Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:30

«Элдик ыңкылап – 2»: беймаза суроолор, кабатыр ойлор


Бишкек, 2010-жыл, 11-апрель
Бишкек, 2010-жыл, 11-апрель

Иштеген жеринен куулган К.Бакиевдин кызматын таштабай атышы Кыргызстандагы ансыз да калтыс кырдаалды татаалдаштырууда. Утурумдук өкмөт мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлигин өзүнө алып, өлкөнү жаңы укуктук жолго салуунун камылгасына киришти.

«Азаттыктын» бүгүнкү «бетме-бет» талкуусунун катышуучулары парламенттин мурдагы депутаттары Анаш Сейитказиев менен Бегалы Наргозуев өлкөдөгү саясий жагдай тууралуу пикир бөлүшөт.

Көз жашка толгон тополоң сарсанаасы

- Кыргызстан 7-8-апрелде набыт болгон өзүнүн уул-кыздарын акыркы сапарга узатып атат. Эң өкүнүчтүүсү, бул тизме дагы уланганы калды окшойт. Абдан оор акыбалда жаткандар бар. Анаш мырза, президент бийлигин тапшырууга шашкан жери жок. Мындайда эмне кылуу керек, деген суроо өзүнөн-өзү чыгат эмеспи.

Анаш Сейитказиев:
- Туура, 6-апрелде козголуш Таласта башталганда эле “Азаттыкка” “өз элине курал көтөргөн бийлик башчысынын өмүрү узун болбойт, бул бийлик анда өзүнүн аягына жеткен экен”, деп айткам. Бүгүнкү күндө Курманбек Бакиев өз ыктыяры менен президенттик арызын тапшырып кетсе жакшы болот эле. Президент арызын жазбай кечеңдеп жатканын көрүп мен парламенттеги “Ак жолчу” кесиптештериме кайрылгым келет. Мыйзам чегинде дагы бир жол, парламент чогулуп президентке импичмент жарыяласа болот. Ал мыйзам чегиндеги иш. Президенттин арызы жок болгон үчүн башка мамлекеттерден колдоо азыраак болуп атат. Мурунку депутаттардын баары кайрылып убактылуу өкмөт менен сүйлөшүп туруп пленардык жыйынын өткөрүп К.Бакиевге импичмент жарыяласа дурус болмок.

-Биз менен телефон байланышта “Ак жол” партиясынын мүчөсү Бегалы Наргозуев мырза отурат. Бегалы мырза, айтсаңыз азыркы кырдаалдан чыгуунун дагы кандай жолдору бар?

Бегалы Наргозуев: - Өтө өкүнүчтүү окуялар болуп кетти. Мен дагы Анаш Сейитказиевди колдойт элем. Эгер биз укуктук талаада калышыбыз керек десек парламент тез арада чогулушу абзел. Мындан чочулаштын кажаты жок. Парламентте деле Кыргызстандын өкулдөрү отурган. Алар деле кысталыш кырдаалды түшүнүп, бизде жарандык кагылыштын чыгып кетпеши улуттун, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн керектүү чечимди кабыл алып берет эле деп ойлойм. Мен да тез арада парламентти чогултуп мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгы үчүн иштеп беришибиз керек деп эсептейм.

Укуктук талаага кайтуунун кажаты барбы?

- Анаш мырза, утурумдук элдик өкмөт парламент, президент, ошондой эле аткаруу бийлигин дагы өзүнө алып, аларды таратып жиберди. Мындай шартта парламентти чакыруунун мыйзамдык жол-жобосу кандай болот?

Анаш Сейитказиев: - Таратылып кетти дегенден кийин мыйзам чегине алып барыш, укуктук жолуна салыш керек. 2005-жылда элдик ыңкылаптан кийин деле парламентти таратып, Конституциянын ишин токтотуп, баарын декрет - жарлыктар менен жөндөсө болмок. Ал болбой калды. Айткан убада сөз менен кылган иштин ортосу алыстап ажырап кетти. Ошондуктан беш жылдан кийин дагы бир эл толкуну болуп, анын кандай жыйынтыкка келгенин көрүп атабыз. Мен радио угармандарга кайрылып кетер элем, кыргыз эли - ыймандуу, акылдуу эл. Анан ар беш жылда төңкөрүштөрдү адатка айландырып албасак.

