Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:58

АКШ менен Орусия ядролук куралдарын азайтууга кол алышты


АКШ менен Орусиянын соңку келишими тынчтык активисттерин кыбанычка бөлөөдө
АКШ менен Орусиянын соңку келишими тынчтык активисттерин кыбанычка бөлөөдө

АКШнын президенти Барак Обама менен Орусиянын мамлекет башчысы Дмитрий Медведев 26-мартта телефондон сүйлөшүп, бир жылдан берки ядролук куралдарды кыскартуу келишимине акыркы чекит коюшту.

Ак үйдө сыналгыдан көрсөтүлгөн брифингде Обама эки тараптын тең жайгаштырылган ядролук дүрмөттөрүнүн санын төрттөн бирине кыскартууну караган келишим өзүнүн президент катары негизги максаттарынын биринин аткарылышын билдирерин белгиледи:

- Президенттик ишке киришкенден бери ядролук куралдын Америка элине келтирген коркунучун төмөндөтүү улуттук коопсуздук жаатындагы менин башкы максаттарымдын бири болгон. Ошондуктан былтыр май айында Прагада мен дүйнөдөгү тынчтыкты жана коопсуздукту Америка ядролук куралдардын санын азайтуу менен кепилдөөнү көздөй тургандыгын айткам. Бул максатты кезегинде Жонн Кеннеди менен Роналд Рейган өңдөнгөн президенттер да аздектеген.

Обама менен Медведев келишимге 8-апрелде Прагада кол кое тургандыгы пландалууда.

Москвада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бул келишим эки ядролук дөө-шаанын «эң жогорку деңгээлдеги» кызматташтыгын ырастай тургандыгын белгиледи:

Жаңы макулдашуу жаңы стратегиялык алаканын өнүгүшүндө орус-америкалык кызматташттык жаңы баскычка көтөрүлгөнүн билдирет. Ал эки өлкөнүн тең Ядролук куралдын жайылышын чектөө тууралуу келишимдин эрежелерин жана рухун урматтоо менен, стратегиялык чабуул коючу курал топтомун кыскартуу максатынан тайбаганын көрсөтөт. Эки өлкө тең ядролук куралсыз дүйнөгө жетишүүнү башкы максат деп эсептейт.

«Стратегиялык чабуул коючу куралдарды андан ары азайтуунун жана чектөөнүн чаралары» деген узун аталыштагы жаңы келишим 1991-жылы АКШ менен Советтер Союзу кол койгон келишимди алмаштырмакчы.

Ак үйдүн билдирүүсүнө ылайык, бул келишим эки өлкөнүн жайгаштырылган стратегиялык дүрмөттөрүнүн санын 10 жыл ичинде учурдагы 2200дөн 1550гө азайтууну жана континенттер аралык ракета учуруучу платформалардын санын кескин кыскартууну кайрайт.

Анын аралыгында, НАТО уюму Москва менен алакасын жакшыртуунун арга-амалын издөөдө. Брюсселде 27-мартта өткөн прес-конференцияда НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен «коопсуздук чатырын» курууга Орусияны да катышууга чакырды.

XS
SM
MD
LG