Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Кыргызстанды эл аралык аренада тааныткандар


Кыргызстандын жеңил атлеттер командасы
Кыргызстандын жеңил атлеттер командасы

Кыргызстандык бокс чеберлери жана спорт бийчилери Казакстандагы эл аралык мелдештерде мөрөй алышты. Бишкекте маалымат каражаттарынын өкүлдөрү стол тенниси боюнча күч сынашты.

Казакстандын Актау шаарында бокс боюнча Казакстандын алгачкы спорт чебери Шокрух Балтек уулун эскерүү боюнча эл аралык мелдеши өттү. Мында 81 кг салмактагы булгаары мээлей чеберлеринин күч сынашуусунда Кыргызстандын “Динамо” спорт коомунун өкүлү Жалган Осмонов баш байгени утуп, алтын медаль тагынды.

Ошондой эле 91 кг салмакта бишкектик Сергей Поренко экинчи орунду камсыз кылып, күмүш байгелүү болду. Ушул салмактагы рингдеги күч сынашууда бишкектик Мыктыбек Мамасалиев үчүнчү орунду ээледи.

Мындан сырткары кыргызстандык үч жигит дагы коло байгелүү болушту. Алар 60 кг салмактагы Эрмек Сакенов менен Азамат Калмаматов жана 69 кг салмактагы Акматали Мадалиев үчүнчү орунду камсыз кылышты.

Алматы шаарында спорттук бий боюнча “Күзгү вальс” аттуу эл аралык мелдеш соңуна чыкты

Мында Орусия, Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстандын спорттук бийчилери мөрөй талашты. Натыйжада кыз-жигиттер арасында кыргызстандык бийчилер Алексей Кибалко менен Виктория Качалка экинчи орунду ээлеп, күмүш байгелүү болушту. Бишкектик бийчилер Михаил Камарда менен Валерия Качалка да төртүнчү орунга илинип, жаш бийчилер тажрыйба топтой алышты.

Ошондой эле улан-кыздар арасындагы спорттук бий өнөр сыноосунда бишкектик Артем Камарда менен Эвелина Михайленко үчүнчү орунду ээлеп, коло медаль тагынды. Кыргызстандан Алматыга барган жаш бийчилер Алексей Чебаков менен Ирина Лысенко төртүнчү орунга татыктуу болушту.

Бишкекте “Карвен-стол теннис борборунда” журналисттердин мелдеши жыйынтыкталды

Командалык эсепте биринчи орунду «Вестник здорового образа жизни» гезитинин кызматкерлери Фархад жана Алишер Якупбаевдер утуп алышты. Экинчи орун «Омега» жумалыгынын өкүлдөрү Азат Аземов менен Канат Өмүралиевге ыйгарылды. Байгелүү үчүнчү орунду «Витрина» жумалыгынын кызматкерлери Айнура Качиева менен Азиз Байбеков камсыз кылышты.

Стол тенниси боюнча кыз-келиндер арасындагы жеке таймашта «Витрина» жумалыгынын кызматкери Айнура Качиева баш байгени утуп алды. “Кабар” маалымат агентигинен Бегайим Алыбаева экинчи, «24.kg» маалымат агентигинен Ксения Толканева үчүнчү орундарды камсыз кылышты.

Жигиттер арасындагы мөрөй талашууда “Кабарлар” радиосунун өкүлү Муслим уулу Тилек биринчи орунду ээлеп, алтын медаль тагынды.

“Эркин Тоо” гезитинин спорттук баяндамачысы Асан Жунусовдун пикиринде өлкөгө таанылган маалымат каражаттарынын өкүлдөрү мелдешке чакырылбай калганы өкүнүчтүү.

Бишкекте жеңил атлетиканын 85 жылдыгына карата кросс жарыштары өткөрүлдү

Жөө жарышка жаштар, ардагерлер катышты. Алардын катарында 86 жаштагы фото журналист Петр Чесноков үлгү болуп жүрдү. Кросстун катышуучулары 2 миң 750 метр жана 5 миң 500 метрге жарышып, жаш курактарына жараша Василий Вавильченков, Рахман Исмаилханов, Эльвира Смадиярова жана Елена Семенова биринчи орундарды камсыз кылышты.

Өлкөнүн жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкуловдун айтымында, Кыргызстандын жеңил атлетикасынын өнүгүшүнүн 85 жылдыгына карата үч тарыхый китеп жана даректүү тасма жарык көрдү. Ошондой федерациянын кайра-шайлоо жыйыны 18-декабрда Бишкекте өткөрүлөт.

Муз үстүндө ардагерлер беттешти

Ошондой эле өткөн жекшемби күнү Бишкектеги шаардык муз аянтында шайба хоккейи боюнча Кыргызстандын “Хан-Теңири” командасы менен Казакстандын “СКИФ” ардагерлер командалары беттешти.

Казакстанда элүү жылдан бери хоккей ойнолуп келатканын эске алсак, Бишкекте былтыр курулган муз сарайында хоккей ийрими түзүлгөнүнө саналуу гана айлар болду. Ал эми Жумгал районунда кышкысын гана хоккей боюнча он жылдан бери мелдештер ачык асман астында өткөрүлүп келатат.

Өлкөнүн хоккей федерациясынын жетекчиси Мурат Жакыповдун пикиринде казакстандык хоккейчилер менен болгон беттешүү тажрыйба алмашуу иретинде өткөрүлдү.

Жолдоштук мелдештин жыйынтыгында 7:3 эсебинде алматылык хоккейчилер жеңишке жетишти.

Эми 2010-жылы январда өлкөнүн хоккей федерациясы мелдештерге жол ачып, тандалма команда түзүү менен алектенип жатат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG