Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:24

Вьетнамда III Азия оюндары өтүүдө


Вьетнамдын Ханой жана Хошимин шаарларында үчүнчү Азия оюндары өтүүдө.

Бул Азия оюндарында 45 өлкөнүн спортчулары мөрөй талашууда. Кыргызстандык жүзгө жакын спортчу ушул Азия оюндарына барууга бир жылдан бери даярдык көрүп, машыгууларды өткөрүшкөн.

Тилекке каршы, Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекетик агентиги каражат маселесин чечип бербегендиктен атайын чакыруу алып, каттоодон өткөн жүзгө жакын кыргызстандык спортчу Вьетнамдагы үчүнчү Азия оюндарына барбай калышты.

Ошондой болсо дагы Кыргызстандын туусун Азия оюндарында көтөрүп, демөөрчүлөрдүн жардамы менен чакан делегацияны Вьетнамга баштап барган өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов аттанаар алдында «Азаттыкка» мындай деген эле.

-Мындай Азия оюндары төрт жылда бир өткөрүлүп, таасири артып баратат. Тилекке каршы, өкмөттөн каражат бөлүнбөй Кыргызстандын тандалган мыкты спортчулары Вьетнамга барбай, арманда калышты. Мындай жагдайдан чыгуу үчүн демөөрчүлөрдү таап, 7 спортчуну алып баруу менен Кыргыз туусун Азия оюндарында көтөрүп чыкмак болуп, аттанып жатабыз. Ал жерде Азия олимпиадалык кеңешинин Конгресси да болуп, бир топ маселелерди дагы талкууга алабыз.

Ошентип айласыздан 7 спортчу менен Кыргызстандын делегациясы жабык имараттагы үчүнчү Азия оюндарына катышууда. Алар спорттук бий, жеңил атлетика жана сууда сүзүү боюнча өлкө намысын коргоп жатышат.

Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы, Жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкуловдун пикиринде, Азия оюндарында жок дегенде 4-5 медаль жеңип келүүгө дарамети жеткен спортчулардын деми сууп, мелдештерге барбай калышты.

Бир жыл мурда спорттук иш-чаранын катарына кирген бул Азия оюндарына каражат табылбай калганын өлкөнүн дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентигинин жетекчисинин орун басары Алмаз Касенов да моюнга алып, бюджеттен спортко каражат өтө аз бөлүнгөнүн айтты.

Жабык имараттагы Азия оюндарын өткөрүү демилгесин Тайланддын улуттук олимпиада комитети көтөрүп, Азия олимпиадалык кеңеши колдоого алган.

Биринчи Азия оюндары 12-ноябрдан 22-ноябрга чейин Бангкокто өткөрүлүп, ага Азия аймагындагы 37 өлкөнүн спортчулары катышкан. Спорттун 13 түрү боюнча өткөн мөрөй талашууларда Казакстандын улуттук олимпиадалык командасы 25 алтын, 15 күмүш жана 6 коло байгелүү болуп, жалпы командалык биринчи орунду ээлеген.

Бирок Казакстандын командасынын айрым мүчөлөрү кызытма колдонгон деген шектенүүнү жаратып, текшерүүгө алынган. Себеби бир алтын медалдын айрымасы менен кытайлыктар казакстандыктарга утулуп калып, экинчи орунга түшүп калышканынан допинг текшерүүнү талап кылышкан, дешет адистер. Анда кытайлыктар 24 алтын, 18 күмүш жана 15 коло медалга татыктуу болушкан.

Оюн ээлери тайланддыктар 20 алтын, 21 күмүш жана 33 коло байгелүү болуп, командалык эсепте үчүнчү орунду камсыз кылышкан.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн өзбекстандык спортчулар да айырмаланып 5 алтын, 8 күмүш, 9 коло медаль жеңип, жетинчи орунга жеткен. Бул командалары толук курамы менен катышкан Азия өлкөлөрүнүн жетишкендиктери.

Каражат маселеси кендирди кесип, Кыргызстандан жабык имараттардагы биринчи Азия оюндарына кичи футбол командасы жана суучул спортчулар гана барган.

Бангкоктогу жабык имараттардагы биринчи Азия оюндарында кыргызстандык суучул Юрий Захаров коло медаль жеңип алууга жетишкен.

Ошентип Кыргызстан жалгыз коло байгеси менен Азия аймагындагы 37 өлкөдөн 24-орунга илинди.

Бангкоктогу жабык имараттагы биринчи Азия оюндарына күйөрман, турист катары Жогорку Кеңештин ошол учурдагы депутаттары Мелис Эшимканов, Тайырбек Сарпашев, Садыр Жапаров жана өлкөнүн дене тарбия, спорт боюнча мамлекеттик агентигинин мурдакы жетекчиси Бектур Асанов барып келишкен.

Жабык имараттагы экинчи Азия оюндары Макао өлкөсүндө 2007-жылы өткөрүлүп, мында баш байгени кытайлык спортчулар жеңип алышкан.
XS
SM
MD
LG