Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:54

Азияда Султандын коло медалы, биринчи көркөм муз тебүү фестивалы


21-декабрда Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарынан кубанычтуу кабар келди. Бул жерде өтүп жаткан оор атлетика боюнча жаштар арасындагы Азия биринчилигинде кыргызстандык Султан Молдодосов коло байгелүү болду. Бишекте алгачкы көркөм муз тебүү фестивалы өттү.

Азия чемпионатындагы Султандын коло медалы

18-декабрдан бери Дубайда оор атлетика боюнча жаштар арасында Азия чемпионаты өтүүдө. Жыл аягы болуп, каражаттын тартыштыгынан улам Азия биринчилигинде кыргызстандык эки балбан мөрөй талашууда. Алар: Султан Молдодосов менен Изат Артыков.

Өлкөдөгү оор атлетиканы өнүктүрүү борборунун жетекчиси, дүйнөнүн төрт жолку жана олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев Дубайда кыргызстандык балбан Султан Молдодосов коло байге утуп алганын “Азаттыкка” кубануу менен кабарлады.

-Агалары кыргызды дүйнөгө, Азияга тааныткан Молдодосовдордун кенжеси Султан 62 кг салмактагы балбандар менен мөрөй талашууга чыгып, үчүнчү орунду камсыз кылды. Бул жыл аяктап бараткандагы спорттогу жакшы ийгилик болуп саналат.

Келечегинен үмүткөр кылган Султан Молдодосов 2008-жылы уландар арасында Азия чемпиону болуп, спорт адистеринин көңүлүн бурган. Быйыл Ташкентте өткөн Азия Кубогунда коло байге утуп, чоңдор менен дагы теңтайлашкан. Ал 122 кг салмакты жулкуп, 147 кг салмакты түртүп көтөрүп жүрөт. Бул ирет Дубайда кыргыз өңүн таанытсам деген тилеги орундалды.

Дубайдагы жаштар арасындагы дүйнө чемпионатына катышып жаткан кыргызстандык Изат Артыков он алты жаштагы улан. Ал 56 кг салмактагы балбандар менен намыс талашууга даярдык көрүп турат. Изат да мурдакы мелдештерде 97 кг салмакты жулкуп, 115 кг салмакты түртүп көтөргөн. Ал дагы 2010-жылы Сингапурда өтө турган жаштар арасындагы дүйнөлүк олимпиадага жолдомо алууну максат кылып жүрөт.

Өлкөнүн оор атлетика боюнча башкы устаты Үсөн Майназаров Азия чемпионатына жети балбанды даярдаганы менен эки жигитке каражатты карыздап алып баратканын мурда “Азаттыкка” билдирген эле:

-Биз алгач жетинин бир кыдыр дегендей жети балбанды даярдап, машыгууларды өткөргөнбүз. Ал түгүл ушул эки жигитке дагы каражатты карыздап таптык. Ошол жети балбандан жок дегенде үч-төртөө 2010-жылы Сингапурда өтө турган жаштар арасындагы дүйнөлүк олимпиадага жолдомо алып калышы ажеп эмес эле.

Мергендер жаза атыштыбы же ...

16-декабрдан бери Катардын Доха шаарында ок атуу боюнча Азия чемпионаты өтүүдө. Бул Азиялык таймашууларга кыргызстандык мергендер катышууда.

Кыргызстандын ок атуу боюнча машыктыруучусу Замир Илмудиновдун айтымында ишеним арткан мергендер Руслан Исмаилов менен Аскат Токмоков кандай атып, кимдер менен мөрөй талашууларынын жыйынтыктары белгисиз болуп турат.

-Ошондой эле кыргызстандык мерген кыздар Сабина Исмаилова, Айпери Алмазова жана жаш жигиттер Нооруз Акбар уулу менен Даниил Белинов 2010-жылы Сингапурда өтө турган дүйнөлүк жаштар Олимпиадалык оюндарына катышууга жолдомо алыштыбы же жокпу аныгы билине элек.

Спорт ишмери Касымкул Оболбековдун айтымында өлкөдө ок атуу спортуна көңүл бурулбай, бишкектик мергендер үмүттү актабай келет.

-Мергендик кыргыздын каныда бар касиет бар. SPORT: Latest Domestic Sport News - 21sportKMa Ошондуктан Кожожаштай айылдык мерген кыз-жигиттерге көңүл буруп, аларга шарт түзүү учур талабы.

Өлкөнүн ок атуу жана дзюдо федерацияларынын президенти Марат Бакиев кыргызстандык 6 мергендин Азия чемпионатындагы аракетине кандай баа берип, жыйынтык чыгараар экен.

Карагандада эки жигит бокстан байгеге талапкер

18-декабрдан бери Казакстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Галым Жарылгаповду эскерүүгө арналган эл аралык мелдеште кыргызстандык бокс чеберлери да мөрөй талашып жатышат. Алардан 60 кг салмактагы Азамат Калмаматов менен 81 кило салмакта Жавлан Усманов жарым финалга чыкты. 22-декабрда жеңүүчүлөрдү аныктоочу беттешүүлөр өткөрүлөт.

Амангелди чокусун багындыргандар

Казакстандагы 3970 метр бийиктиктеги Амангелди чокусуна тез чыгуу боюнча альпинисттердин эл аралык мелдешинде Кыргызстандын командасы биринчи орунду ээледи. Мелдешке Кыргызстандан, Казакстандан жана Орусиядан алтымышка жакын аскага чыгуучулар катышкан.

Жеке таймашууда да кыргызстандык альпинист Анастасия Яхно биринчи орунду, Мария Попова - экинчи орунду камсыз кылышты.

Биринчи көркөм муз тебүү фестивалы

Бишкекте өлкө тарыхында алгач ирет көркөм муз тебүү фестиваль өттү. Аны Кыргызстан элдеринин ассамблеясы өзүнүн 15 жылдык мааракесинин алкагында уюштурду.

Кыргызстан элдер ассамблеясынын кеңешинин төрайымы Жаңыл Түмөнбаева бул иш чараны салтка айлантып, жыл сайын өткөрүп туруунун көздөп жатышкандыгын “Азаттыкка” билдирди.

-Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет көркөм муз тебүү боюнча "Көк жылгаяк" фестивалын уюштурдук. Анда республикадагы улуттук коомдор, бирикмелер өз алдынча команда түзүп бири-бири менен күч сынашты. Бул иш чара абдан кызыктуу өттү,- деди Жаңыл Түмөнбаева.

Муз үстүндөгү көркөм бийлерди Кыргызстандагы корейлердин коомдук бирикмеси, Татарлардын “Туган тел” маданий борбору, уйгурлардын “Иттипак” бирикмеси, карачайлардын “Ата-журт” ассоциациясы, орустардын “Гармония” маданий борборлорунун жана башка улуттардын өкүлдөрү тартуулады.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG