Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:38

Мыкты спортчулардын көбү айылдан чыккан


Мурат Саралинов, Улуттук олимпиада комитетинин президенти.
Мурат Саралинов, Улуттук олимпиада комитетинин президенти.

Күрөш федерациясынын жыйынында Мурат Саралиновдун ордуна уюмдун жетекчилигине Бейшен Абилдаев келди. 5-майда Ысык-Ата районундагы Нурмамбет айылында жаңы спорт залы ачылды.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Эмил Алыкуловдун айтымында, Мурат Саралиновдун улуттук олимпиада комитетинин президенти катары иштери арбын болуп, күрөш федерациясына мурда грек-рим күрөш федерациясын жетектегин Бейшен Абилдаевдин жетекчи болуп берүүсүн өтүнгөн:

- Бул маселени өлкөнүн күрөш федерациясынын жетекчилиги карап, Мурат Саралиновдун өтүнүчүн канааттандырып, аны президенттик милдеттен бошотту. Мурунку жетекчинин өтүнүчү боюнча бул күрөш федерациясынын президентигине Кыргызстандын грек-рим күрөш тармагына эмгек сиңирген Бейшен Абилдаевдин талапкерлиги коюлуп, бир добуштан шайланды.

Бул күрөш федерациясын Мурат Саралиновго чейин экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев үч жылдан ашуун жетектеп, быйыл 3-февралда бул милдеттен бошогон.

Өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралиновдун айтымында Бээжин олимпиадасында мөрөй алган Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаевге учурунда шарт түзүп, камкордукка алган Бейшен Абилдаевдин эмгеги бааланбай калган.

Күрөш федерациясына жаңы жетекчи болуп шайланган Бейшен Абилдаев өзүнө жоопкерчиликтүү милдет тагылганын, алдыда Азия, дүйнө чемпионаттары жана 16-Азия оюндары турганын “Азаттыкка” билдирди.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Бейшен Абилдаев бала кезинде Бишкектеги спорт жатак мектебинде окуп, грек-рим күрөш менен машыккан. Ал СССР спорт чебери катары таанылып, Кыргызстандын көп жолку чемпиону болгон.

Спорт адистеринин айтымында, Бейшен Абилдаев өлкөнүн грек-рим күрөш федерациясынын жетекчиси болгонуна алты жылдай убакыт болгону менен аны былтыр ардактуу президент деп атоо менен бул уюмду Арзыбек Кожошев башкарып калган. Бирок Бейшен Абилдаев бул спорттун өсүп-өнүгүшүнө салым кошкон.

Учурунда мурдагы өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин уулу, бир туугандары, жакшы санаалаштары жана шакирттери бир нече спорт федерацияларына президент болуп саналып, спорт тармагын дагы башкарып турушкан.

Мисалы, Курманбек Бакиевдин улуу баласы Марат Улуттук коопсуздук кызматында жооптуу кызматта жүрдү. Ошондой эле ал өлкөнүн дюз-до жана ок атуу федерацияларынын президенти болуп көп жыл иштеди. Учурда дагы анын ордуна жаңы жетекчилер алигиче шайлана элек.

Кенже уулу Максим Бакиев грек-рим, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү федерацияларынын башын бириктирген өлкөнүн күрөш федерациясына үч жылдан ашуун президент болуп турган.

Өлкө башчысынын иниси Адыл Бакиев- каратэ-до чыгыш өнөрү федерациясын жетектейт.

Иниси Жаныш Бакиев Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси болуу менен бирге кышкы спорт түрүн жана хоккейди өнүктүрүүгө кызыкдар болуп, ушул федерацияларга көз артып жүрдү.

Кыргызстанда спорт федерацияларына министрлер, чиновниктер президент болуп келишкен. Маселен, мурдакы башкы прокурор, президенттин кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиев дале волейбол федерациясына президенти болуп саналат.

Учурда бокс федерациясын өлкөнүн башкы прокурорунун орун басары Абдубакыт Халмурзаев жетектейт.

Оор атлетика федерациясынын президенти салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин мурдакы төрагасы Акматбек Келдибеков болуп саналат.

Ошондой эле өлкөнүн социалдык фондунун мурдакы төрайымы Тажикан Калимбетова да спорттук жана көркөм гимнастика федерациясына президент болуп шайланган. Учурда дале ал бул федерациянын жетекчиси.

Өлкөнүн футбол федерациясын Бакиевдин жардамчысы, кеңешчиси болуп иштеген, кийин сот департаментинин жетекчиси болгон Айбек Алыбаев дале жетектейт.

Ички иштер министри болгон Молдомуса Конгантиев дале өлкөнүн таэквондо жана көк-бөрү федерацияларынын президенти болуп саналат.

Президенттин чарбалык-иш башкаруу башчысы болгон Курманбек Темирбеков өлкөнүн бильярд федерациясын дале жетектейт.

Учурунда экономика министри, биринчи вице-премьер министр болгон Акылбек Жапаров бир топ жылдан бери өлкөнүн шахмат федерациясынын башында туруп, аларга алгылыктуу деле жардам бербегенин шахматчылар сындап жүрүшөт.



5-майда Ысык-Ата районунун Нурманбет айылында спорт зал ишке берилип, губернатор, аким жана спорт жетекчилеринин катышуусунда ачылышы аземи болду.

Ачылуу аземинде «Красный Восток” спорт клубунун жетекчиси Мурат Садамкулов жаңы спорт залдын кайра жабдылып, курулушуна салым кошкондорго ыраазычылык билдирди.

Өлкөнүн эркин күрөш федерациясынын вице-президенти Жеңиш Дөңбаевдин айтымында, ушундай айылдык спорт залдардан Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан балбандар, инсандар чыккан.

Өлкөнүн дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентигинин жетекчиси Алмазбек Касеновдун пикиринде, мыкты спортчулардын көбү айылдан чыккандыктан мындай спорт залдары үчүн машыктыруучулар талбай иштеп, айыл жергесиндеги спортту көтөрүү учур талабы.

5-майда Бишкектеги шаардык муз айдыңында 7-апрелдеги ыңкылапта каза болгондорду эскерүүгө арналган хоккей мелдеши өткөрүлдү.
XS
SM
MD
LG