Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:19

М.Саралинов: Баары келип каражатка такалат


12-февралда Ванкуверде 21-кышкы оюндарда өлкө намысын кимдер коргойт? Жайында Сингапурда болчу жаштардын дүйнөлүк олимпиадасына кимдер катышат? Бул жөнүндө Күрөш Федерациясына жетекчи болуп шайланган Мурат Саралинов кеп кылат.

“Азаттык”: - Мурат мырза, жакында эле Күрөш федерациясына дагы жетекчи болуп шайландыңыз? Кандай багытта ушундай иш- чара болуп кетти?

Мурат Саралинов:- Федерация жетекчиси Максим Курманбекович Бакиев чоң өкмөттүн жумушуна киргенден кийин өзүнүн акыбалын баалап, “колуман келген жумушту жасадым федерацияга, ачыгын айтышым керек жумушум көп болуп, колум жетпейт” -деген чечим чыгарды. Мамлекеттик деңгээлде көп жумуштар бар деп, бул тармакты жакшы билесиз деген өтүнүч менен мени жетекчиликке кайра сунуш кылды. “Күрөш баалуу федерация, эртеңки күндө Кыргызстанды даңазалай турган жигиттер бар, ошондуктан сиз жетекчи болуңуз, талапкерлигиңизди коем”-деди.

Федерация мүчөлөрү, кеңеши мындай сунушту колдоп берди. Бул чоң жоопкерчилик, анткени эки чоң жетишкендикке ээ болгонбуз, Бээжин олимпиадасында Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев күмүш жана коло байге алышкан. Эми ошондон кем калбай кайра жумушту күчөтүп, күрөштөгү жетишкендиктерди 2012-жылы Лондондон көрсөтүш керек.

“Азаттык”: - Мына жакында Ванкуверде 21-кышкы олимпиадалык оюндар башталганы жатат. Кышкы олимпиадага Кыргызстандын командасын баштап баратасыз. Деги эле кышкы олимпиадалык оюндарга Кыргызстан канча жылдан бери катышып атат? Ванкуверде Кыргызстандын намысын кимдер коргошот?

Мурат Саралинов: -Биз эгемендүү өлкө болгону 1994-жылдан бери катышып келе атабыз, Лиллихамерде болсо Евгений Роппель деген биатлондон катышкан, 1998-жылы Наганада Александр Тропников деген биатлондон мөрөй талашкан. 2002-жылы Александр Тропников менен Дмитрий Чвыков катышкан. Үч олимпиадада ачыгын айталы, Орусиянын өкүлдөрү келип катышкан болчу. 2006-жылдан баштап Туриндеги кышкы олимпиадалык оюндарда биздин Иван Борисов тоо лыжасы боюнча өзүбүздүн жигитибиз катышып келген.

Ал эми азыркы Ванкувердеги кышкы олимпиадада дагы өзүбүздүн кызыбыз менен өзүбүздүн жигитибиз бара атат. Орусиянын спортчулары менен алек болбой, эки гана спортчу болсо да өзүбүздүн балдарыбызды алып бара атабыз. Алар лыжа жарыштарына катышуучу Ольга Решеткова менен Дмитрий Трелевский. Ольга 10 км, 15 км жана 30 км лыжа жарыштарына Кыргызстандын намысын коргойт. Дмитрий Трелевский тоо лыжасынын тоодон ылдам түшүү түрү боюнча катышат.

Акыркы кезде Кыргызстанда менчик болгону менен ар кандай спорт базалар, секциялар, хоккей боюнча залдар ачылып жатат. Биз эми өзүбүзчө концепция түзүп, спорттун кышкы түрлөрүн өнүктүрөлү деген ой бар.

“Азаттык”: -Быйыл күзүндө Азия оюндары да болот Гуанжудо, анан ошол оюндарга да даярдыктар башталдыбы? Ал эми жайында Сингапурда да дүйнөлүк жаштар арасындагы олимпиадалык оюндар болот эмеспи? Быйыл Кыргызстандан кандай командасын баштап барасыздар?

Мурат Саралинов:- Биз бир гана тилек коюп жатабыз, ал биринчи каражат жагын чечишип алышыбыз керек. Мурдагыдай чаң тополоң болбой орду-орду менен коюп, ар бир федерация өзүнүн пландарын түзүп бирдикте каражат жагын чечип алса.

Жаштар арасында олимпиада биринчи жолу болгону жатат. Буга дагы бизде ишенчилик көрсөткөн жигиттерибиз бар, буга да биз андан тыкан даярданышыбыз керек. Бул жактан олимпиадалык кыймыл жагынан көп жардам берели деген оюбуз бар. Эл аралык олимпиада комитетине атайын долбоор жазып жатабыз. Жаштар арасында биздин Кыргызстан дайыма жакшы ийгиликтерге жетишчү. Анткени кийинки стадияга, тепкичке өткөндө кыйынчылыктар болуп жатат, бирок жаштар арасында мүмкүнчүлүктөн колдонуп, биз жакшы команданы алып барып, жакшы ийгиликтерге жетишишибиз керек.

Бул өзүнчө чоң реклама, чоң индустрия. Ошондуктан ал жерден жаштар жакшы ийгилик көрсөтсө, бизге олимпиадалык совет Азиянын атынан жана Эл аралык олимпиадалык комитеттен башкача мамиле түзүлө баштайт. Мунун баары келип каражатка такалып атпайбы. Гуанжоуадада 16-Азиялык оюндар болот, ал жерде келе жаткан 2012-жылкы Лондондогу олимпиадага талапкерлер аныктала баштайт.

Ошондуктан бүгүнтөн баштап ар бир федерацияга айтып жатабыз жакшылап даярданып, ушул Гуанжоуадан жакшы ийгиликке жетишишибиз керек. Анткени азиялык оюндарга мамлекетибиз дагы жакшы көңүл буруп, жеңүүчүлөргө үй, акчалай сыйлыктарды берет. Бул дагы өзүнчө бир жакшы жөрөлгө, ошондуктан Азия оюндарына жакшы команданы даярдап, жакшы барып, жеңиш менен келишибиз керек.

“Азаттык”: - Бир нече министрлер, бир нече мамлекеттик жетекчилер спорт федерацияларынын президенти болуп жүрөт да, анан Орусияда болсо министрлерди министр болуп иштегиле же болбосо федерациянын жетекчиси болуп иштегиле дегени талаптар коюлду. Биздеги министрлер спорт жетекчилери ошого жардам берип жатышабы же?

Мурат Саралинов: - Өзгөчөлүгүн айтып кетейин, Орусияда олимпиадалык комитеттин өзүнүн чоң бюджети, каражаты бар. Алар спортту колдоо фондун түзүшкөн, акчасы, каражаты ашып, колунан келип спортко демөөрчү болуп турган көп инсандар бар.

Мамлекеттин бюджети абдан кенен, спорт жагынан эч деле көйгөйлүү маселелер жокко эсе. Ошондуктан ал жерде Орусиянын президенти жанагындай чечим чыгарса болот, федерацияларды мамлекеттик чиновниктер башкарбасын деген, бир айда орунду бошотуп бергиле деген указ чыгарган.

Биздин акыбал башкача, бүгүнкү күндө биз ошол федерацияны жетектеп келе жаткан чиновник болобу, фирманын жетекчиси болобу аларга биз бүгүн рахмат айтышыбыз керек. Анткени баары колунан келген жардамын берип жатышат. Биз дагы кудай буюрса экономикабыз өнүгүп, спортко бөлгөн каражатыбыз кенен болсо, ошондо биз деле ошондой указ чыгарып, федерацияны спорттун професионалдары башкарсын деген жыйынтык чыгарсак болот. Бирок акыбал башка бүгүн, учурда биз жардам берели деген чиновник болобу кимиси болсо дагы рахмат айтып, колдон бүгүнкү күндө иштешкенге чакырышыбыз керек.

“Азаттык”: - Өлкөдө олимпиадалык даярдоо борборун жоюп, анын ордуна олимпиадалык түрлөрдөгү спорттун өнүктүрүү бир нече борборлорун түзүштү да? Ушул жагдайга көз карашыңыз кандай? Анан беш алты эле спорттун түрүн өнүктүрүп, калган спорттор калып кала береби?

Мурат Саралинов: -Өткөн агенттин жетекчилери айрыкча алардын идеялары болчу. Биз аны эмне үчүн колдогонбуз мен өзүм мурда финансы тармагында дагы иштегем, биздин бюджеттин мүмкүнчүлүгүн билем. Ошондуктан биз приоритет түзүп алышыбыз керек. Бардык 50-70 спорттун түрүн бир деңгээлде биз колдой албайбыз.

Ошондуктан бул жерде эки максат болчу, массалык түрдө спортту өнүктүрөлү, анан кийин эл аралык деңгээлде Кыргызстанды даңазалай турган спорттун түрлөрүн өзгөчө колдойлу деп чечим кабыл алганбыз. Ошонун негизинде жанагындай борборлор түзүлдү.

Борборлор иштеп кетиш үчүн бул жерде дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентиктин жетекчилиги анын финансистери ушул жерден талашып-тартыштырбай каражаттарын туура бөлүштүрүп, айкын көрсөтүп, баарын ушул федерациялар менен бирдикте чечишип, алсак ушул борборлор өзүнүн бир жыйынтыгын берет.
XS
SM
MD
LG