Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:29

Салафизм кимдерге кандайча коркунучтуу?


Салафизмди, тактап айтканда, арабдардын турмуш-салты менен гана байланышкан исламдын эң алгачкы көрүнүшүн жактагандар Кыргызстанга да коркунуч апкелүүдө деген пикирлер өкүм сүрүүдө.

Салафизмдин коркунучтуулугун кыргыз коомчулугуна эскерткендердин бири – Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын деректири Каныбек Осмоналиев өз жүйөсүн ортого салды:

- Кийинки учурларда исламдын те алгачкы учурдагы мыйзам ченемдүүлүктөрүн Кыргызстанга эле эмес, Борбордук Азияга таңуулагандардын бири – ушу салафизм. Биздин кошуна өлкөлөр - Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан салафизмди экстремизм менен тыкыс байланыштырып, тыюу салганы бекеринен эместир. Себеби, алар ашкере түрдө эле илгерки араб элинин турмуш-салттарын азыркы бизге таңуулай беришет.

Каныбек Осмоналиевдин пикири боюнча, салафилер кыргыздын маркумду жерге коюу расмилерине толук каршы. Арабдардай кийинүүнү, арабдардай сакал коюуну талап кылышып, ал тургай азыркы заманга таандык болгон маалыматтык-коммуникациялык илимди да толугу менен жерийт.

Мусулман дин ишмери Абдышүкүр Исмаилов салафилердин башка бир өзгөчөлүгүнө – алар Жараткандын жалгыздыгына гана аябай басым жасоо менен, мезгилдин талабына ылайык айрым бир нерселердин өзгөрүүгө учурашын тен албагандыгына токтолду:

- Айрыкча фанаттары жаман көрсөтүп коюп атат салафилерди. Мисалы, кимдир-бирөөлөр кайсы бир нерсени туура эмес жасап коюшту – алар ширк кылды, демек, өлтүрүш керек, алардын каны адал дегене чейин барышат.

Салафизмди бир катар мусулман өлкөлөрү жеригендигин Абдышүкүр Исмаилов да танбайт. Албетте, Саудиянын аларды жектебестиги белгилүү. Бирок Пакистан же башка суфий жамааттары бар өлкөлөрдө тыюу салып атышат. Анткени, салафилер суфилерди каапырга теңеп салган учурлар бар.

Өзүн салафи деп эсептебеген, бирок, салафизмге ылым санаган Жумагазы Желдеңовдун пикири:

- Таза суу ичкенге эч ким каршы эмес, ал тургай таза арак ичкенге эч ким каршы эмес, анан эле таза исламга барууга, аны таза кармайбыз дегендерге эмне үчүн каршы чыгышат – түшүнбөймүн. Салафилер таза ислам үчүн күрөшүп жатышпайбы.

Жумагазы Желдеңов салафилердин өлүмгө кыйып ийчү катуулугу бар экендигин да жакшы билет. Бирок дин катуу болбосо диндик касиетинен чыгып кетет, салафилерге караганда исламды бузуп пайдаланып аткандар канча көп адамдарды өлтүрүп атышат – террорист болуп жардырып деген ойдо.

Ал эми мусулман дин ишмери Дүйшөн-ажы Абдуллаевдин пикиринде, салафилердин айынан азыркы ислам дининин кадыры кетиши толук мүмкүн.

Салафизм өзү Мухаммед пайгамбардын көзү өткөндөн кийин пайда болгон.

XS
SM
MD
LG