Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:08

Валентина Шевченконун Таиланддагы жеңиши


Таиландда өткөн тай бокс боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык Валентина Шевченко алтынчы ирет дүйнө чемпиондугун сактап калды.

Бангкок шаарында спорт ышкыбоздорунун арасында тай бокс боюнча дүйнөлүк чемпионатка Кыргызстандын чакан командасын өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучулар Павел Федотов баштап барды.

Таиланддагы дүйнөлүк таймашууларда дүйнө көп жолку чемпиондору Валентина жана Антонина Шевченко, спорт чеберлери Рафаэль Физиев, Шахриза Халилова жана башкалар Кыргызстандын туусун көтөрүүгө аракет кылышат. Бул кыз-жигиттер тай бокстун муай тай ыкмасында күч сынашты.

Команданын катарындагы спортчулардын эң тажрыйбалуусу 60 кг салмактагы Валентина Шевченко бардык атаандаштарын жеңип, финалда белорусиялык Алена Муратова менен беттешти.

Алена былтыр Түштүк Кореяда өткөн дүйнө чемпионатында Валeнтинанын эжеси Антонина Шевченко менен баш байге үчүн таймашкан чыккан. Мында дагы кыргызстандык Антонина атаандашын жеңип, дүйнө чемпиону аталган.

Тайландда дагы белорусиялык Алена Муратованын жолу болбой кыргызстандык Валентинадан жеңилүү ызасын тартып калды.

Өлкөнүн дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентигинин башкы адиси Канат Арпачиевдин айтымында Валентина Шевченко тай бокстун муай тай ыкмасы боюнча дүйнө чемпиондугун алтынчы ирет сактап калды.

- Кыргызстанда тай бокс боюнча Азиянын, дүйнөнүн чемпионаттары, эл аралык көп мелдештер өтүп, кыз-жигиттерибизди дүйнө жүзү таанып, билет. Биздин өлкөдө спорттун бул түрү өнүгүп-өсүп келатат. Айрыкча биздин кыздардын даярдыгы дурус. Азияны, Европаны, дүйнөнү жеңип жүргөн эже-сиңдилер Антонина менен Валентина Шевченколор башкаларга үлгү. Алар ар дайым үмүт актап келатышат. Тай бокстун муай тай ыкмасында биздин кыз-жигиттер күчтүүлөрдүн катарында жүрүшөт.

Ошондой эле кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев 63,5 кг салмакта бардык атаандаштарын утуп, ал дагы финалда белорусиялык жигиттке туш болду. Таймашуу курч мүнөздө өткөнүн спорт адистери айтышып, калыстар жеңишти кыргызстандык Рафаэлге ыйграганы менен ортодогу башкы калыс белорусиялык жигиттин колун көтөрүп, утушту ага ыйгарып койду. Калыстардын айынан кыргызстандык Рафаэль Физиевге күмүш медаль ыйгарылды.

Бангкоктогу дүйнө чемпионатында кыз-келиндер арасындагы тай бокс таймашууларында жеңил салмактагы Шахриза Халилова үчүнчү орунду камсыз кылуу менен коло медаль тагынды.

Бокс жана кикбоксинг боюнча Азия, дүйнө чемпионаттарында калыстык кылып жүргөн эл аралык калыс, өлкөгө эмгек сиңирген спорт кызматкери Мамыт Акеровдун пикиринде кыргызстандык кыз-жигиттердин мыкты даярдыгын, чеберчилигин көрсөтүү менен мөрөй алышты.

Өлкөнүн бокс федерациясынын башкы катчысы, эл аралык калыс Бедалы Алымкуловдун пикиринде олимпиадалык түр болгон бокстан ийгиликке жетпеген чабал кыз-жигиттер тай бокс, кикбоксинг боюнча төмөнкү ыкмаларда дүйнө чемпиону болушканы спорт күйөрмандарын күдүк ойлорго түртөт.

-Кыргызстандын бокс спорт тарыхында 80 жыл ичинде дүйнөнүн 3 гана чемпиону чыккан. Бокс менен ийгилик жарата албаган, спорт чебердигине талапкер да боло албаган кыз-жигиттер тай бокс, кикбоксинг боюнча дүйнөнүн көп жолку чемпиону болгону спорт күйөрмандарын жөн эле жээликтирип жүрөт. Тай бокстун бир нече ыкмалары бар. 3-4 өлкөнүн спортчулары чогулса эле ар кайсы ыкма боюнча дүйнө чемпионатын уюштуруп, спорттук шоу катары өткөрө беришет. Бир же эки чабал атаандашын утса эле, дүйнө чемпиону дешип, өздөрүн даңазалап калышат. Бул жөн эле спорт тармагындагы көз боемочулук же оюн-зоок, шоу десек да болот.

Тай бокстун муай-тай версиясы боюнча Эл аралык кеңештин чечими менен кыргызстандык Валентина Шевченко былтыр "2008-жылдын дүйнөдөгү эң мыкты тайбоксчусу" деп таанылган. "Жылдын эң мыктысы" деген Кубокту Валентинага Эл аралык муай-тай федерациясынын президенти Сакчай Папсуван тапшырган.

Тайланддан мөрөй алышкан тай боксчулар Кыргыз жергесине 8-декабрда кайтып келишет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG