Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:29

М.Сариев: Таймаш К.Бакиев менен А.Атамбаевдин ортосунда болот


17-июнда Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы талапкерди каттоодон өткөрдү. 18-июндан тарта шайлоонун үгүт жүргүзүү мөөнөтү башталат. Шайлоого катышып жаткан талапкерлер жана бул жолку саясий өнөктүктүн өзгөчөлүктөрү тууралуу саясат талдоочу Марс Сариев «Азаттыкка» кеп салып берди.

- Марс мырза, бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы алтынчы талапкер кылып Нурлан Мотуевди каттады. Ошондо алфавит менен айтканда А.Атамбаев, К.Бакиев, Н.Мотуев, Ж.Назаралиев, Т.Сариев жана Т.Үмөталиева болуп – алты талапкер 23-июлдагы президенттик шайлоого катышканы калды. Сиз бул талапкерлер жана алардын ортосунда боло турган таймаш тууралуу эмне айта аласыз?
Саясат талдоочу Марс Сариев

-Менимче, таймаш эки эле кишинин - Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаевдин ортосунда болот. Башка талапкерлердин мүмкүнчүлүктөрү азыраак. Мүмкүн Темир Сариев өзүнүн талапкерлигин алып салып, Алмазбек Атамбаевге добушун берип, анын пайдасына жарыштан чыгышы мүмкүн. А башкалардын мүмкүнчүлүгү иш жүзүндө жок, болсо да өтө аз.

- Анан ошол эле учурда Курманбек Бакиев президенттик кызматтын аркасы менен республиканын жарымын кыдырып койду, үгүт иштери болсо эртең гана башталганы турат. Ушул шарттан алганда, айрым кишилердин Конституциялык Сотко кайрылып атканын сиз туура деп эсептейсизби? Негиз барбы ушуга?

- Мен ойлойм, негиз бар. Талапкер болгон соң (К. Бакиев) чын эле мыйзамдын алкагында аракеттениш керек эле, бирок кыйыр үгүт болуп атат да көбүн эсе бул кишинин пайдасына. Мен ойлойм - шайлоодо түндүк облсутарында Социал-демократтардын лидери А.Атамбаевге көп добуш берилет. Социал-демократтар ушуну аябай изилдеп, текшерип турашат. Чатактын баары шайлоо бүткөндөн кийин башталат деп ойлойм, бурмаланган фактылардын баары ачылат.

- Социал-демократтар партиясы талапкер Алмазбек Атамбаевдин жактоочуларына, анын жер-жерлердеги штабдарына катуу тоскоолдук болуп, коркутуу-үркүтүүлөр жасалып жатканын айтып жатышат. Бул окуялардын соңу эмне менен аяктайт деген ойдосуз?

- Бийликтегилер биз андай кылгыла деп көрсөтмө берген эмеспиз деп айтып атат. Бирок, антип айтышканы менен айыл өкмөттөрү, район, облус башчылары мыйзам бузууларга бара беришет да. Анан чатак болот, ал чатак, менимче, күзүндө болот. Кышында эл козголуп кетет, себеби, (Орусия) кредити бүтөт да. Кредит бүткөндөн кийин баанын баары жогорулап, сом түшөт, анан чатактын баары, мен ойлойм, эмки жазда аябай эле курчуп, ал татаал болот.

- Ирандагы шайлоонун жыйынтыктары, анан андан кийинки нааразычылыктар эмнеге алып келгенин биз көрдүк. Сиз Кыргызстан менен Иранды салыштырсаңыз, кандай ойдосуз? Кыргызстанда азыр шайлоого эл кайдыгердей мамиледе болуп атат деген да пикирлер айтылып атат. Бул чынында эле ошондойбу же бул баягы чоң толкундун алдындагы тыныгуу деп эсептейсизби?

- Чын эле Кыргызстандын эли аябай чарчап калды саясаттан. Оппозиция дагы өзүнүн аброюн түшүрүп алды, билесиңер 2007-жылдын апрелиндеги митингди. Эл биздин саясатчыларга көп ишенбей калды. Анан элде ачарчылык болсо, нан жетпей, тамак-аш жетпей, үшүп, кайта электр кубаты өчүрүлсө - ошондо эл толкуйт. Түздөн-түз Ирандагыдай болбойт...

- Кыргызстандагы шайлоо канча тур менен бүтөт деген ойдосуз? Экичи тур болобу бизде?

- Азыр билбей атам, ошол экинчи турга жеткизбей эле бүтөт болуш керек. Кырдаалдын баары эле К. Бакиевге жакшы иштеп атат...

- Эл колдогон жок, бирок шарт, жагдай, ыңгай ошондой түзүлүп атат деген ойдосузбу?

- Ошондой, эл колдогон жок. Бул бийликти эл колдогон жок. Айла жок эле чатак чыгып кетпесин, мындан ого бетер жаман болуп, тараптар чабышып кетпесин, кан төгүлбөсүн, деп эптеп эле нанга болсо эле деген ойдо да эл. Чоң саясатчылар жок болуп атпайбы артынан элди ишенимдүү ээрчиткен. Социал-демократтар деле өзүнүн позициясын элге жеткире элек. Бирок шайлоодо, айрыкча түндүк жактан, социал-демократтар көп эле добуш алышат. Бирок, жыйынтыгын билесиңер, добуштарды санаганда, билесиңер ал кандай саналат. А. Акаевдин убагында деле ошондой болуп турчу, азыр деле ошондой кылат деп ойлойм, санаганда. Ошон үчүн Молдова варианты кайталанышы ыктымал. ЕККУнун байкоочулары, четтен келгендер көп деле эч нерсе айталбай калышат. Бирок бурмалоо бул жолу да жасалат.

- Сиз кандай деп ойлойсуз, бул ирээт эл өзүнүн шайлоодо берген добуштарын коргоп калууга жарамдуубу? Бул ирээт чечкиндүү кадамдарга барып, ачык чыга алабы? Мисалы, 2006-жылдан декабрында эч кандай нааразычылык акциялары өткөн эмес да, бул жолу кандай болушу ыктымал деп ойлойсуз?

- Бул жолу мен ойлойм, ошол убакытка караганда элдин аң-сезими өстү, деп. Эл көбүнчөсү чын эле өзүнүн добушун текшерип, карап, тактап алганга даяр болуп калды. Ошондон улам чатак көп эле болот деп ойлойм. Эл түшүнүп калды. Өзгөчө, өлкөнүн түндүк облустарында, көрөсүңөр, күзүндө чатак аябай эле болот.

- Сизге чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG