Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:57

Данияда балбандар, Тажикстанда футболчулар жыдыды


"Дордой-Динамо" командасы 2007-жылы Азия футбол конфедерациясынын президенттин Кубогунун жеңүүчүсү болгон.
"Дордой-Динамо" командасы 2007-жылы Азия футбол конфедерациясынын президенттин Кубогунун жеңүүчүсү болгон.

Данияда күрөштөн дүйнө чемпионатында алатоолук 9 жигит, 4 кыз ийгиликке жетпеди. Футболдон “Дордой-Динамо” командасы жеңилүү ызасын тартты.

Бир жума бою спорт күйөрмандардын көңүлү буруп, бүйүрүн кызыткан Дания өлкөсүнүн Хернинг шаарында өткөн эркин жана грек-рим күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын таймашуулары жыйынтыкталды.

Мында алатоолук тогуз жигит, төрт кыз балбан өлкө намысын коргоп, бирок ийгилик жарата алышпады.

Даниядагы дүйнөлүк таймашууда эркин күрөштөн кыргызстандык жаш балбандар Алтынбек Алымбаев,Эрлан Дөрбөнов, Илгиз Жакыпбеков жана Айбек Усупов атаандаштарынан утулуп, алдыңкы сапка кошулбай калышты.

Кыргызстандык күйрмандар үмүт кылган 60 кг салмактагы Азия чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Базар Базаргуриев биринчи беттешүүдө түркмөнстандык Рамазан Камбаров утуп, андан кийин болгариялык Махамедкамил Махамедини да жеңип алган. Чейрек финалда Базар Базаргуриев орусиялык Весик Кудуковдон жеңилип, жарым фингалга чыга албай калды.

Базар үчүнчү орунга талапкер катары ирандык Сеид Мохамеди менен күрөшүп, андан дагы жеңилүү ызасын тартып, кыргызстандык күйөрмандардын ишеничин актай албады.

Кыргызстандын эркин күрөш федерациясынын вице-президенти, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Жеңиш Дөңбаевдин айтымында Данияда кыргызстандык балбандар үмүттү актай алышпай, ишенген Базар Базаргуриев да ийгилик жарата албады.

Даниядагы дүйнө чемпионатынын эркин күрөш боюнча кыз-келиндердин таймашуусунда кыргызстандык Нурзаада Шайлообаева, Нестан Кыязова, Мыскал Жанчарова жана Азия чемпионаттарынын көп жолку жеңүүчүсү Яна Панова биринчи эле беттешүүлөрдө жеңилүү ызасын тартышты.

26-27-сентябрда Данияда грек-рим күрөшүнөн дүйнөлүк чемпионатынын күч сынашуулары болуп өттү.

Мында Кыргызстандын намысын 2008-жылкы жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын күмүш байгесинин ээси Арсен Эралиев (55 кг чейин), Бээжиндеги олимпиаданын жана Дохадагы Азия оюндарынын коло медаль ээси, Азия чемпиону Руслан Түмөнбаев (60 кг чейин), дүйнө чемпионатынын жана Бээжин олимпиадасынын күмүш байге ээси, Азия чемпиону Канат Бегалиев (74 кг чейин) жана Азия-2007 чемпионатынын, Азия оюндарынын жеңүүчүсү Нурбек Ибрагимов (120 кг чейин) коргоду.

Таймашуулардын жыйынтыктары төмөнкүдөй болду.

Жеңил салмактагы Арсен Эралиев биринчи беттешүүдө чехиялык Жан Хоккону утуп алганы менен, экинчи атаандашы түштүк кореялык Жин Чойго жеңилип, мыктылар сабына кирбей калды.

60 кг салмакта күрөшкөн Руслан Түмөнбаев биринчи күч сынашууда венгериялык Еди Комаромини артыкчылык менен утуп, күйөрмандардын үмүтүн жандырган. Бирок экинчи атаандашы азербайжандык Виталий Рахимовго алдырып коюп, таймашуудан четке чыгып калды.

Бул салмакта баш байгени орусиялык Исламбек Алибев жеңип алды. Өзбекстандык дүйнө чемпиону Дилшод Арипов күмүш медаль тагынды.

Мурда 66 кг салмакта күрөшүп жүргөн Азия чемпиону, дүйнө чемпионатынын жана Бээжин олимпиадасынын күмүш байге ээси Канатбек Бегалиев Данияда 74 кг салмакта күрөшкө чыгып, биринчи беттешүүдө эле жолу болбоду. Аны венгриялык Петер Росенгренг утуп алды.

Өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси Касымкул Оболбековдун пикиринде балбандар бир салмактан экинчи салмакка өткөндө дароо ийгилик жаратуусу кыйын:

-Ошондуктан Канатбек Бегалиев 74 кг салмакта өзүн сынап көрүүгө болгон аракетинен майнап чыккан жок. Эми Канатбек бул таймашуулардан жыйынтык чыгарып, эмдиги жылы Гунажодо өтө турган 16-Азия оюндарына даярдыкты жакшы жүргүзүүсү зарыл.

120 кг оор салмакта өлкө намысын коргогон Нурбек Ибрагимов биринчи беттешүүдө жапон балбаны Хирокази Шиншону утканы менен кийинки экинчи күч сынашууда белорусиялык Иозеф Чучашвилиден жеңилүү ызасына кабылды.

Тажикстандын Турсунзааде шаарында өткөн Азия футбол конфедерациясынын президенттин Кубогу үчүн мелдеште Кыргызстандын беш жолку чемпиону Нарындын “Дордой-Динамосу” Түркмөнстандын “Ашхабат” командасын жарым финалда 2:1 эсебинде утуп, баш байгеге талапкер болгон.

Экинчи жарым финалда Тажикстандын “Регар-ТаДаз” командасы менен Пакистандын “Вапта” командасы беттешип, 4:3 эсебинде тажиктер жеңип, кечээ 27-сентябрда финалда “Дордой-Динамо” менен Тажикстандын “Регар-ТаДаз” командасы беттешти. Натыйжада 2:0 эсеби менен кыргызстандыктар жеңилүү ызасына кабылып, Тажикстандын “Регар-ТадАЗ” командасы Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогун үчүнчү ирет утуп алышты.

Буга чейин Нарындын “Дордой-Динамо” командасы Азия футбол конфедерациясынын президенттин кубогун эки жолу ээ болсо, үч жолку финалда утулуп, күмүш байгеге татыктуу болду.

Азия футбол конфедерациясынын президенттин Кубогунун финалдык беттешүүлөрүнүн так жыйынтыктары:

2005 -жылы ( Катманду, Непал). «Регар-ТадАЗ» (Таджикистан) – «Дордой-Динамо» (Кыргызстан) 3:0 эсебинде тажикстандыктар баш байге ээси болушкан.

2006-жылы (Кучинге, Малайзия). «Дордой-Динамо» – «Вахш» (Таджикистан) 2:1, кошумча убакытта нарындыктар уткан.

2007-жылы. ( Лахор, Пакистан). «Дордой-Динамо» – «Непал Полис Клаб» (Непал) 2:1 эсебинде кыргызстандыктар жеңип чыккан.
2008-жылы. ( Бишкек, Кыргызстан). «Регар-ТадАЗ» – «Дордой-Динамо» негизги жана кошумча убакыттарда 1:1 тең чыгып, 4:3 эсебинде жекеме-жеке топ тебүүдө тажикстандыктар уткан.

2009-жылы. ( Турсунзаде, Таджикистан). «Регар-ТадАЗ» – «Дордой-Динамо» 2:0 эсебинде дагы тажикстандыктар жеңди.
XS
SM
MD
LG