Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:26

Каныбек Сагынбаев менен Евгений Ваккердин жеңиши


Индонезияда велоспорттон Азия чемпионатында кыргызстандык Евгений Ваккер коло байгенин ээси болсо, Орусиядагы мелдеште кыргызстандык бильярдчы Каныбек Сагынбаев күмүш медаль тагынды.

Азия оюндарынын төрт жолку жеңүүчүсү, Азиянын эки жолку чемпиону, кыргызстандык велоспортчу Евгений Ваккер 15-августтан 20-августка чейин Индонезияда өткөн велоспорт боюнча Азия чемпионатында коло медалга ээ болду.

Евгений Ваккер велошоссе жарышында 42 км аралыкты 51:41:37 убакытта өтүп, марага үчүнчү болуп келди. Баш байгени казакстандык Александр Винокуров жеңип алса, экинчи орунду да казакстандык Андрей Мизуров ээледи. Жекече жарышта 23 өлкөдөн 36 катышуучу мөрөй талашты.

Евгений Ваккердин устаты өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Эркин Акрамовдун айтымында Индонезияда күндүн ысыктыгы, виза маселелери жана жолдун алыстыгы кыйынчылыктарды жаратып, быйылкы Азия чемпионатында баш байгеге талапкер болбой калды.

-Биз Евгений экөөбүз каражат тартыш болуп, достордон карыз алып, жол азабын тартып Индонезияга араң бардык. Жакарадан дагы эки саат учак менен учуп, бир аралда Азия чемпионаты өттү. Күн ысыгы 37-38 даражадан ашып, мелдеш оор кырдаалда жүрдү. Ошол түйшүктөрдүн акыбети кайтып, коло байгенин ээси болду. Евгений 16 жылдан бери ийгилик жаратып, Кыргызстанга байге утуп келатат.

Ал эми төрт километрлик тректеги жарышта кыргызстандык спортчу Евгений тайвандык коло сыйлыктын ээсинен 3 секундага калып, 4-орунга илинди.

Велотрек жарышында Азия чемпиону кытайлык Ли Вей болду. Ал эми күмүш медал ээси деп өзбекстандык Владимир Туйчиев аталды.

Өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси Касымкул Оболбековдун айтымында Евгений Ваккер бул Азия чемпионатында дагы Кыргызстандан атын чыгарып, ишеничти актады.

-15-августта бери Индонезия өлкөсүндө велоспорт боюнча Азиянын 29-чемпионаты өтүп, мында Кыргызстандын намысын көзгө басаар жалгыз велоспортчу Азиянын эки жолку чемпиону Евгений Ваккер трек жана шоссе жарыштарында коргоду. “Бөрү карыса да бир койлук алы бар” дегендей Евгений бул ирет дагы байгелүү орунга жетип, 42 км аралыктагы жарышта марага үчүнчү болуп келди. Ага былтыр учур талабына шайкеш спорттук жаңы велосипеди олимпиадалык даярдоо борбору 7 миң еворго сатып берген.
Кыргызстандын жаратылышы велоспорту өнүктүрүүгө ыңгайлуу болгондуктан бул спортко көңүл буруубуз зарыл. Айрыкча Ысык-Көл аймагы велоспортту өнүктүрүүгө ыңгайлуу болгону менен өкмөттүк деңгээлде бул тармакка көңүл бурулбай келет.

Азия оюндарынын төрт жолку жеңүүчүсү Евгений Ваккер мурда Германиядагы велоспорт клубунда машыгып келсе, былтыртан баштап Ирандын спорт клубу менен келишим түзүп, кесипкөй спортчу катары таанылган.

Велоспорт боюнча ал жеткен ийгиликке бир да спортчу жете элек. Азия оюндарында эле төрт жолу катары менен байгелүү орунга ээ болгон, 16 жылдан бери чеберчилиги жогору экенин далилдеп келет.

Кыргызстанда эгемендүүлүк менен өлүп бараткан велоспортту сактап калуу үчүн Евгений Ваккер Германияга барып, кесипкөйлөр спорт клубунда машыгып, өлкө намысын коргоп келүүдө. Быйыл Ирандын кесипкөй клубунун катарында мелдештерге катышып, мөрөй ала баштады.

Кыргызстанды эл аралык аренада таанытып жүргөн Евгений Ваккер 35 жашка толот. “В” тобундагы велоспортчулар арасында 1998-жана 2003- жылы дүйнө чемпиону жана күмүш, коло байгелердин ээси болгон.

Хиросима, Бангкок, Пусан жана Доха шаарларында өткөн Азия оюндарында 3 ирет күмүш, бир жолу коло медаль уткан. Эл Эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү болуп саналат. Евгений Атланта, Сидней жана Афина олимпиаларына катышканы менен ийгилик жарата алган эмес. Былтыр Азия чемпиону болсо дагы Бээжин олмпиадасына жолдомо албай калган.

Мурдагы жылы “Б” тобундагы велоспортчуларынын дүйнө чемпионатында Евгений Ваккер марага биринчи келип, алтын медаль тагынган.

Мурдагы жылдары Тайланд, Жапон өлкөлөрүндө өткөн велоспорт Азия чемпионатында кыргызстандык Евгений Ваккер Азиянын эки жолку чемпиону аталган.

Кыргызстандык спорт күйөрмандарын сүйүнткөн жаңылык.

Бильярд боюнча дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаев Чечнянын борбору Грозныйда мурдагы президент Ахмат Кадыровдун жаркын элесине арналган үчүнчү эл аралык мелдеште күмүш медалды жеңип алды.

Ал эми бул мелдештин жеңүүчүсү белоруссиялык Евгений Курт болду. Мелдештин байге фонду 2 млн. рублге жакын каражатты түзгөн. Биринчи орунду жеңип алган чемпион Евгений Куртка 450 миң рубль акчалай сыйлык тапшырылды.

Экинчи жана үчүнчү орундарга – 225 жана 115 миң рублден байге берилди. Аталган мелдешке Орусия, Украина, Кыргызстан, Грузия, Литва, Белорусь жана Армениядан тандалган 16 спортчу катышты.

Өлкөнүн бильярд федерациясынын башкы катчысы Шейшенбек Байзаковдун айтымында Каныбек Сагынбаев бүгүн 21-августта Украинанын Днепропетровск шаарында башталган Гран-при эл аралык мелдешине катышууда.

-Бул мелдеште алдыңкы орунду ээлеген алты спортчу Украинанын эгемендик күнүнө арналган бильярд федерациясынын ачык Кубогунда мөрөй талашат. Андан кийин Орусия жана Украинанын ачык чемпионаттарында Кыргызстандын намысын коргойт. Учурда Каныбектин чеберчилиги жогорулап, табына келип турган мезгили.

Кыргызстандык жарым коргоочу К. Исраилов сентябрдан тарта Мубаректик «Машъал» өзбек футбол клубу үчүн ойнойт.

Бул клуб Өзбекстандын чемпионатынын экинчи айлампасынын алдында өз курамын беш легионер менен күчтөндүрдү. Анда К.Исраиловдон башка украиналык чабуулчу Александр Гребенюк, казакстандык коргоочу Виктор Кожушко, ошондой эле украиналык коргоочулар Андрей Писный жана Андрей Ерохиндер ойномокчу.

Сентябрь айынан тарта бардыгы болуп бул команданын курамында 16 легионер, же Бразилия, Венгрия, Сербия, Грузия жана 5 КМШ мамлекеттеринин өкүлдөрү болмокчу.
XS
SM
MD
LG