Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:53

Кыргыз суучулу бир мелдештен үч алтын медал утту


Сеулда фехтованиядан Азия чемпионаты өтүүдө. Волгоградда сууда сүзүү мелдешинде бишкектик Никита Пауков үч алтын медаль жеңди.

Азиянын акыл таймашы

11-июлда Кытайдын борбору Бээжинде уландар жана кыздар арасында шахмат боюнча Азиянын чемпионаты башталып, акыл таймашы болууда. Мында он бештен ашуун Азиянын мамлекеттеринин жаш шахматчылары мөрөй талашууда. Кыргызстандын намысын жети жаш шахматчы коргоп жатышат.

Алар Шахнози Мусаева, Элина Самудин, Тагир Таалайбеков, Айдар Кененбаев, Чынгыз Исаев, Келсинбек Исакжанов жана Бакай Эсенбек уулу өлкө намысын коргоп жатышат. Жеңүүчүлөрү 16-июлда аныкталат.

Зепп Блаттер президент Роза Отунбаевага кайрылды

Эл аралык футбол федерациясынын президенти Зепп Блаттер өлкө президенти Роза Отунбаевага футбол боюнча дүйнө чемпионатына калыстык кылган кыргызстандык Бахадыр Кочкаровдун коопсуздугун камсыз кылууну өтүнүп, атайын кат жолдоду.

Себеби кыргызстандык эл аралык футбол калысы Бахадыр Кочкаров Ош шаарында жашайт. Ал Түштүк аймагындагы окуялар боло электе Түштүк Африкада өлкөсүнө барып, футбол боюнча дүйнө чемпионатынын беш оюнуна талаа четинде калыстык кылды.

Фехтования боюнча Азия чемпионаты

Учурда Сеул шаарында фехтования боюнча Азия чемпионатынын таймашуулары болууда. Бул Азиялык таймашууга Кыргызстандын туусун спорт чеберлери Айгул Абиева, Лариса Андреева, Юлия Яйцевская, Александр Черных, Михаил Иванов жана эл аралык спорт чебери Сергей Качурин көтөрүп барып, намыс талашууда.

Кылыч чабышуудан быйылкы Азия чемпиондору 13-июлда аныкталат.

Жаш суучул Никита Пауковдун үч алтын медалы

Орусиянын Волгоград шаарында сууда сүзүү боюнча олимпиаданын 3 жолку чемпиону Евгений Садовыйдын байгесине арналган эл аралык мелдеш жыйынтыкталды.

Өлкөнүн дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентигинин жетекчисинин орун басары Байгазы Кенжебаевдин айтымында мында кыргызстандык жаш суучул Никита Пауков үч алтын медаль жеңип алды.

-Биздин жаш суучул Никита Пауков мелдешин рекорддорун жаңырты. Ал 50 мертге баттерфлей, 50 метрге чалка чабак жана 50 метрге эркин ыкмада сүзүүдө биринчи орунду ээледи. Ошондой эле Никита өзүнөн жашы улуулар менен дагы күч сынашып, 2 күмүш медалдын ээси болду. Кыргызстандык Никита Пауков эл аралык мелдештин эң мыкты спортчусу деген сыйлыкка да арзыды. Кыргызстандык дагы бир жаш суучул Азиз Сансызбаев бир күмүш жана бир коло байге утуп, келечегинен үмүткөр кылып койду.

Бул сууда сүзүү мелдешине Орусия жана Шериктеш мамлекеттерден 1200 жаш спортчу катышты.

Капчыгайдагы мелдеш

Казакстандын Капчыгай көлмөсүндө парус спорту боюнча Казакстандын ачык чемпионаты өткөрүлдү.

Мында кыргызстандык жаш кайык айдоочу Владимир Соленый марага экинчи келип, күмүш медаль тагынды. Анын өнөгү Илья Игнатьев төртүнчү орунду ээледи.

Сергей Паренко коло байге утту

Москвада бокс боюнча олимпиада чемпиону Валерия Попенченконун жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. Мында кыргызстандык бокс чебери Сергей Паренко коло байге утуп алды.

Ал жарым финалда орусиялык Владимир Минеевге утулуп калганы менен адистердин жакшы баасына арзыды.

Ордо боюнча өлкө чемпионаты

Учурда Чолпон-Атада ордо боюнча өлкө чемпионаты өтүүдө. Кыргызстандын чемпионатынын башкы калысы Искендер Кожокеевдин айтымында улуттук оюн-ордо таймашуулары курч мүнөздө өтүп, азырынча Бишкек шаары менен Талас, Ош, Чүй облусунун ордочулары айырмаланууда.

Спорттук гимнастика чемпиондору

Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайында спорт ишмери Долон Өмүрзаковду эскерүүгө арналган спорттук гимнастика боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды. Мында 84 спортчу өз өнөрүн, даярдыгын көрсөтүштү.
Эки күндүк мөрөй талашууда бишкектик Роман Пак, Ислам Салимов, Юлия Девнич, Равшана Габитова, Ксения Надеина, Валерия Ли спорттук гимнастика боюнча Кыргызстандын чемпиондору аталды.

Чоңдор арасындагы 3-даражадагы мөрөй талашууда бишкектик Илья Симоненко, Роман Байкуров жана Илья Володченко кыздардан Дарья Шлей, Алия Касымова жана Алия Азырбаева айырмаланып, байгелүү орундарды камсыз кылышты.
XS
SM
MD
LG