Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:48

Оор атлетикадан Азия Кубогун Б. Осмоналиев утту


Ташкенттеги оор атлетика боюнча Азия кубогуна арналган мелдеште кыргызстандык балбандар байгелүү орундарга жетишти.

Ташкенттеги оор атлетика боюнча Азия Кубогунда жыйырмадан ашуун өлкөнүн эки жүздөй балбаны күч сынашты. Мында өлкөнүн намысын үч балбан коргоду.

Чоюн билек балбандардын ийгиликтери тууралуу өлкөнүн оор атлетика боюнча башкы машыктыруучусу, Кыргызстанга эмгек сиңирген устат Усөнкан Майназаров мындай дейт:

-Колдон келишинче, каражаттын жетишинче даярдык көрдүк. Биздин жигиттерге демөөрчү болуп, колдоого алган ишкер агалар деле болбоду. Колдоого татыктуу, намысты бийик көтөрүп жүргөн жаштар деле бар. Кендирди кескен каражаттын азабынан эл аралык чоң мелдештерге баралбай жүрөбүз. Ташкентте Бекзат Осмоналиев бардык атаандаштарын утуп, Азия Кубогунун жеңүүчүсү деп таанылды. Ал эми Султан Молдодосов колун кокустатып алгандыктан анын ден соолугуна карап, коло байге менен аракетин андан ары улантууга каршы болуп койдук. Себеби, ноябрда Түштүк Кореяда дүйнө чемпионаты болот. Ага дагы жигиттердин даярдыгы дурус эле. Кореяда Кыргыздын туусун бийик көтөрүүгө аракет кылабыз.

Ташкенттеги Азия Кубогунда жеңил салмактагы Бекзат Осмоналиев жулкуп көтөрүүдө 105 кг оордукту багындырган. Ал эми түртүп көтөрүүдө 121 кг оордукту багындырып, кытайлык, түштүк кореялык, ирандык балбандарды утуп, алтын медаль тагынды. Бекзат былтыр Түштүк Кореяда өткөн Азия кубогунда экиничи орунду ээлеп, күмүш байгелүү болгон.

7 жылдан бери оор атлетика менен машыгып келаткан, өлкөнү эл аралык аренада таанытып жүргөн жаштар арасында Азиянын эки жолку чемпиону, Азия Кубогунун коло байге ээси Султан Молдодосов Ташкенттеги таймашуулар тууралуу “Азаттыкка” мындай деп билдирди:

-Ташкенттеги таймашуулар курч мүнөздө өттү. Мындан сырткары менин салмагымда ирандык, кытайлык жана кореялык күчтүү атаандаштарым бар. Кимдин даярдыгы мыкты болсо, жылдызы жанышы мүмкүн. Аны эми Түштүк Кореядагы дүйнө чемпионатына даярдык көрүп, машыгып жатам. Мен дагы Каныбек Осмоналиевдей болуп Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, олимпиада, дүйнө чемпиону болгум келет. Аны алдыдагы мелдеш көрсөтөт.

14 жашында Султан Молдодосов Ташкентте Азия чемпионатынын коло байгесин утуп, мелдештин эң жаш жеңүүчүсү деген сыйлыкка арзыган. Султан учурда 19 жашка толуп, чеберчилиги жогорулап баратат. Ал Кыргыз улуттук университеттин студенти. Бир тууган агалары Улан менен Кутман Молдодосов оор атлетика боюнча Ислам оюндарынын жана Азиянын көп жолку чемпиондору экенин эске алсак, алардын жолун жолдогон Султандын келечеги али алдыда. Ал алдыдагы максаттары тууралуу Султан Молдодосов “Азаттыкка” мындай деди:

- Улуу агам Улан студенттер арасында дүйнө чемпиону. Ошондой эле ал биринчи ислам оюндарынын жана Азиянын алтын медалын тагынган. Ортончу агам Кутман да Азиянын эки жолку чемпиону. Биздин үйбүлөөдө оор атлетикадан жетөөбүз спорт чеберибиз. Мен болсо жети жылдан бери оор атлетика менен машыгып, агаларымдын жолун жолдоп, Түштүк Кореяда дүйнөлүк чемпион болсом деген тилегим бар.

Быйыл 15-ноябрда Түштүк Кореяда оор атлетикадан дүйнө чемпионаты болмокчу. Буга Кыргызстандан тандалган 6 балбан даярдык көрүп жатат. Себеби бул дүйнөлүк таймашууда жеңгендерге жана арбын упай топтогон өлкөгө 2012-жылкы Лондон олимпиадасына жолдомолор ыйгарылат.

Эмдиги жылкы негизги таймашуу- Кытайдын Гуанжо шаарында өтө турган 16-Азия оюндары экенин, ага азыртан даярдык көрүп жатышканын оор атлетчилер айтышты.

Оор атлетика боюнча Кыргызстандын командасы 1934-жылдан бери ар кыл мелдештерге катышууда. Кыргыз өңүн дүйнөгө тааныткан Каныбек Осмоналиев дүйнө чемпионатында 4 жолу алтын байгелүү болуп, Москвадагы олимпиадалык оюндарда чемпион аталган. Кыргызстандык Сергей Ли учурунда жаштар арасында дүйнө чемпиону болгону менен чоңдор арасындагы дүйнөлүк күч сынашууда күмүш медаль тагынган.

Эгемендүү өлкө болгону кыргыз спортунун чеберлери Митал Шарипов, Үсөн Майназаров, Эмил Абдиев, Алмаз Аскеев, Шухрат Кочкоров, Улан жана Кутман Молдодосовдор дүйнө чемпионаттарына катышкан. Бирок барандуу ийгиликтерге жетише элек.


пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG