Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:29

Спорт жаңылыктары


Кыргызстандык хоккейчилер 2011-жылы Алматыда өтө турган кышкы Азия оюндарына расмий чакыруу алышты. Советтик легендарлуу хоккейчилер Бишкекке жолдоштук беттешүүгө келишет. "Дордой - Динамо” командасы Москвада өтүп жаткан Шериктештик кубогунда эки командадан утулду.

Кыргыз хоккейчилери Кышкы Азия оюндарына чакырылды

Кыргызстандык хоккейчилер 2011-жылы Алматыда өтө турган кышкы Азия оюндарына расмий чакыруу алышты.

Өлкөнүн хоккей федерациясынын президенти Мурат Жакыповдун айтымында быйылкы хоккей мелдештеринин ачылышы 23-январда Чаек айылындагы Шортон муз аянтында маркум Эркин Матыевди эскерүү турнири менен башталат.

Чаектеги мелдештен кийинки хоккей таймаштары Нарын шаарында, чечүүчү оюндар Бишкекте улантылат.

Советтик легендарлуу хоккейчилер Бишкекке жолдоштук беттешүүгө келишет

29-январда Кыргызстанда хоккей спортуна жергиликтүү калкты кызыктыруу максатында Орусиянын «Легенды советского хоккея» ардагерлер клубунун командасы Бишкекте жолдоштук беттешүүгө келмек болду.

Алардын катарында кеңеш доорунда хоккей менен дүйнөгө таанылган Сергей Макаров, Александр Якушев, Владимир Лутченко жана башка хоккей жылдыздары Бишкекке келээри макулдашылып жатат.

Евгений Ваккер Таймандын командасында ойнойт

Кыргызстандагы белгилүү велоспортчу, Азиянын чемпиону, Азия оюндарынын көп жолку жеңүүчүсү Евгений Ваккер жаңы жылдан баштап дагы жаңы команданын катарына кошулду. Буга чейин ал Германиядагы спорт клубунда көп жыл машыккан эле. Былтыр болсо Ирандын “Азад” спорт клубунунун атынан жарышка түшүп, ирандыктар менен тажырыйба бөлүшкөн.

Быйылтан баштап Евгений Ваккер Тайвандын “Giant” командасынын намысын коргоого келишим түздү. Евгений Ваккердин машыгуусу январда Ысык-Көлдө өтсө, февралда Индияда улантат. Ал эми март айында Тайванда өтө турган вело жарышка катышып, өнөрүн көрсөтөт. Апрель айында кайрадан Кыргызстандын атынан Азия чемпионатында мөрөй талашат.

Спорт адиси Касымкул Оболбековдун пикиринде Кыргызстанда велоспорт өнүкпөй калгандыктан Евгений Ваккер айласыздан чет өлкөлүк спортклубдары менен келишим түзүүгө аргасыз болууда.

Шериктештик кубогунда "Дордой-Динамонун" жолу болбоду

Футболдон Кыргызстандын 6 жолку чемпиону “Дордой - Динамо” командасы Москвада өтүп жаткан Шериктештер кубогунун быйылкы таймаштарында дагы жолу болбоду. Москвада 16-январдан бери Шериктеш өлкөлөрдүн жана Балтик деңизинин жээгиндеги мамлекеттердин 16 командасы мөрөй талашууда.

4 топко бөлүнгөн командалар ортосунда оюндар өтүп, “А” тобу күчтүү атаандаштарга туш болгон. “Дордойчулар” алгач Белорустун “Днепр” командасына 3:1 эсебинде жеңилди. Экинчи оюнду Орусиянын чемпиону Казандын “Рубин ” командасына каршы туралбай 2:0 эсеби менен утулду. Үчүнчү беттешүүдө латвиялыктар менен араң тең чыгышып, бир упайга ээ болушту.

“Заман Кыргызстан” жумалыгынын футболдук баяндамачысы Табылды Асыгалиев мындай жыйынтыкты кыргызстандык футболчулардын алсыздыгы, деңгээлинин төмөндүгү менен түшүндүрдү.

“Дордой-Динамо” клубунун алдыңкы оюнчусу Мирлан Мурзаев “Локомотивдин” катарында машыгууда. Ал эми африкалык легионерлер Дэвид Тетте менен Дэниэл Таго эч кандай түшүндүрмө бербестен Тажикстандын командасына өтүп кетишкен.

Жаңжал чыгарган жалдама оюнчулар Эл аралык футбол федерациясынын кийлишишүүсү менен кайра Кыргызстанга кайтып келишмек болду.

Алдыда боло турган спорттук иш чаралар

  • 21-январда Кожомкул атындагы спорт ордосунда Анатолий Грибановдун элесине арналып, волейбол боюнча кыз-келиндер клубдарынын арасында турнир башталды.

  • 22-январда Кант шаарындагы спорт борбордо кичи футбол боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты башталат.

  • 22-24-январда Казакстандын Павлодар шаарында бир тууган Ярмоленколордун элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча Эл аралык мелдеш өтмөкчү. Мелдеште 1993-1994-жылкы уландар мөрөй талашат. Анда Кыргызстандын намысын жети спортчу коргойт.

  • 30-январда кыргызстандык фехтования спорт чеберлери Италиянын Леньяно шаарында өтө турган эл аралык мелдешке сапар алышат. Алардын катарында Михаил Иванов, уландар арасында дүйнө чемпиону Евгений Зобницев, Бээжин олимпиадасынын катышуучусу Сергей Качурин жана Александр Черных бар.
XS
SM
MD
LG