Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:25

Көк-Бөрү: бишкектиктер менен таластыктар алдыда


29-августта Көк-Бөрү боюнча президентин Кубогунун финалына Талас облусу менен Бишкек шаарынын улакчылары чыкты.

Төрт күндөн бери Көк-Бөрү боюнча президенттин Кубогунда Кыргызстандын 6 командасы менен Өзбекстан, Тажикстан жана Орусиянын “Алтай” командалары мөрөй талашууда.

Үч топко бөлүнгөн командалардын мыктылары иргелип, бүгүнкү биринчи жарым финалда Бишкек шаарынын “Бөрүлүү” командасы менен Жалал-Абад облусунун улакчылары беттешти.

Президенттин Кубогун эки ирет уткан Бишкектин “Бөрүлүү” командасы Жалал-Абад облусунун улакчыларын 9:2 эсебинде жеңип алышты. Мында “Бөрүлүү” командасынын балбан билек жигиттери Радмир Саманчиев, Мирлан Сражидинов, Улан Наскеев айырмаланып, тайказанга арбын улак таштады.

Жалал-Абад командасынан Байыш Ниязов 2 улакты жооп кылууга жетишти.

Баш байгеге талапкер болгон Бишкектин “Бөрүлүү” командасынын ардагер оюнчусу Токторбек Ажыгулов 15 жылдан бери улак тартып жүргөнүн, жаштарга бул оюндун сырын, ыкмаларын үйрөтүп жатканын “Азаттыкка” билдирди.

Экинчи жарым финалга чыккан Талас облусунун жана Тажикстандын командаларынын таймашуусунда таластыктар үстөмдүк кылышты. Үч таймдык беттешүүнүн жыйынтыгында 9:4 эсебинде таластык жигиттер тажиктерди утуп, баш байгенин экинчи талапкери болушту.

Таластык улакчылардан Алтынбек Кожокулов, Нургазы Анарбаев, Урмат Шерипбеков, Нияз Мүсүралиев жана Марлис Койгелдиев айырмаланып тайказанга арбын улак таштап, командасын алга сүрөдү.

Тажикстандын Согди облусунан келишкен жигиттерден Абдуразак Султанов, Абдугафар Шарипов, Рустам Мукимов да өнөрү менен таанылып, 4 улакты жооп кылууга жарады.

Көк-Бөрү боюнча Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Мурат Азарматовдун пикиринде, бул ирет “Дордойдун” жигиттеринин аттары чабал болуп жана жетекчилиги кайдыгер карагандыктан жарым финалга да чыкпай калганы күйөрмандарды да өкүндүрөт.

“Көк-Бөрү” федерациясынын басма сөз катчысы Табылды Асыгалиевдин айтымында, быйылкы мелдеште 16-19 жаштагы жаш жигиттер өнөрү менен таанылып, беттешүүлөрдүн көркүн ачып, келечекте чыгаан оюнчулар болоорун далилдеп жатат.

Ошентип 4 күндүк таймашуунун жыйынтыгында баш байге үчүн Бишкектин “Бөрүлүү” командасы менен Талас облусунун улакчылары чыкмай болду. Үчүнчү орун үчүн Тажикстан менен Жалал-Абад облусунун командалары мөрөй талашат.

Мелдеште 9 команда үч топко бөлүнүп, күч сынашты. Эртең 30-августта көкбөрүчүлөр өргүү кылып, бир күн эс алышат.

Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданында баш байге үчүн финалдык оюндар 31-августта болмокчу.

Бул күнү финалдык беттешүүлөргө президент Курманбек Бакиевдин күбө болуп, жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшыраарын жана ат оюндарынын күйөрмандарына Көк-Бөрү мелдешинин тыныгуу учурларында кыз куумай, тыйын эңмей, оодарыш сыяктуу улуттук оюндар дагы тартуулана турганын “Ак-Кула” ат майданыны жетекчиси Тынчтыкбек Акматбеков “Азаттыкка” билдирди.

Быйылкы президенттин Кубогунун баш байге кору 2 миллион 500 миң сомду түзөт. Биринчи орунду жеңип алган команда 1 миллион сом сыйлыктын жана Кубоктун ээси болот.

Экиничи орунга 500 миң сом, коло байге үчүн 300 миң сом, 4-орунга 200 миң сом акчалай сыйлыктар белгиленген.

Акыркы 9-орунга чейин байгелер берилип, мыкты улакчы, оюнчуларга да сыйлыктар белгиленүүдө.
XS
SM
MD
LG