Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:30

Бириккен оппозиция шайлоону тааныбайт


Бириккен оппозициянын талапкери Алмазбек Атамбаев мындай ыплас шайлоонун тааныбай турганын билдирди
Бириккен оппозициянын талапкери Алмазбек Атамбаев мындай ыплас шайлоонун тааныбай турганын билдирди

Бириккен оппозиция массалык мыйзам бузуулар үчүн бийликти айыптап, шайлоону мыйзамсыз деп жарыялады.

Автоматташтырылган мамлекеттик шайлоо системасынын кечки саат 22 ге карата ачыктаган маалыматына караганда 23-июлдагы добуш берүүгө шайлоочулардын 78 % катышты. Ал эми алты талапкердин кимиси канча добуш топтогондугу боюнча болжолдуу маалыматтар түн жарымынан кийин дайын болору күтүлүүдө. Бул тууралуу акыркы маалымат жыйынында БШК төрагасы Дамир Лисовский билдирди.

Ошол эле мезгилде Бириккен оппозиция шайлоо жапырт мыйзам бузуулар менен өттү деген билдирүү менен чыкты. Кыргызстанда ыплас шайлоо өтүп жаткандыгын алгачкылардан болуп, оппозициялык күчтөр сүрөп келген президенттикке талапкер Алмаз Атамбаев өз участогунда добуш берип чыккандан кийин журналисттерге билдирди.

“Азаттыктын” кабарчыларына жер-жерлердеги жергиликтүү байкоочулар шайлоодогу мүнөздүү мыйзам бузуулардын катарында бир кишиге экиден бюллетень берүү, айлампа жолу менен бюллетендерди жүгүртүп салуу, байкоочуларды киргизбей коюу, шайлоочуларды ташуу фактыларын аташты.

Кечке жуук талапкер Алмаз Атамбаев дагы бир талапкер Жеңишбек Назаралиев менен чогуу маалымат жыйынын өткөрүп, шайлоо массалык мыйзам бузуулар менен өттү деп, президенттик шайлоодон баш тартарын жарыя кылышты.

Нааразылык чаралары менен коштолгон мындай кескин айыптоолор СДПнын Балыкчыдагы тарапкерлери тарабынан жасалды. Алар шайлоо комиссияларын, жергиликтүү бийликти массалык мыйзам бузууларга жол берип жатат деп чыгышты.

Балыкчыда добуш берүү учурунда чыккан жаңжалды тартип коргоо кызматтары күч менен басып, Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Асанакунов менен Камчыбек Кадыров баштаган жоон топ оппозиция тарапкерлерин камакка алды. Депутаттардын камакка алынгандыгы тууралуу жергиликтүү шайлоочулардын маалыматтарын Башкы прокуратура да, ИИМ да кийинчерээк өздөрү тараткан маалыматтарда бышыкташкан жок.

Ошол эле мезгилде Балыкчы окуясы боюнча кылмыш иши козголгону маалымдалды. Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев жергиликтүү телеканалга берген интервьюсунда мындай деди:

- Депутаттарды камап койду деген орду жок нерсе. Депутаттардын статусу барын бардык милиция билет. Ошондуктан, ал депутаттар прокурордун кабинетинде. Канчалык айыбы бар экенин прокурор чечет. Калган 19 кишиси биздин ички иштер бөлүмүндө турат.

Башкы прокуратуранын билдиргенине караганда кармалгандарга шайлоо комиссиясынын ишине тоскоолдук болду, массалык тартипсиздик уюштурулду, Конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө чакырык ташталды деген айып тагылууда.

Бишкекте болсо кечке жуук Бириккен Оппозиция “Форум” ишканасынын аймагында өз тарапкерлерин чогултуп, дагы бир жолу бийликти “жасалма шайлоо” өткөрдү деп сынга алды.

Ушул эле күнү кечке жуук бейбаштык кылды деген негиз менен “Ата мекен” партиясынын өкүлүнө Базар-Коргондо кылмыш иши, СДПнын өкүлүнө Кара-Кулжада административдик иш козголгондугу тууралуу расмий маалымат таратылды.

Бишкекте болсо кечке жуук “Таза шайлоо үчүн” тобу Кыргызстан жарандары шайлоодо активдүүлүгүн көрсөттү деген тыянагын чыгарып, жарыялады. Мындай божомолун эртең менен 1223-шайлоо участогунда добуш бергенден кийин журналисттер менен жолугушууда президент Курманбек Бакиев айтып, муну шайлоонун башкы ыктымал өзгөчөлүгү катары белгилеген.

Ал эми көз карандысыз “Менин тандоомдун мезгили” биримдиги добуш берүү маалында жана андан кийин кандайдыр бир кабелтең билдирүүлөр менен чыккан жок. Бул күнү бирикменин лидерлери Башкы прокуратурада болуп, түшүнүк кат жазып чыккандыгы маалымдалды.

Кечээ БШК бул биримдикти шайлоо боло электе шайлоонун жыйынтыктары боюнча отчет жарыялап жиберди деп, териштирүүнү сурап БШКга кайрылган. Эл аралык байкоочулар болсо президенттик шайлоонун тыянактары боюнча өздөрүнүн алгачкы бааларын бере элек.

БЭК шайлоо жыйынтыгын тааныбайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:46 0:00
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG