Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:02

Айылда дене тарбия, спорт көңүл сыртында калууда


Кыргызстанда айыл жеринде ат оюндарын өнүктүрүүгө шарт бар
Кыргызстанда айыл жеринде ат оюндарын өнүктүрүүгө шарт бар

Адистердин айтымында ордо калаа Бишкекте гана спортко өзгөчө көңүл бурулуп, айыл жергесинде дене тарбия көңүл сыртында калууда.

Быйылкы Кожомкул атындагы спорт ордосундагы майрам эгемендүү өлкө болгондогу спорттук жетишкендиктерди чагылдырган даректүү тасма менен башталып, вице-премьер-министр Өктөмкан Абдуллаеванын куттуктоосу, спорт ардагерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруусу менен улантылды.

Ошондой эле отузга жакын спорт ардагерге Дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Александр Воинов акчалай сыйлыктарды, грамоталарды тапшырды.

Ал өлкөнүн аймактарында спортко өзгөчө көңүл бурулуп, дене тарбия тармагында 10 миңден ашуун адистер жигердүү иштеп жатканын билдирди:

- Ар кыл даражадагы мелдештер калктын ден-соолугуна өбөлгө болуп жатат. Келечек - жаштарга таандык, ошондуктан алардын ден-соолугу чың жана сергелең болуусуна шарт түзүлүп жатат. Кыргызстанда спорт жана дене тарбиясы өсүп-өнүгүп, таасири артып баратат.

Өлкөнүн спорт жетекчиси Александр Воиновдун жогорудагыдай пикирине Улуттук олимпиада комитетинин мурдакы жетекчиси, өлкөгө эмгек сиңирген машыктуруучу Эшим Кутманалиев макул эмес. Анын айтымында, спортко Бишкекте гана көңүл бурулуп, айыл- кыштактарда, райондун борборлорунда спорт адистери, машыктыруучулар жокко эсе. Мурдакы кеңеш доорундагы спорттук бай тажрыйбага көңүл бурулбай, өгөйлөнүп, эгемендүү өлкө болгону адистер жаңы системаны жаратууга кудурети жетпей турат. Айылдык жаштардын спорт менен машыгуусуна шарт жок.

- Бирок дүйнө жүзүндө жаштарга өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Мисалы, келээрки 2010- жылы Сингапурда дүйнөлүк жаштар олимпиадасы өткөрүлгөнү турат. Ошондой эле 2010- жылы Кытайдын Гуанжо шаарында 16-Азия оюндарына жана 2012- жылкы Лондон олимпиадасына жаш спортчуларды азыртан даярдоо, сындан өткөрүү, тандоо зарыл эле. Бирок кыргыз спорт жетекчилери бул тармакты жөнгө салып, жаштарга шарт түзүп бере албай өздөрү бечел болуп турат.

Өлкөдө дене тарбия, спорт кызматкерлеринин күнү майрамдалып жатканы менен Ала-Тоонун 7 облусунун спорт комитеттери жоюлуп, кыскартылып калганын кандай түшүнсө болот деп суроо коюп, тынчсызданат кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Руслан Искенов:

-Спорт тармагына өлкө президенти баш болуп, жогору жактан жетекчилери төш болуп, "көңүл бурулсун"- деп, көрсөтмө, буйрук бергени менен райондун акимдери, айыл өкмөттүн жетекчилери жаштарга шарт түзүп берүүгө дилгир эмес. Ошондуктан мыкты адистер, машыктыруучулар башка өлкөлөргө жана башка иштерге өтүп кетишти.

Өлкөнүн Билим жана илим министрлигинин жүздөн ашуун адистешкен спорт мектептеринен жабылып олтуруп, учурда саналуу он чактысы гана калды. Экономика өнүксө гана спорт тармагына каражат бөлүнөрүн, өлкө аймактарына адистешкен спорт мектептерин кайра ачып, жок дегенде спорт класстарын ачуу учур талабы, деген пикирин билдирди Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов.

Кожомкул атындагы спорт ордосунун бет маңдайына бадырайтып жазылган” Дене тарбия жана спорт күнү” деген ураанда “күнү” деген сөз “куну” болуп ката жазылып калганына капа болгон ардагерлер да болду. Спорт ардагерлери “Кимге кун төлөп, кимден кун алабыз” дешип, кыргыз тилине маани бербеген спорт жетекчилерине нааразы болушту.

Бишкектеги спорттук салтанатка кеңеш доорунда Кыргызстанга эркин күрөштөн биринчи алтын медаль алып келип, алгачкы спорт чебери аталган Сарыгул Чекиров, даңазалуу жөө күлүктөрдү тарбиялаган устат Виктор Полубапкин, баскетболду кеңири жайылткан Валерий Арзамасов, Вячеслав Андреев, сууда сүзүү боюнча Европанын экс-чемпиону Ахмед Анарбаев, Кыргызстандын биринчи олимпиадачысы Сайботтал Мурсалимов, эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, Европа, СССРдин, СССР элдеринин Спартакиадасынын чемпиону Кенжебек Өмүралиев жана башка Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан спорт ардагерлери чакырылбай унутулуп калганына нааразы болгондор да болду.
XS
SM
MD
LG