- Бегалы мырза, утурумдук эдик өкмөт милдеттерди өзүнө алып алган декретин чыгарганын билесиз. Мындай шартта парламентти кантип чогултууга болот? Анан да аны азыркы өкмөт, мурдагы депутаттардын баары колдойбу?

Бегалы Наргозуев:
- Бийликтин булагы – эл. Элдик көтөрүүлөрдүн негизинде убактылуу өкмөт бийликке келди. Ошон үчүн жаңы бийлик бүгүнкү жагдайды укук талаасына келтириши керек. Бул боюнча кыргыздын саясий-тарыхый тажырыйбасы бар. Парламентти кайра чогултса чечимдер кабыл алынгандан кийин депутаттар өздөрү эле таркап кетмек. Парламенттен чочулабай бүгүнкү күндүн кызыкчылыгы үчүн керектүү чечимдерди кабыл алыш үчүн бул ишти жүзөгө ашыруу зарыл. Анан убактылуу өкмөттүн шайлоосуз эле Конституцияны өзгөртүү аракети кызык идея. Бирок ал канчалык денгээлде укуктук негизге туура келет? Ошонусу табышмак болуп турат. Негизи реформалар укук негизинде башталса жакшы болмок.

Айрылыш жол

- Анаш мырза, парламент аркылуу президентке ишеним көрсөтпөөдөн башка да аны кызматтан кетирүүнүн дагы кандай жолдорун айтат элеңиз?

Анаш Сейитказиев: - Эми азыр декрет кабыл алынгандан импичментти ишке ашырыш кыйыныраак болот. Ал үчүн президентти, Жогорку Кеңешти, мурунку өкмөттү тараткан декретти убактылуу токтотуш зарыл. “Акжолдун” депутаттары чогулуп келип президентке импичмент жарыялап, анан парламентти таратса болор дейм.

- Бегалы мырза, импичмент жарыялоонун жөрөлгөсү көп убакытты албайбы?

Бегалы Наргозуев: - Импичмент бүгүнкү калтыс кырдаалдан чыгуунун бир гана жолу. Жанатан бери абайлап аны айтпай атышымдын себеби бар. Албетте, анын жөрөлгөлөрү көпкө созулуп кетиши деле мүмкүн. Анаш мырза айтып атпайбы тез эле бир күндө бүтүрүп койсо болот деп. Муну бир күндө бүтүрүш кыйын. Бирок анын мөөнөттөрүн кыскартса болот. Менимче, импичменттен башка деле жолдору көп. Эгер парламент өз ишин кайра баштаса кырдаалды укуктук талаага салуунун башка жолдору деле чыгат. Менимче, президент өз каалоосу менен арызын жазып бериши же ортомчулар аркылуу бийликти тынч өткөрүүнүн башка мүмкүнчүлүктөрүн издөөгө болот. Анан укуктук талаага алып келебиз деп өткөн жолу оозубуз күйүп калдык деп атышпайбы. Өткөндө укуктук талаага келгенден эмес, анын кандай аткарылышынан оозубуз күйүп калган. Баары адамдык факторго байланыштуу. Ошондуктан импичмент жарыялайбы же өз макулдугу менен арыз жазып береби, иши кылып анын жолдорун издөө зарыл. Эгер чогулуп калса парламент менен убактылуу өкмөт бир жол таап калтыс жагдайдан чыгат эле деп ойлойм. Көпчүлүгүбүз байкабай аткандайбыз, кырдаал курчуп баратат. Мындайда кагылыш, чатактын чыгып кетиши оңой эле. Аны моюнга алыш керек. Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат дейт.

- Президент бийлигин токтотуунун башка да мыйзамдуу жолдоруна токтоло кетсеңиздер.

