган. Бирок быйылкы тилекке каршы көкбөрү мелдештери өткөрүлгөн жок.

Улуттук оюндардын күйөрманы Алмаз Кудайбергенов жыл өткөн сайын көкбөрү баштаган ат оюндары 1-9-Май майрамдарында өткөрүлбөй, элдин майрамдык маанайы жоголуп, нааразы болуп турганын “Азаттыкка” билдирди.

Ошондой эле 9- майда Бишкектеги “Спартак” стадионунда Улуу ата мекендик согуштун баатыры Самат Садыковдун жаркын элесине арналган эл аралык лейлек күрөшү да өткөрүлдү. Балбандардын күч сынашуусуна 300дөн ашуун жигиттер катышты.

Генерал-майор Иван Панфилов 1938-жылдан 1941-жылга чейин Кыргызстандын аскер комиссары болуп кызмат өтөгөн. Улуу ата мекендик согуш башталганда кыргызстандык жана казакстандык жарандардан 316-аткычтар дивизиясын уюштуруп, жетекчилик кылган.
1941-жылы Москвага жакын жердеги Дубосеково жолунда баскынчылардын танкаларын талкалап, душмандардын чабуулунун мизин кайтарып курман болгон 28-баатыр-панфиловчунун эрдиктери унутулбай эскерилип келүүдө.

Иван Панфилов 1941-жылдын 18- ноябрында Волоколамскийде мина жарылууда курман болгон.

Улуу ата мекендик согуштун баатыры Иван Панфиловду эскерүү эл аралык мелдешинде учурунда дүйнөгө таанымал балбандар Даулет Турлуханов, Юрий Мельниченко, Раатбек Санатбаев, Уран Калилов, Канатбек Бегалиев, Руслан Түмөнбаев жана башкалар күрөшүп, мөрөй алышкан.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG