Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:28

Президент Обама: АКШ Кытайга душман эмес


АКШ президенти Барак Обама суроолорго жооп бергенден кийин кытайлык студенттер менен кол алышууда. Шанхай. 16-ноябрь, 2009-жыл.
АКШ президенти Барак Обама суроолорго жооп бергенден кийин кытайлык студенттер менен кол алышууда. Шанхай. 16-ноябрь, 2009-жыл.

Президент Барак Обама Шанхайда студенттер менен болгон кездешүүдө АКШ жана Кытай өткөндүн сабактарын эске алышса өз ара тирешүү болбосун айтты.

Барак Обама Кытайдагы үч күндүк ырасмий сапарын шанхайлык студенттер менен жолугушуудан баштады. Кездешүүдө Барак Обамага суроолорду атайын тандалган студенттерден башка адамдар өкмөттүн бекем көзөмөлү астындагы Интернет аркылуу беришти.

Обама акыркы 30 жылда АКШ-Кытай мамилелери бир кылка өнүкпөгөнүн, бирок эки жак өткөн тажрыйбаны эске алса, өз ара карым-
Президент Барак Обама Шанхайдын Илим жана технология музйиндеги кездешүүдө суроолорго жооп берүүдө.
катнаш сыйда нукта өнүгөт деген ишенимин билдирди:

- Биз эгер мурдакы тажрыйбаны эсте кармасак, өз ара карама-каршылык болбойт. Ырас эле, өз ара кызматташуудан Кошмо Штаттар жана Кытай дагы өнүгөт, дагы коопсуз болот. Ага эки тараптын кызыкчылыгына таянып, бир бирибизди урматтасак жетишүү мүмкүн экенин көрдүк.

Барак Обама Шанхайдагы жолугушууда бардык адамдар, анын ичинде Кытай жарандары туулгандан тең укуктуу экенин, ошон үчүн алардын универсалдык укуктарын сактоо зарылдыгын баса белгиледи:

- Сөз эркиндиги жана ишеним эркиндиги, эркин маалымат алуу укугу жана саясый турмушка катышуу - жалпы адамзаттын универсалдык укуктары экенине ишенебиз. Бул укуктар бардык адамдарга, анын ичинде этникалык жана диний азчылыктар үчүн пайдалангандай болуш керек.


Батыш маалымат булактарынын кабарлашынча, Барак Обаманын кытайлык студенттер алдында сүйлөгөн сөзүн Шанхайдын телеканалы гана көрсөтүп, жалпы өлкөгө көрсөтүлгөн жок.

-Менин визитимдин максаты: Кытайды жана келечекте көздөгөнүн терең түшүнүү. Мен президент Ху менен бир нече жолу кездештим. Биз Чоң жыйырманын экономикадагы финансылык кризиске арналган саммитине чогуу катыштык. Биз бир катар маселелер боюнча масилээттештик. Ошентсе да, Кошмо Штаттар үчүн Кытайды, ошондой эле Кытай үчүн да Кошмо Штаттарды терең түшүнүү абдан маанилүү.


АКШ президентинин Кытайдагы сапары Вашингтон-Бээжин арасындагы соода тирешүүcү курчуп турган маалда өтүүдө. Кытай тарап Кошмо Штаттарды ички базарды коргоп, Кытайдын кээ товарларын экспорттоого жасалма бөгөт койууда деп күнөөлөдө.
Бээжиндин жайма базарында эң мыкты делген техниканын "көчүрмө нускалары", анын iPhonдор сатылат. 28-октябрь 2009


Вашингтон болсо Кытайды товарды сыртка көп сатуу үчүн улуттук акчасы - юанды атайылап кубаттандырбай жатат деп, өлкө ичиндеги керектөөнү стимулдаштырууга үндөөдө.

Бирок да президент Обама ырасмий Вашингтон Кытайдын кубаттануусуна бут тосуп, каршы аракеттерди жасабасын айтты:

- Бир өлкө сөзсүз түрдө башка өлкөлөрдүн эсебинен ийгиликке жетпейт. Ошон үчүн Кошмо Штаттар Кытайдын өнүгүүсүн кармоого умтулбайт деп ачык айта алат. Тескерисинче, биз Кытайдын күчтүү, гүлдөп-өскөн, улуттар шериктештигинин ийгиликтүү катышуусу болуусун каалайбыз.

Президент Обама эртең Кытай лидери Ху Цзянтао менен жолугушут. Тараптар соода маселесин, Иран жана Түндүк Кореянын ядролук программасын жана климаттын өзгөрүүсү сыяктуу орчун темаларды талкуулашы күтүлүүдө.


Барак Обаманын Азия сапары 18-ноябрда Түштүк Кореяда каарыйт.

XS
SM
MD
LG