Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Мектеп окуучуларынын спартакиадасы жыйынтыкталды


22-майда cпорттун 12 түрүнөн мектеп окуучуларынын республикалык спартакиадасы жыйынтыкталды. Баш байгени Бишкек шаарынын командасы жеңип алды.

Мелдештин салтанаттуу жабылыш аземи 22-майда Кыргыз дене тарбия институтунун баскетбол залында өттү.

Спартакиаданын жабылышында сүйлөгөн “Жаштык” спорт коомунун жетекчиси Зулумбек Исабеков жеңүүчүлөр Кыргыз дене тарбия академиясына экзамендерден жеңилдик алышаарын айтты.

Өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкуловдун айтымында, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан спортчулар, Олимпиада жана дүйнө чемпиондорунун тушоолору ушундай окуучулардын атаандашууларында кесилип, тагдырын спортко арнап келишет.

Мектеп окуучуларынын быйылкы спартакиадасына 8 команданын миңге жакын өспүрүмдөрү катышып, мөрөй талашты. Спартакиаданын башкы калысынын орун басары Гүлсара Кудабаеванын айтымында, жалпы командалык биринчиликти Бишкек шаарынын жаш спортчулары колдон чыгарышкан жок.

Чынында Бишкек шаарынын командасын жеңиш кыйын. Мындай мелдештер мектептерде өткөрүлүп, мыктылар тандалып, райондук спартакиадада да күч сынашкан. Алардан иргеп, облустук финалдык мелдештерде татыктуулар тандалып алган. Мындай спартакиада балдардын спортко болгон мамилесин жакшыртып, сүйүүсүн ойготот.

Ошондуктан балдардын ден соолугу жана алардын машыгуусу үчүн бардык шарт түзүп берүү учур талабы. Себеби өлкөнүн келечек ээлери ушулар.

Кыздар арасында волейбол мелдешинде коло байгелүү болгон ысыккөлдүк окуучу Жазгүлдүн пикиринде айылдык мектептерде дене тарбия, спортко анча көңүл бурулбай келатканы өкүндүрөт.

- Эптеп өз демилгебиз менен команда түзүп, ойноп жүрөбүз. Чемпиондордун көбү айылдык балдардан чыккандыгын эске алышса. Мисалы, Каныбек Осмоналиев, Таалайбек Кадыралиев, Данияр Көбөнов, Жанарбек Кенжеев жана башкалар айылдык мектептерден келишкен. Биз спортту таштабай, улантууга ниет кылабыз.

Быйыл эч кандай чоң мелдештерге облустардын өкүлдөрү жиберилген эмес. Чынында эле бардык чоң мелдештерге Бишкектин окуучулары гана барып, айылдык өспүрүмдөр четте калууда.

Чемпиондордун көбү айылдык балдардан чыккандыгын эске алуу зарыл. Айрымдарын атап айтсак Каныбек Осмоналиев, маркумдар Сатымкул Жуманазаров, Раатбек Санатбаев, ошондой эле Бээжин олимпиадасынын күмүш, коло байге ээлери Канат Бегалиев, Руслан Түмөнбаев жана башкалар чоң спортко айылдык мектептерден келишкен.

Грек-рим күрөшү, үстөл тенниси, жеңил атлетика, шахмат, баскетбол, футбол жана волейбол боюнча мелдештерде Бишкек шаарынын окуучулары баш байгеге ээ болушту. Бокс, ордо жана тогуз коргоол мелдештеринде Ысык-Көл облусунун окуучулары биринчи орунду камсыз кылышты. Ал эми улуттук кыргыз күрөш таймашында таластык өспүрүмдөр атаандаштарын артыкчылык менен жеңип алышты.

Өлкөнүн жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкуловдун пикиринде, мектеп окуучуларына көңүл бөлүп, алардын ден соолугуна камкордук көрмөйүнчө, спортко болгон сүйүүсүн ойготмоюнча, Кыргызстанды тааныткан чемпиондор чыкпайт.
XS
SM
MD
LG