Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:18

Мергендердин жана оор атлетчилердин Азия сыноосу


Дохада ок атуудан Азия чемпионатында кыргызстандык мергендер мөрөй талашууда.17-декабрда Дубайда оор атлетика боюнча Азия биринчилиги башталат.

16-декабрда Дохада ок атуу боюнча Азия чемпионаты башталды. Бул Азиялык таймашууларга Кыргызстандын ок атуу боюнча тандалма командасына өлкөнүн улук машыктыруучу Тахир Исмаилов баш-көз болуп жүрөт.

Өлкөнүн Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентигинин башкы адиси Канат Арпачиевдин жоромолунда Дохадагы Азия чемпионатында кыргызстандык мергендер Руслан Исмаилов жана Аскат Токмоков байгелүү орундарга илинип калуусу ыктымал.

Кыргызстандык мерген кыздар Сабина Исмаилова, Айпери Алмазова жана жаш жигиттер Нооруз Акбар уулу менен Даниил Белинов 2010-жылы Сингапурда өтө турган дүйнөлүк жаштар олимпиадалык оюндарына катышууга жолдомо алуу үчүн мөрөй талашып, жаза атпай, аракет кылып жатышат.

Спорт ишмери Касымкул Оболбековдун айтымында мергендерди эмдиги жылы Гуанжодо боло турган 16-Азия оюндарына сыноо үчүн Дохадагы Азия биринчилигинин мааниси зор.

- Ошондуктан бир жыл боюу даярдык көргөн бардык мергендерди Азия чемпионатына алып барып сындан өткөрүү керек болчу. Каражаттын жоктугун шылтоолоп, спортчулардын демин суутушту.

Кыргызстандын дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер Бообек Кадыркуловдун пикиринде өлкөдө ок атуу спортуна көңүл бурулбай, жалгыз Руслан Исмаилов үмүттү актай албай келатат. Ошондуктан айылдык мерген кыз-жигиттерге шарт түзүү учур талабы.

Өлкөнүн ок атуу жана дзюдо федерацияларынын президенти Марат Бакиев болгону менен кыргызстандык 6 мергенге гана Азия чемпионатына каражат өп-чап табылып, Айсулуу Курманбек кызы баш болгон айрым мерген кыз-жигиттерге каражат маселеси чечилбей Азия чемпионатына барбай арманда калышты.

Чоюн билек балбандар Азиялык таймашта

17-декабрда Дубайда оор атлетика боюнча жаштар арасында Азия чемпионаты башталат. Жыл аягы болуп, каражат маселеси тартыштыгынан улам бул Азиялык таймашууга эки балбан аттанып барышты. Алар Азия чемпионаттарында байге алып жүргөн Султан Өмүржан уулу менен Изат Артыков.

Атасы, агалары кыргызды дүйнөгө, Азияга тааныткан Молдодосовдордун кенжеси Султан 62 кг салмактагы балбандар менен мөрөй талашууга чыгат. Келечегинен үмүткөр кылган Султан 2008-жылы уландар арасында Азия чемпиону болуп, спорт адистеринин көңүлүн бурган.

Быйыл Ташкентте өткөн Азия Кубогунда коло байге утуп, чоңдор менен дагы теңтайлашып, намыстуу жаш жигит экенин далилдеген. Ал 122 кг салмакты жулкуп, 147 кг салмакты түртүп көтөрүп, дагы далай бийиктиктерди багынтуу максаты. Бул ирет дагы Дубайда кыргыз өңүн таанытсам деген тилекте.

Ал эми Изат Артыков дагы 1993-жылкы жаш улан. Ал 56 кг салмактагы балбандар менен намыс талашууну көздөп Дубайда мөрөй талашка чыгат. Изат да мурдакы мелдештерде 97 кг салмакты жулкуп, 115 кг салмакты түртүп көтөргөн. Ал дагы 2010-жылы Сингапурда өтө турган жаштар арасындагы дүйнөлүк олимпиадага жолдомо алууга дилгирленип, Дубайда арбын упай топтоого, мөрөй алууга белгенип турат.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, өлкөнүн оор атлетика боюнча башкы устаты Үсөн Майназаров Азия чемпионатына жети балбанды даярдаганы менен каражаттын жоктугунан эки жигитти алып баратканын “Азаттыкка” билдирген эле.

-Жыл аяктап бараткандыктан каражат тартыш болгондуктан жаштар арасындагы Азия чемпионатына эки гана жигитти алып баратам. Биз алгач жетинин бир кыдыр дегендей жети балбанды даярдап, машыгууларды өткөргөнбүз. Ал түгүл ушул эки жигитке дагы каражатты карыздап таптык. Ошол жети балбандан жок дегенде үч-төртөө 2010-жылы Сингапурда өтө турган жаштар арасындагы дүйнөлүк олимпиадага жолдомо алып калышы ажеп эмес эле. Бармак тиштеп, ичтен күйүп, Дубайга аттанып баратабыз.

Карагандадагы кармаш

Ошону менен бирге кыргызстандык бокс чеберлери Азат Усубалиев ( 51 кг), Медер Мамакеев ( 54 кг), Нурлан Кабашев ( 57 кг), Азамат Калмаматов ( 60 кг), Руслан Карипов (75 кг) жана башкалар Караганда шаарына барышты. Бул жерде 18-декабрда Казакстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Галым Жарылгаповду эскерүүгө аргалган эл аралык мелдеш башталат. Жеңүүчүлөр 22-декабрда аныкталат.
XS
SM
MD
LG