Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:05

Универсиадага эрбеңдеп эки балбан баратат


Кыргызстандагы чыгып келаткан таекфондисттер
Кыргызстандагы чыгып келаткан таекфондисттер

1-июлда Белградда бүткүл дүйнөлүк студенттердин жайкы 25-Универсиада оюндары башталды.Кендирди кескен каражаттын айынан кыргызстандык эки спортчу гана Белградга аттанып жатышат.

Белграддагы жайкы Универсиадада спорттун 15 түрү боюнча таймаштар өткөрүлөт. Студенттердин бул дүйнөлүк спорт салтанатына 150дөй өлкөдөн 9 миңден ашуун студент катышат.

Универсиада эл аралык комплекстүү мелдештер арасында Олимпиададан кийинки эле орунда турат.

Белградда 1-июлда башталып жаткан 25-жайкы Универсиада Лондондо 2012-жылы боло турган олимпиадага даярдык көрүүнүн, спортчуларды сыноонун ыңгайы катары бааланууда.

12 күнгө созула турган Белград Универсиадасынын алкагында жеңил атлетика, дзюдо, футбол, баскетбол, волейбол, теннис жана спорттун дагы башка түрлөрү боюнча мөрөй талашуулар болот.

Адистердин баамында Сербия үчүн бул Универсиада өтө маанилүү окуя болгондуктан, Белградда бул саамалыкка өзгөчө даярданды. Ордо шаарда студенттер үчүн Универсиада айылы негизделип, спортчулар жашай турган жайлар эл аралык талаптарга жооп бергидей курулганы кабарланганы маалымдалууда.

Универсиадага Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстандан да спортчулар катышат.

Өлкөнүн студенттик спорт федерациясынын президенти Шаршен Касеновдун айтымында каражаттын тартыштыгынан Универсиадага катышуу үчүн кыргызстандык эки спортчу Белградга жөнөп жатышат.

-2 таэквондочу барат. Дзюдо, таэквондо жана жеңил атлетика боюнча спортчуларды мамлекеттик агенттик каржылайбыз деген. Бирок дзюдочулар федерациясы дүйнөлүк чемпионатка даярданабыз деп, Белградга баруудан баш тарткан. Жеңил атлетчилер болсо акча таба албай коюшту. Мамлекеттик спорт агенттиги да акча бөлө алган жок. Жеңил атлетчилер Сингапурга жаштар арасындагы Азия оюндарына кеткендиктен бул Универсиадага акчасы болбой калды. Ошентип Белградга 2 таэквондочу бармай болду. 1-июлга чейин жетишип калат го.

Ошентип эки таэквондочунун жол кире маселеси кеч чечилип, Белградга бүгүн 1-июль түнү аттанганы турушат.
Алар Расул Абдраим менен Элдияр Касмамбетов. Расул былтыр Бээжин олимпиадасына катышып, бирок байгелүү орунга жеткен эмес.
Экинчи жигит бүткүл дүйнөлүк таэквондо фестивалдалында, эл аралык мелдештерде мөрөй алып жүргөн, Кыргызстандын үч жолку чемпиону Элдияр Касмамбетов. Экөө машыктыруучусу жок баратышат.

Кеңеш доорунда кыргызстандык спортчулардан 1977-жылы Болгарияда өткөн Универсиадада грек-рим күрөшүнөн Кадырбек Дүйшөмбиев экинчи орунду ээлеп, күмүш медаль жеңип алган.

Эгемендүү өлкө болгону кыргызстандык студент спортчулар бир нече Универсиадага катышканы менен байгелүү орундарга ээ болуша элек.

Өлкөнүн кесиптик кошуундар уюмунун төрагасы Бакыт Иманалиевдин пикиринде спорт тармагын студенттерсиз элестетүү кыйын. Ошондуктан студенттик спортко мамлекеттик деңгээлде көңүл буруп, бүткүл дүйнөлүк Универсиада оюндарына катышууга шарт түзүү зарыл.

