Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:14

12-октябрда Санкт-Петербургда таэквондонун ITF багыты боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Мында кыргызстандыктар да мөрөй талашууда.

Быйылкы 16-дүйнөлүк чемпионат Орусиянын Санкт-Петербург шаарында башталды. Мында жетимиштен ашуун мамлекеттин миңге жакын спортчусу күч сынашып жатышат. Каражаттын тартыштыгына байланыштуу Кыргызстандан 85 кг жогорку салмакта дүйнө чемпиону Сергей Фаустов, Николай Кирпа, Леонид Понебратец, Максим Хон, Дмитрий Ким , Ростислав жана Назира Утешева Сантк-Петербургга барып, өлкөнүн намысын коргоп жатышат.

Бул ирет Санкт-Петербургда башталган дүйнө чемпионатында жаштарды сынап көрүүнү максат кылып, дүйнө биринчилигинин жеңүүчүсү, Азия чемпиону Николай Кирпаны жана дүйнө чемпиондору Антон Лим менен Сергей Фаустов мөрөй талашууда. Бул үч спортчу мурдакы дүйнө чемпионаттарда жеке жана командалык таймашууларда экиден алтын байгенин ээси болушкан.

Өлкөнүн дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агентиктин жетекчисинин орун басары Алмаз Касеновдун баамында эми Санкт-Петербургдагы дүйнөлүк таймашууда кыргызстандык жигиттер байгелүү орундарга жетиши мүмкүн.

-Себеби мурдакы жылдары Грекия, Өзбекстан өлкөлөрүндө өткөн дүйнө чемпионаттарында кыргызстандык Антон Лим менен Сергей Фаустовдун чеберчилиги жогору бааланып, байгелүү орундарды камсыз кылган.

Спорт адистери Санкт-Петербургдагы дүйнөлүк таймашууга Кыргызстандын командасы толук курамы менен катышканда командалык баш байгени алууга талапкер болоору анык эле дешип, арман кылышууда.

Таэквондонун ITF түрүнүн экиничи багыты боюнча өлкөнүн улук машыктыруучусу Нуриса Мамбеталиеванын айтымында алардын багыты боюнча дүйнө чемпионаты ноябрь айында Аргентинада болот.

-Учурда Кыргызстанда 3 миңден ашуун жаштар таэквондонун ушул багыты менен машыгат. Былтыр Баткенде да облустук федерация түзүлдү. Алатоонун бардык аймагында секциялар иштеп жатканы менен каражаттын тартыштыгы кендирди кесүүдө. Аргентинада боло турган дүйнө чемпионатына беш жигит даярдык көрүүдө. Жол алыстыгынан көп каражат керек болуп жатат.

Таэквондонун ITF федерациясынын президенти Эдуард Хегай каражат маселеси чечилбей жаткандыктан эми ноябрда Аргентинада өтө турган дүйнө чемпионатына барар- барбашы арсар болуп турганын “Азаттыкка” билдирди.

-Спорттун бардык түрүнө ар жыл сайын каражат бөлгөнү менен таэквандонун ITF түрүнөн дүйнө чемпионаттарына барууга өкмөт каражат бербей өгөйлөп келатат . Быйыл дагы каражат жок деген шылтоо менен Аргентинага барбай калат окшойбуз.

Себеби былтыр Италияда өткөн таэквондонун ITF версиясы боюнча дүйнө кубогунда кыргызстандыктар 9 алтын, 4 күмүш жана 5 коло медаль утуп, 45 өлкөдөн командалык эсепте төртүнчү орунду ээлеп келишкен. Мында биринчи жана үчүнчү орунду дүйнө кубогуна 150 спортчусу менен катышкан Польша өлкөсү ээлеген. Экинчи орунду Ирландия өлкөсү камсыз кылса, төртүнчү орунду -Кыргызстан, бешинчиликти Аргентина өлкөлөрү ээлеген.

Тилекке каршы мурдагы жылы Канада өлкөсү кыргызстандыктарга виза бербей, бул өлкөдөгү дүйнө чемпионатына катышпай калышкан.

Ал эми Санкт-Петербургда башталган дүйнө чемпионаты учурунда Эл аралык ITF федерациясынын конгресси, аткаруу комитетинин жыйыны жана калыстар, устаттар үчүн семинар да болмокчу.

Дүйнөлүк аренага таанылган корей элинин таэквондо күрөшүнүн эки федерациясы, эки багыты бар. Бири Түштүк Корея өлкөсүнүн демилгеси менен олимпиадалык оюндардын түрү катары Cиднейде кабыл алынган Бүткүл дүйнөлүк таэквондо федерациясынын (WTF түрү) багыты.

Аларга атаандаш катары Түндүк Кореяда негизделген Эл аралык таэквондо федерациясынын (ITF) багыты жоокердик өнөрдүн түрү катары таанылган. Ошондой эле Кыргызстандагы таэквондо (ITF) федерациясы дагы экиге бөлүнүп, эки уюм иш алып барууда.

Бул таэквондонун ITF күрөшү боюнча да дүйнө чемпионаты 16 жылдан бери өткөрүлүп, өрүшү кеңейип келатат. Ал эми Кыргызстандын командасы 1998-жылы Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн 8-дүйнө чемпионатында жалпы командалык биринчи орунду ээлеп, спорт адистеринин көңүлүн бурган.
XS
SM
MD
LG