Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:18

Жаш балбандар сындан өттү


Бишкекте эркин күрөш боюнча Кыргызстандын Кубогунун жеңүүчүлөрү аныкталды. Эки жүздөн ашуун балбан мөрөй талашты.

Эркин күрөш боюнча өлкө кубогуна арналган мөрөй талашуу Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын күрөш залында өттү. Мелдешке өлкөнүн ар аймактарынан келген 205 балбан катышып, сегиз салмак боюнча күч сынашты.

Натыйжада эң жеңил салмакта Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын окуучусу Айбек Ташматов баш байгенин ээси болду. Ал финалда токмоктук Изат Талгатбек уулун жеңип алды.

Мелдештин башкы калысы Зайдин Азизбаевдин пикиринде бул жолку өлкө Кубогунда жаштар сындан өтүп, мыкты балбандар Кыргызстандын тандалма командасына талапкер болушту.

55 кг салмакта баш байгени Бишкек шаарындагы №5-спорт мектебинин балбаны Улукман Маматов жеңип алды. Ага аз упай менен алдырып койгон бишкектик Самат Надырбек уулу күмүш байгелүү болду.

60 кг салмактын баш байгесин да Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын өкүлү Эрлан Абдыгулов утуп алды. Экинчи орунга Бишкек шаарындагы №5-спорт мектебинин балбаны Азамат Бейшеналиев ээ болду.

66 кг салмакта Кыргызстандын Кубогун Бишкектеги “Эмгек резерви” спорт коомунун өкүлү Адилет Раманов жеңип, мыкты балбан аталды.

74 кг салмакта Кыргызстандын Кубогуна Бишкектеги №5 спорт мектебинин өкүлү Эрлан Дөрбөнов татыктуу болду. Ал финалда Кыргыз мамлекеттик дене тарбия академиясынын балбаны Ахмед Мачиновду артыкчылык менен утуп алды.

Өлкө кубогуна ээ болгон Эрлан Дөрбөнов сегиз жылдан бери эркин күрөш менен машыгып жүргөнүн, эл аралык аренада Кыргызстанды таанытуу максаты экенин “Азаттыкка” билдирди.

84 кг салмакта өлкөнүн мыкты балбаны деп карабалталык Раман Сарыбаев аталып, биринчи орунду ээледи. Ал эми 96 кг салмактагы балбандардан бишкектик Дмитрий Чуплан биринчи орунду камсыз кылды. Оор салмакта өлкө Кубогунун ээси Бишкектеги 5-спорт мектептин балбаны Аскер Эсендиев болду.

Эми 3-декабрда Караганда шаарында өтө турган эл аралык мелдеште Кыргызстандын намысын жаш спортчулар коргошот- дейт өлкөнүн эркин күрөштөн башкы машыктыруучусу Анарбек Үсөнканов:

- Бул биринчиликте жаштарды сынап, мыктыларын курама командага кошконго аракет кылдык. Эми биз бул жаш уландар менен биргеликте Лондон олимпиадасына даярдык көрсөк деген максаттыбыз бар. Бээжин Олимпиада оюндарына катышкан спортчулардан Базар Базаргуриев гана курама командага мүчө болот. Ал эми калган спортчулар жаш муундун өкүлдөрү болмокчу.
50 кг салмакта Айбек Ташматов аттуу спортчубуз өзүн жакшы көрсөтүүдө. Ири мелдештерде Кыргызстандын намысын коргоп ийгиликтерди жаратат деген ойдомун. Буга чейин бир салмакта бир-эки эле мыкты спортчу болсо, азыр алардын саны көбөйүүдө. Ошондой эле Карагандада өтө турган турнирге дүйнөдөгү мыкты балбандар катышканы турат. Биз ар бир салмактан экиден спортчуну алып барып таймашка чыгарабыз. Кимиси мыкты ийгилик жаратса Кыргызстан курамасынын мүчөсү аталып, өлкө намысын коргойт.

Эл аралык калыс, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Базарбек Чаловдун пикиринде бул мелдеш эркин күрөшкө кызыккан жаштар арбын экенин айгинеледи.
XS
SM
MD
LG