Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Дүйнөлүк футбол калысы - Бахадыр Кочкаров


14-июлда Түштүк Африка өлкөсүндө өткөн футбол боюнча дүйнө чемпионатында калыстык кылган кыргызстандык Бахадыр Кочкаров Бишкекке кайтып келди.

Түштүк Африка өлкөсүндө өткөн футбол боюнча дүйнө чемпионатында калыстык кылган кыргызстандык Бахадыр Кочкаровду өлкөнүн футбол федерациясынын жетекчилери, күйөрмандар тосуп алышты.

Ал дүйнө чемпионатына кыргыз туусун көтөрүп барганын, мелдештер кызыктуу өткөнүн журналисттерге айтып берди.

“Азаттыктын” кабарчысына Кыргызстанды таанытканын, дүйнө чемпионатына өлкөдөн алгачкы калыс болгонун Бахадыр Кочкаров айтып, беш беттешүүгө талаа четинде калыстык кылганын билдирди.

Өлкөнүн футбол федерациясынын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Нурдин Букуевдин айтымында Кыргызстанда эл аралык төрт калыс, алардын жети жардамчысы бар. Дүйнө чемпионатына калыстык кылган Бахадыр Кочкаров келээрки Европа чемпионатына, 16-Азия оюндарына жана 2012-жылы Лондондо боло турган жайкы олимпиадалык оюндарга да расмий чакырылды.

Түштүк Африка өлкөсүндө өткөн футбол чемпионатын беттешүүлөрүн дүйнө жүзүнөн иргелип, тандалган 90 калыс тейледи. Алардын катарында оштук калыс Бахадыр Кочкаров өзбекстандык Равшан Ирматовдун тобунда жакшы калыстык кылганы үчүн Эл аралык футбол федерациясынын алтын медалы менен сыйланды.

“Учур” гезитинин спорттук баяндамачысы Сурат Жылкычиев кыргызcтандык калыстардын алкагы кеңейип, эл аралык аренада өзүнчө топ түзүлсө деген пикирде.

Эл аралык футбол федерациясы оштук калыс Бахадыр Кочкаровду төрт жылдай убакыт даярдыктан өткөрүп, ири мелдештерге, кеңешмелерге чакырып, атайын такшалдырган.

Бахадыр Кочкаров кайтып келердин алдында анын коопсуздугун камсыз кылууну өтүнүп Эл аралык футбол федерациясынын президенти Зепп Блаттер Кыргызстандын президенти Р. Отунбаевага атайын кат жолдогон болчу.
XS
SM
MD
LG