Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

Эркин күрөштө кыргыз балбандарынын даярдыгы начар


Эркин күрөштөн Каба уулу Кожомкулдун байгесине арналган эл аралык мелдеште 5 мамлекеттин балбандары күч сынашып, жеңүүчүлөрү аныкталды. Быйыл кыргыз балбандары начар күрөшүп, даярдыктары чийки экенин көрсөтүп коюшту.

Быйылкы турнирге Польша, Иран, Ирак,Түркия, Түркмөнстан, Азербайжан, Кытай мамлекеттердин балбандары расмий чакырылган менен келишкен жок.

Эки күндүк мөрөй талашууда Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын тандалган эки жүзгө жакын балбаны күч сынашты.

Жеңил 55 кг салмакта баш байгени Бишкектеги Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектебинин өкүлү,теги жакутиялык Михаил Захаров жеңип алды. Казакстандык Аслан Жанаханов экинчи орунду ээлеп, күмүш байгелүү болду.

60 кг. салмакта Азия чемпиондору Улан Надырбек уулу менен Базар Базаргуриев жеңиштин бийик сересине көтөрүлүштү.

Кожомкулдун эскерүү мелдешинде мөрөй алгандардын бири Улан Надырбек уулу мелдеш курч мүнөздө өткөнүн, атаандаштарынын чеберчилиги жогору экенин, эми күзүндө Москвада өтө турган дүйнө чемпионатында жана Гуанжодо болчу 16-Азия оюндарында өлкө намысын коргой турганын “Азаттыкка” билдирди:

-Мелдеш жогорку деңгээлде өттү. Эми орусиялык жана казакстандык балбандар менен бирге машыгуу үчүн жакында Павладарга барып, анан Ысык-Көлдө машыгабыз. Быйылкы башкы максатым - Москвада күзүндө өтө турган дүйнө чемпионатында жана Гуанжодо боло турган 16-Азия оюндарында баш байгенин ээси болууга аракет кылып, Кыргызстандын намысын коргоп, медаль утуп келүү.

66 кг салмакта дагы Орусиядан 3 жыл мурда Кыргызстанга келип, расмий атуулдук алган жакут Иннокентий Иннокентьев биринчи орунду камсыз кылып, алтын медаль тагынды. Ал финалда казакстандык балбан Асет Дүкөнбаевди артыкчылык менен утту.

74 кг салмакта башкы байгелерди казакстандык балбандар утуп алышты.

84 кг жана 120 кг салмактарда Казакстандан келген балбандар Жасулан Бейсенбиев менен Аскат Кусепов даңазалуу балбан Кожомкулдун байгесин утуп, олжолуу кайтышты.

Казакстандын спортуна эмгек сиңирген ишмери, Аманжол Бугубаев бул Кожомкулдун байгесине арналган эл аралык турнирден деңгээли жыл сайын өсүп баратканын, өзү да мындан 30 жыл илгери ушул мелдеште баш байге утканын, эки өлкөнүн балбандары биргелешип машыгуусу керектигин “Азаттыкка” билдирди.

Бишкектеги Раатбек Санатбаев атындагы балдар спорт мектебинин жетекчиси Касымкул Оболбеков Кожомкул атындагы мелдештин деңгээли дагы жогорулатуу үчүн Европа мамлекеттердин, Түркия, Монголия, Иран баштаган өлкөлөрдөн балбандарды чакыруу менен эл аралык кадыр- баркын көтөрүүнүн зарылдыгын айтып, быйыл кыргыз балбандарынын даярдыгы чийки экенин сынга алды:

- Жаштарга шарт түзүп, камкордукка алынса, бул турнирдин мааниси зор болмокчу. Себеби Кожомкулдун байгесине арналган мелдештен чыгаан балбандар такшалуу мектебинен өтүшкөн. Мындай мелдешке спорт державалары болгон Түркия, Иран, Кытай, Индия, Монголия баштаган 10-15 мамлекеттин командасын чакырып, жогорку деңгээлде өткөрүүгө болот эле. Быйылкы ыңкылаптан кийин алар расмий чакырылганы менен келишкен жок. Быйылкы мелдешти уюштуруу орто деңгээлде өттү. Себеби жогоруда айтылгандай Польша, Иран, Ирак, Түркия, Азербайжан өлкөлөрүнүн балбандары да келбей калды. Европа менен Азия күрөштөрүн айкалыштырып, тажрыйба алмашсак, натыйжасы жогору болмок. Тилекке каршы, быйыл кыргыз балбандары начар күрөшүп, даярдыктары чийки экенин көрсөтүп коюшту. Мындан жыйынтык чыгарып, талдоого албасак күзүндө Гуанжодо өтө турган 16-Азия оюндарында байгелүү орундарга жетүүсү кыйын болот.

Эркин күрөш боюнча СССРдин, Европанын чемпону болгон, дүйнө чемпионатында коло байге уткан Кенжебек Өмүралиевдин айтымында Кожомкул атындагы мелдеш таанымал балбандар Руслан Искенов, Жеңиш Дөңбаев, Русланбек Мажинов, Алмаз Аскаров жана башкалардын чеберчилигин жогорулатып, чоң спорттогу жолун ачкан:

-Кыргыздын биринчи спорт чебери, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Сарыгул Чекиров 1962- жылы ушул мелдештин алгачкы жеңүүчүсү болгон. Бул мелдеш кыргыз балбандарынын ийгиликтеринин башаты болуп, далай жигиттердин тушоосу ушул мелдеште кесилген. Менин дагы спорттогу байсалуу жолум ушул турнирден башталган. Дагы далай жаштарды Каба уулу Кожомкул бабабыздын руху колдосун.

Өлкөнүн эркин күрөш федерациясынын президенти, ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаевдин айтымында эми кыргызстандык балбандар үчүн башкы сыноо- күзүндө Моксвада өтө турган дүйнө чемпионатынын жана Гуанжодо боло турган 16-Азия оюндарынын таймашуулары алдыда турат.

XS
SM
MD
LG