Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:05

Спорттогу реформалар ишке ашпай, жетекчилер тез-тез алмашууда


Эгемендүү өлкө болгону спорт тармагынын түзүмү онунчу ирет өзгөрүп, онунчу жетекчи алмашты.

Башкаруу реформасынын алкагында өкмөттүн курамында дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик өз алдынча болуп түзүлүп, андан жаштар саясаты жана балдарды коргоо милдети алынып коюлду.

Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкуловдун пикиринде, агенттиктин курамынан жаштар саясаты жана балдарды коргоо милдети алынып койгону туура болуп, эми бир беткей иштөөгө негиз түзүлөт:

- Бирок спорт тармагынын көйгөйлөрүн мыкты билген кадрлардын аздыгынан, башталган реформалар аягына чыкпай калууда, -дейт Канат Аманкулов.

Бул агенттикти бир жылдай убакыт жетектеген Александр Войнов президенттин жарлыгы менен кызматынан бошоду. Жаңы түзүлгөн дене тарбия жана спорт боюнча агенттикке мурдакы мамлекеттик кызмат агенттигинин жетекчиси Айдарбек Керимкулов директор болуп дайындалды.

Өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралиновдун пикиринде, спорт тармагынын жетекчилерин тез-тез алмаштыруу оң натыйжа бербейт:

- Бул тармактын өзгөчөлүктөрүн билип, көйгөйлөрүн чечүү үчүн жок дегенде 4-5 жыл убакыт керек.
Мына ушундай эле пикирге Бишкек шаардык спорт комитетинин бөлүм башчысы Эркин Абдылдаев да кошулуп, агенттиктеги кадр саясатынын туруктуулугу спорттук ийгиликтердин өбөлгөсү болоорун “Азаттыкка” билдирди.

Бээжин олимпиадасында грек-рим күрөшүнөн күмүш жана коло байге уткан балбандар Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев баштаган Азия, дүйнө чемпионаттарында ийгилик жараткан жигиттерге өлкөгө эмгек сиңирген устат Эмил Алыкулов он жылдан бери улук машыктыруучу болуп келатат. Анын айтымында, дене тарбия, спорт боюнча агенттикке жетекчи жок дегенде бир олимпиадалык мөөнөт менен дайындалса, натыйжасы көрүнмөк.

Себеби эгемендүүлүк жылдарында спорт тармагын кимдер гана жетектеген жок. Эгемендүүлүккө жаңы жеткенде спорт тармагын төрт жыл жетектеген Эшим Кутманалиевди "ээрден" чыпырып түшүрүп, анын ордуна оор атлетика боюнча дүйнөнүн 4 жолку жана олимпиаданын чемпиону Каныбек Осмоналиев төрага болгон.

Кеңеш доорундагы дене тарбия жана спорт комитети Кыргыз Республикасынын дене тарбия, спорт жана Улуттук олимпиадалык кыймылын колдоо боюнча мамлекеттик комитет болуп түзүлгөн.

Каныбек Осмоналиевдин төрт жылдык бийлиги учурунда спорттук имараттардын көбү сатылып, спорт жабдуулар таланып-тонолуп кеткендигин сынга алып жүрүшөт.

Андан кийин бул тармакты төрт жыл мурдакы комсомолдук, партиялык ишмер маркум Мырза Капаров жетектеп, эгемендүү өлкө катары Кыргызстандын туусу алгач ирет Атланта олимпиадасында көтөрүлгөн.

Анын жетекчилиги учурунда мамлекеттик комитеттин тутуму өзгөрүп, туризм жана спорт министрлиги болуп кайрадан уюшулган.

Мырза Капаровдон кийин 1998-1999-жылдары спорт тармагын белгилүү кино режиссер Болот Шамшиев жетектеп, анын дагы бир топ ой-тилектери аткарылбай, максаттары ишке ашпай калды.

Андан кийин кайра туризм жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик болгон учурда бир жылга чукул парламенттин экс-депутаты, маркум Шералы Сыдыков жетекчи болуп турганда Бишкекте алгач ирет Борбор Азия оюндары өткөрүлгөн.

2000-2001-жылдары бул тармакты спорт чөйрөсүнөн кыйла алыс, негизги кесиби телерадио инженер Асанбек Үсөкеев башкарды.

2001-жылы агентиктин тутуму дагы өзгөрүп, туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитет болуп кайрадан түзүлүп, ага туризм тармагынын ишмери Өкмөтбек Алмакүчүков беш жылдай жетекчи болду.

Өлкөдөгү март ыңкылабынан кийин бул тармакты жаштардын өкүлү Бектур Асанов үч жылдан ашуун убакыт башкарып турду. Анын учурунда курамында мамлекеттик комитетке жаштар саясаты жана балдарды коргоо милдети дагы жүктөлүп, агенттик болуп кайра түзүлгөн.

Былтыр бул спорт тармагына “Гермес-профи” спорт клубунун президенти Александр Войнов жетекчи болуп дайындалган. Адистердин айтымында, Александр Войнов реформанын шылтоосу менен олимпиадалык даярдоо борборун жоюп, кырктан ашуун машыктыруучулар ишсиз калган.

Ошондой эле агенттикке бир жылга бөлүнгөн каражат жети айда сарпталып, учурда кыргыз спортчулары Вьетнамда өтүүчү жабык имараттардагы Азия оюндарына жана бир катар Азия, дүйнө чемпионаттарына катышпай шаабайы сууп турушат.

Жаңы түзүлгөн дене тарбия жана спорт боюнча агентиктин жетекчиси болуп дайындалган Айдарбек Керимкулов бул тармактын тутуму, бөлүмдөрү жана көйгөйлөрү менен жаңыдан таанышып жаткандыгын айтып, алдыдагы иш-чаралары тууралуу кийин кабарлашалы деп, “Азаттыкка” билдирди.

Кеңеш доорунда бул спорт тармагын Дөлөн Өмүрзаков отуз жылдан ашуун убакыт жетектеп, өлкөдөгү ири спорт жайларын, стадиондордун курулушуна, Москва олимпиадасында кыргызстандык спортчулардын мөрөй алышына салым кошкон.
XS
SM
MD
LG