Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:04

Азия оюндарындагы кыргыз спортчуларынын жеңиши


Вьетнамда спорттун 18 түрү боюнча жабык имараттагы үчүнчү Азия оюндары жыйынтыкталды. Мында кыргызстандыктар 2 алтын, 2 күмүш, 1коло байге алышты.

Вьетнамдын Ханой жана Хошимин шаарларында жабык имараттагы үчүнчү Азия оюндары 8-ноябрда жыйынтыкталды.

Бул Азия оюндарында Азия континентиндеги 45 өлкөнүн спортчулары спорттун 18 түрү боюнча мөрөй талашты. Кыргызстандык 105 спортчу ушул Азия оюндарына барууга бир жылдан бери даярдык көрүп, машыгууларды өткөрүшкөн.

Тилекке каршы өлкөнүн дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги каражат маселесин чечип бербегендиктен атайын чакыруу алып, каттоодон өткөн 95 кыргызстандык спортчу Вьетнамдагы үчүнчү Азия оюндарына барбай өкүттө калышты.

Ушундай кыйын кырдаал болсо дагы Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетинин жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен өлкө туусу Азия оюндарында көтөрүлдү. Чакан делегацияны Вьетнамга өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов баштап барып, катардан калган жок.

Кыргызстандык балбандардын жана спорттук бийчилердин ийгиликтери тууралуу команданы Вьетнамга коштоп барып, устаты жок спортчуларга жол көрсөтүп, кеңеш берип жүргөн өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Саламат Эргешов «Азаттыкка» мындай деди:

- Айласыздан 9 спортчу менен Кыргызстандын делегациясы жабык имараттагы үчүнчү Азия оюндарына катышып, бел кур күрөшүнөн эки балбан 2 алтын, 2 күмүш, спорттук бий боюнча 1 коло медалдын ээлери болушту. Бир жөө күлүк жана эки суучул жигит өлкө намысын коргоп, жарым финалда утулуп калышты. Спорттук бийдин «Румба» түрү боюнча кыргызстандык жуп Алексей Кибалко жана Виктория Качалко үчүнчү орунду ээлеп, коло байгелүү болушту. 9 спортчу тең машыктыруучусуз барышты. Эреже боюнча устаты жок спортчунун мелдештерге катыштырбайт. Ошондуктан баарын мен машыктыруучу катары алып чыгып, ар дайым коштоп жүрдүм.

Атап айтканда, бел кур күрөшүнөн 73 кг. салмакта кыргызстандык Арсений Фуфачев бардык аттаандаштарын жеңип, жарым финалда вьетнамдык Нго Чи Танга туш болду. Жалпы вьетнамдыктардын сүрөөнгө алганына карабай Арсений Нго Чи Танды артыкчылык менен утуп баш байгеге талапкер аталды.

Жабык имараттар ичиндеги 3-Азия оюндарынын финалында кыргызстандык Арсений Фуфачев жапон балбаны Канака Хурозумини утуп алуу менен, Азия оюндарынын чемпиону аталып, алтын медаль тагынды.

Ал эми бел кур күрөшүнүн 81 кг. салмагында күч сынашкан кыргызстандык балбан Темирлан уулу Салават дагы бардык атаандаштарын утуп алды. Салаваттын жарым финалдагы атаандашы өзбекстандык Рустамжан Умаров болуп, Салават аны 5:0 эсебинде жеңип, финалга чыкты. Баш байге үчүн күч сынашуу Салават үчүн кыйынга турду. Себеби аны менен килем үстүндө вьетнамдык До Трунг Киен таймашып, калыстар ага жан тартканына карабай Салават утуп, жабык имараттардагы 3-Азия оюндарынын алтын байгесине татыктуу болду.

Ошондой эле ушул эки балбан бел кур күрөшүнүн эркин ыкмасында дагы жарым финалга чейин жетип, 2 күмүш байгелүү болгонун өлкөнүн дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентигинин жетекчисинин орун басары Алмаз Касенов «Азаттыкка» маалымдады:

- Бул эки жигит грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпиондору болгон. Экөө тең спорт чеберлери. Эми өкмөттөн кошумча каражат бөлүнсө алар кетирген чыгымдарды төлөп беребиз.

Вьетнамда өткөн жабык имараттагы үчүнчү Азия оюндарында жалпы командалык эсепте кытайлыктар биринчи орунду ээледи. Алар бул ирет 48 алтын, 25 күмүш жана 19 коло медаль жеңип алышты. Экинчи орунду ээлеген вьетнамдыктар 42 алтын, 30 күмүш жана 22 коло байгелүү болушту.

Байгелүү үчүнчү орун Казакстандын спортчуларына буюрду. Алардын делегациясынын курамын 145 спортчу түзүп, спорттун 18 түрү боюнча мөрөй талашты. Натыйжада казакстандыктар 21 алтын, 16 күмүш жана 21 коло байгелүү болушту.

Өзбекстандын делегациясынын курамын 125 спортчу түзүп, алар Вьетнамдагы Азия оюндарында 5 алтын, 9 күмүш, 10 коло медалдын ээси болушту. Кыргызстандыктар болсо 2 алтын, 1 коло байгеси менен 32 орунду камсыз кылышты.

Жабык имараттагы Азия оюндарын өткөрүү демилгесин Тайланддын улуттук олимпиада комитети көтөрүп, Азия олимпиадалык кеңеши колдоого алган.

Биринчи Азия оюндары 12-ноябрдан 22-ноябрга чейин Бангкокто өткөрүлүп, ага Азия аймагындагы 37 өлкөнүн спортчулары катышкан. Спорттун 13 түрү боюнча өткөн мөрөй талашууларда Казакстандын улуттук олимпиадалык командасы 25 алтын, 15 күмүш жана 6 коло байгелүү болуп, жалпы командалык биринчи орунду ээлеген.

Бирок Казакстандын командасынын айрым мүчөлөрү кызытма колдонгон деген шектенүүнү жаратып, текшерүүгө алынган. Себеби бир алтын медалдын айырмасы менен кытайлыктар казакстандыктарга утулуп калып, экинчи орунга түшүп калышканынан допинг текшерүүнү талап кылышкан, дешет адистер. Анда кытайлыктар 24 алтын, 18 күмүш жана 15 коло медалга татыктуу болушкан.

Каражат маселеси кендирди кесип, Кыргызстандан жабык имараттардагы биринчи Азия оюндарына кичи футбол командасы жана суучул спортчулар гана барган.

Бангкоктогу жабык имараттардагы биринчи Азия оюндарында кыргызстандык суучул Юрий Захаров коло медаль жеңип алууга жетишип, байгенин эсебин ачкан.

Жабык имараттагы экинчи Азия оюндары Макао өлкөсүндө 2007-жылы өткөрүлүп, мында баш байгени кытайлык спортчулар жеңип алышкан.

Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы, өлкөнүн жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов Азия оюндарында жок дегенде 4-5 алтын медаль жеңип келүүгө дарамети жеткен спортчулардын деми сууп, каражаттын жоктугунан мелдештерге барбай калышканына өкүнүп жүрөт.
XS
SM
MD
LG