- Бул мезгил талабы. Кыргызстанды эл аралык аренага тааныта турган студенттер бар. Аларга шарт түзүп, камкордукка алуу гана зарыл.

Өлкөнүн студенттик спорт федерациясынын башкы катчысы Алишораз Бабаевдин айтымында эки таэквондочу үчүн жол кире акыркы учурда чечилип, билет алганы жатышат.

Анын айтымында каражат маселеси чечилсе Белграддагы Универсиадага ондон ашуун спортчу барууга камынып, даярдык көрүшкөн. Тилекке каршы студенттерди колдоого алгандар болбоду.

Казакстандан спорттун 9 түрү боюнча жүзгө жакын студент Белградда өлкө намысын коргоого барышты. Казакстандык спортчулар мындан эки жыл мурда Бангкокто өткөн 24-Универсиада 5 алтын, 4 күмүш жана 4 коло байге утуп, 14 медалдын ээси болушкан.
Универсиаданын баш байгесин утуп жүргөн Орусиядан быйылкы Универсиадага беш жүздөй студент мөрөй талашууда.

Ал эми Кыргызстанда учурда студенттердин спортуна, дене тарбиясына анча көңүл бурулбай аларды спортко тартуу иши көз жаздымда калып келүүдө. Өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлиги студенттердин спорттук демилгелерин толук колдоого алууга чамасы жетпей келатканын адистер сынга алышууда.

Кошумчалап кетчү жагдай – 10-январда Универсиаданын уюштуруу комитети (FISU) Австриянын Инсбрук шаарында өткөн жыйында 2009-жылкы Универсиаданы Белградда өткөрүү чечимин кабыл алган. Универсиаданы өз өлкөсүндө өткөрүү үчүн атаандашкандардын арасында Польша менен Мексика да бар болчу.

Универсиада эки жылда бир ирет өткөрүлүүчү студенттердин бүткүл дүйнөлүк спорт мелдештери.

Франциянын өкүлү Жан Петижандын демилгеси менен студенттердин эл аралык конференциясында бекитилип, 1-Универсияда 1924-жылы Варшавада өткөрүлгөн.

Универсиаданын регламенти олимпиадалык оюндардын тартиби менен бирдей, урааны «Илим-Спорт-Достук-Тынчтык».

Эки жылда бир жайында жана кышында өткөрүлөт. Жайкы Универсиаданын программасына - жеңил атлетика, сууда сүзүү, гимнастика, фехтование, сууга секирүү, суу тобу (поло), волейбол, баскетбол, теннис баштаган 15-16 спорт турлөрү кирет. Ошондой эле Универсиаданы уюштурган өлкөнүн сунушу боюнча оюндун дагы кошумча бир түрү кошулуп жүрөт. Ал эми кышкы Универсиаданыкы - лыжада жарышуу, тоо лыжа спорту, трамплинден лыжачан секирүү, көркөм муз тебүү, конькичен жүгүрүү, хоккей оюндары.

Университеттик спорттун эл аралык федерациясы 1960-жылдан так жылдарда - жайкы, жуп жылдарда - кышкы студенттик оюндарды өткөрөт. 1961-жылы Софияда (Болгария) 1-жайкы Универсиада өткөрүлсө, 1962-жылы Виллар шаарында (Швейцария) 1-кышкы Универсиада өткөрүлүп, салтка айланып баратат.

Университеттик спорттун эл аралык федерациясы (ФИСУ) 70ке жакын өлкөнүн студенттеринин улуттук спорт уюмдарын бириктирет. Бул уюм Италиянын Мерано шаарында негизделген. ФИСУнун максаты: дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн студенттеринин арасында спортту өнүктүрүү; студенттер арасында ар кандай эл аралык мелдештерди, өзгөчө Универсиаданы уюштуруу; спорттук мелдештер аркылуу жаштардын достугун чыңдоо, тынчтыкты бекемдөө. Штаб-квартирасы Парижде жайгашкан.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG