Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:50

Ванкувер: Германия АКШны артка калтырды


Ванкуверде германиялык күйөрмандардын маанайы жогору, себеби алардын спортчулары 21 медаль утуп, биринчи орунга көтөрүлдү.

Ванкувердеги кышкы олимпиаданын он эки күндүк жыйынтыгында Германияр бир күмүш байгеси менен алдыга чыкты.

АКШга салыштырмалуу германиялыктардын бир күмүш медаль арбын. Америкалыктар 10 коло байге уткан болсо, Германия өлкөсү 5 коло медалды жеңип алууга жетишти.

Экинчи орундагы Норвегия өлкөсү учурда 6 алтын, 3 күмүш жана 5 коло байгеси менен үчүнчү катарга жылды.

Оюн ээси- Канада өлкөсү 5 алтын, 4 күмүш жана 1 коло байгени утуп алуу менен төртүнчү орунда келүүдө.

Азия аймагынан Түштүк Корея, Кытай, Жапон өлкөлөрү гана таанылып, байгелүү орундарды камсыз кылышты. Атап айтсак, Түштүк Кореянын спортчулары 4 алтын, 4 күмүш жана 1 коло медаль тагынды.

Кытайлыктар 3 алтын, бирден күмүш жана коло байгелүү болушту.

Кыргызстандык спорт ардагери, белгилүү ишкер Райкан Алкановдун пикиринде, сүрөөнгө алып жаткан орусиялыктар учурда 2 алтын, 3 күмүш жана 6 коло медаль утуп, мурдакыдай ишенимди актабай жатат.

Олимпиадалык мөрөй талашып жатышкан 82 өлкөдөн учурда 26 мамлекет гана байгелүү орундарды камсыз кылып турушат.

Лыжадан бийиктиктен секирүү трамплин ыкмасы боюнча эр-азаматтардын командалык мелдештери жыйынтыкталды.

Мында ар бир өлкөдөн төрттөн спортчу лыжа менен бийиктен секирип, упай топтоду.

Натыйжада Австрия өлкөсүнүн жигиттери Ванкувер олимпиадасынын чемпиону аталды. Германия экинчи жана Норвегия үчүнчү орундарды ээледи.

Ванкуверден 165 км алыстыктагы Уистлер олимпиадалык паркында кыз-келиндер лыжанын спринт түрү боюнча жарышып, мөрөй талашты. Германиялык кыз-келиндер чеберчилигин далилдеп, марага озуп келишти. Швециялыктар экинчи, орусиялык Ирина Хазова менен Наталья Коростелева үчүнчү орунду камсыз кылышты.

Муз үстүндө көркөм бийлөөдө канадалыктар Тесса Виртю менен Скотт Мойр жердештерин сүйүнтүп, жеңиштин бийик секисине көтөрүлүп, алтын медаль тагынды.

АКШнын атуулдары Мерил Дэвис менен Чарли Уайт экинчи орунду ээлдеди. Мында орусиялык бийчилер Оксана Домина менен Максим Шабалин коло байгелүү болуп, чемпион болот деген күйөрмандардын үмүтүн актай албай калышты.

Мындан сырткары дагы орусиялык эки жуп 9-15 орунда калышты.

Бишкектик спорт күйөрманы Асанбек Орозметов Ванкувер олимпиадасынын таасири менен Кыргызстанда дагы кышкы спортко көңүл бурулса деген ойдо, себеби эмдиги жылы Алматыда кышкы Азия оюндарына азыртан даярдык көрүү зарыл.

Кыз-келиндердин хоккей мелдештеринде баш байгеге талапкерлер аныкталды. Жарым финалдык беттешүүлөрдө америкалыктар шведдерди 9:1 эсебинде утуп, баш байге үчүн таймашууга жолу ачылды.

Экинчи жарым финалдык беттешүүдө оюн ээлери Канада менен Швеция өлкөлөрүнүн кыз-келиндер командалары мөрөй талашты.

Натыйжада 6:2 эсеби менен канадалыктар жеңип, Ванкувер олимпиадасынын чемпиондук наамы үчүн америкалыктар менен финалда беттешмек болду.

23-февралда Ванкувер кышкы олимпиадасында керлинг, фристайл, шорт-трек, коньки жарыштары, кыз-келиндердин эстафеталык биатлон таймаштары жана эр-азаматтардын хоккей беттешүүлөрү болмокчу.




XS
SM
MD
LG