Анаш Сейитказиев: - Бакиев өз ыктыяры менен арызын жазып бериши бир жол. Ага барабы-барбайбы, бул дагы бүгүнкү күндө күмөн болуп атат. Болбосо революциянын жолу менен бара бериш керек. Декрет менен Шайлоо кодексин кабыл алыш керек. Шайлоонун мөөнөтүн белгилеп туруп президенттик, парламенттик шайлоого барсак болот.

- Жар кырында турган ушундай абалда эмне иштер биринчи кезекте жасалышы керек? Бегаалы мырза, сиздин пикир.

Бегалы Наргозуев: - Биз калтыс абалда, жардын кырында турганыбызды түшүнгөн да, түшүнбөгөн да бар. Мамлекетибизди сактап калыш үчүн эмнелерди жасашыбыз керек? Өлкөнүн ички жана тышкы душмандары бар. Баарын эле кыйратып салабыз деп эки тараптан тең сөздөр чыгышы мүмкүн. Бирок бизге азыр сабырдуулук керек. Анте албасак абал дагы оорлошот.
Башаламандыктан чыгуунун татаалдыгы

- Маалымдоо каражаттарында К.Бакиев сүйлөшүүгө бара тургандыгын, бирок ошол эле учурда жаңы бийликти тааныбай тургандыгын айтууда.

Анаш Сейитказиев: - Бүгүнкү күндө баары башаламан болуп атат. Мурунку бийликте иштеп аткандар дагы эле башкаруучулар катарында. Кош бийликтен улам ушундай башаламандык болууда. Азыр эле Жалал-Абад менен сүйлөштүм. 4-5 топ болуп алышып бийлик талашып атышат. Ошондуктан убактылуу өкмөт тез арада ар бир жерге өз өкүлдөрүн дайындап койсо башаламандык токтойт эле.

- Азыркы бийлик менен мурунку бийлик башчысынын маселени тынч чечиши создугуп баратат. Сөзгө келиш кыйындоодо. Мунун натыйжасы эмне алып барышы мүмкүн?

Бегалы Наргозуев: - Эми чочулоого албетте негиз бар. Убактылуу өкмөттүн төрайымы “биз коопсуздугун камсыз кылабыз, эгер өзү арызы менен бийлигин тапшырса” деп жатат. Сүйлөшүүгө негиз бар. Убактылуу өкмөттүн коопсуздукту камсыз кылуу ниети бар экен. Бул ишке кадыр-барктуу ортомчулар керек. Буга Конституция дагы жол берет. Себеби президенттин кол тийбестиги бар. Ушул кысталыш кырдаалдан чыгып кетсек өлкөбүз үчүн жакшы кызмат кылган болот элек. Мамлекеттүүлүккө, көз карандысыздыкка карата айтылып аткан шектенүүлөрдөн арылат болчубуз.

- Утурумдук өкмөт реформаларды, өзгөрүүлөрдү жарым жылдын ичинде жасайбыз деп атат. Мына ушул жарым жыл ичинде ошондой чоң иштердин өтөлүнө чыгууга мүмкүнчүлүк жетишеби?

Анаш Сейитказиев: - Жарым жыл деген эң акыркы мөөнөтү болуш керек. Аны күтүп отурбай ишти ылдамдатыш зарыл. Канча тез иретине келтирсе ошончолук жакшы. 17-жылдагы орус революциясынан кийин деле Конституция, мыйзамдардын баары токтотулуп декрет менен иштешип калган. Ошондой орчун иштерди аткара турган декреттерди тезирээк кабыл алып, аларды бекем көзөмөлгө алып иштеш керек. Роза Отунбаева 1993-жылкы Конституцияга кайрылсакпы деп айтып кетти. Эгер ага кайрыла турган болсок, убакыттан утат элек. Калган өзгөрүүлөр анан ырааты менен жүрө бермек.

- Ушуну менен талкуубузду жыйынтыктасак. Сиздерге чоң ырахмат!
XS
SM
MD
LG