Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:09

Эл аралык Ысык-Көл оюндары уланууда


Чолпон-Атада 5-сентябрдан бери “Азия –тынчтыктын жана кызматташтыктын аймагы” деген ураан менен эл аралык Ысык-Көл оюндары өтүүдө.

Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында Эл аралык тогузунчу Ысык-Көл оюндары спорттун 15 түрү боюнча өткөрүлүп жатат. Мөрөй талашууга Борбор Азия, Орусия, АКШ, Пакистан, Индия өлкөлөрүнүн 2 миңден ашуун жараны катышууда.

Адистерди баамында, оюндар эки топ менен өткөрүлүп, 35 жашка чейинкилер жана 35 жаштан өйдөкүлөр боюнча мелдештер курч мүнөздө өтүүдө.

Футзал же кичи футбол таймашууларына баш-аягы 44 команда катышууда. 35 жашка чейинки курактагылар 12 команда болсо, 35 жаштан жогорулар 32 команда болуп мөрөй талашууда. Жаш курагы отуз бешке чейинкилерден Бишкектин “Салыкчы”, “Азия универсиал банк” командалары жана Казакстандын “Тулпар” командасы азырынча жеңилүү ызасын тартпай, атаандаштарын утуп, мыкты даярдыгын көрсөтүүдө.

Ал эми 35 жаштан жогорку футзалчыларда Кара-Балта шаарынын “Химик” командасы Бишкектин мыкты деген “Ардагерлер” жана “Минфин” командаларын утуп, өз тобунда алдыда баратат. Ушул Кара-Балтанын “Химик” командасынын чабуулчусу Эркин Сейиткулов атаандаштарынын дарбазасына эң көп топ киргизүү менен чебер футболчу катары таанылууда.

- Футбол жамааттык оюн болгондуктан менин ийгилигиме өнөктөштөрүмдүн салымы зор, башкы максат баш байгени жеңип алуу, -дейт карабалталык Эркин Сейиткулов.

Кыргызстандын футбол федерациясынын башкы катчысы Нуртазин Жетибаев дагы эл аралык Ысык-Көл оюндарына ар жыл сайын катышып, футзалдын ыкмаларын көрсөтүп, жаштарга үлгү болууда.

Ошондой эле футзал боюнча эл аралык Ысык-Көл оюндарында былтыр чемпион болушкан Казакстандын “Тулпар” командасы быйыл дагы баш байгени колдон чыгарбоо үчүн бардык күч-аракеттерин жумшап жатышат.

Ал эми волейбол оюну боюнча күч сынашууга 17 команда катышып, курч таймашуу болууда. 35 жашка чейинкилер 12 команда болуу менен алардан “Бишкек “, “Салам-Алик” жана “Папан курулуш” командалары айырмаланууда.

Адистердин баамында, баш байгеге Сүйүнтбек Калдыбаев даярдаган “Папан курулуш” командасы, андрей Анкудинов жетектеген “Бишкек” жана “Салам-Алик” командалары талапкер болчудай.

Ал эми кыз-келиндердин волейбол командаларынан мыкты даярдыгын “Бишкек” жана “Салам-Алик” командалары көрсөтүп жатышат.

35 жаштан жогорку курактагы спорт ардагерлеринин волейбол мелдештеринде Орусиянын “Аэрофлот” командасы лидерлик кылууда.

Ошондой эле аларга Казакстан, Бишкек жана Кара-Кулжа командалары гана атаандаштык кылчудай.

Учурда Чолпон-Атанын “Көгүлтүр Ысык-Көл” эс алуу жайында кум үстүндөгү волейбол, футбол, кол күрөш, стөл тенниси, чоюн көтөрүү, сууда сүзүү, аркан тартмай, стритбол, дартс мелдештери улантылууда.

Эл аралык Ысык-Көл оюндарынын башкы катчысы Канат Арпачиевдин айтымында, бул ирет дагы Орусия менен Казакстан артыкчылык кылып, байгенин көбүн утуп алууда.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, Ысык-Көл оюнунун калысы Бообек Кадыркуловдун айтымында, быйыл аба-ырайы жаанчыл болуп, спорттук таймашуулардын ыргагын бузуп, былтыркыдан таасирдүү болбой жатат. Анын үстүнө быйыл Кытайдан спортчулар келбей калып, Орусия менен Казакстанга атаандаштык анчалык болбой турат.

- Улуттар арасында ынтымак ыдырабай, Ысык-Көл оюндары достукту ширетип турат. Алыстан келген меймандар жааган жамгырга карабай мелдешке дагы катышып, көлгө түшүп, эс алып жатышат. Бул оюндун негизги максаты, биринчиден, негизги байлык – ден соолук дегендей, калктын ден соолугун чыңдоо. Бул ар тараптан колдоого алуучу иш-чара. Бирок быйыл Кытайдан спортчулар келбей калганы өкүндүрдү. Чыныгы атаандаштык болсо гана чеберчилик өсөт. Бул ирет Орусия менен Казакстанга теңтейлашчу команда болбой жатат.

Ошентип, төрт күндүк мөрөй талашуулардын жыйынтыгында командалык биринчи орунду Орусиянын өкүлдөрү колдон чыгарбай келатышат.

2-орунду ээлеген Казакстандык спортчулар дагы мыкты даярдыгын көрсөтүп жатышат. Кыргызстандын спортчулары үчүнчү тепкичте ишенимдүү баратат.

Ошентип эл аралык Ысык-Көл оюндарынын баш байгесин сегизинчи ирет удаасы менен Орусиянын командасы колдон чыгарбай алып кетчүдөй.

Шахмат боюнча уландар арасында Азиянын эки жолку чемпиону Семетей Төлөгөн тегиндин устаты Төлөгөн Исаевдин пикиринде, өлкөнүн спорт жетекчилери ар жыл сайын шахмат - акыл оюнун эл аралык Ысык-Көл оюнунун жадыбалына киргизүү тууралуу убада берип, бирок иш жүзүндө аткарылбай келатат.

Чолпон-Атадагы эл аралык Ысык-Көл оюндары Кыргызстандагы спорттун деңгээлин таразалап, жетекчилердин спортко болгон мамилесин өзгөртсө дешет адистер.

Эл аралык Ысык-Көл оюндары 2001-жылдан бери өткөрүп келатат. Ага өткөн жылдары Кытай, Орусия, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Тажикстан аймактарынан 2500 спорт ардагери катышкан.

Быйылкы мөрөй талашууларга эки миңдей спортчу катышып жатышат.

9-сентябрда волейбол, футбол мелдештери дагы улантылат. Ошондой эле массалык жөө жарыш жана массалык көлдө сүзүү мөрөй талашуулары өткөрүлөт.
XS
SM
MD
LG