Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:14

Жаңы конуштар: мектепке барбай калган балдар


Жаңы конуштарда жашаган өспүрүмдөр.
Жаңы конуштарда жашаган өспүрүмдөр.

Кыргызстанда мектеп жашында, бирок билим алуу укугунан ажыраган балдардын саны ырасмий түрдө бир миңден ашат. Бирок айрым эл аралык уюмдардын билдирүүсүндө мектепке барбай калган балдардын так саны элүү миңге чукулдашы мүмкүн.

Көбүнчө ата-энеси жер которгон ички мигранттардын жана жаңы конуштардагы жакыр үй-бүлө балдары билим алышпайт. Бүгүн Бишкектеги үч жаңы конушта бир катар бейөкмөт уюмдары мектеп жашына келип калган жана окуучу балдары бар үй-бүлөлөр арасында сурамжылоо уюштурду.

Самат болгону он үч жашта. Бишкектин чеке белиндеги Кара-Жыгач жаңы конушунда ата-энеси менен турат. Үйдө өгөй атасы уруп-сабай бергендиктен жайкысын көчөгө чыгып, өз жанын өзү бакканга өткөн. Учурда ал Балдарды коргоо борборунда тарбияланууда.

- Он сегиз күн болду келгениме. Бишкекте эле турам, Кара-Жыгач деген жерде. Эки бир тууганбыз. Эжем бар. Бул жерде жакшы, тамагы таттуу. Күндө берет.

Жаңы окуу жылына бир айдай убакыт калганы менен Саматтын мектепке барам деген көңүлү да, ою да жок. Анткени ал эки жылдан бери мектепти таштап койгон. Дегеле жаңы конуштарда Саматтай болуп мектеп менен кош айтышкан балдар аз эмес.

Буга бардык эле жаңы конуштарда мектептердин боло бербеши, окуучулардан алына турган көмүскө төлөмдөр, мугалимдер жетишсиздигин себеп тартса болот.

Бишкектин жака белиндеги үч жаңы конушта 22-июлда бир катар жаштар уюмдары сурамжылоо уюштурушту. Анда мектепке барбай калган балдарды кайра окууга тартуу башкы максат болду. Иш-чара ЮСАИД каржылаган Жаштарды колдоо программасына алкагында өтүүдө.

16-июлда башталган сурамжылоо Балдарды коргоо борбору, “Эреп”, Балалыктын институту, “Эр айым”, “Бүчүр”, “Ашар” өңдүү бир катар бейөкмөт уюмдары тарабынан ишке ашып, 25-июлда жыйынтыкталмакчы.

Бүгүнкү күнү Бишкектин тегерегинде кырк сегиз (48) жаңы конуш бар. Алардын сегизинде гана билим берүүчү орто мектептери бар. Жаштарды колдоо программасынын адиси Айнура Жапарованын билдиришинче, сурамжылоо дал ушул мектеби жок жаңы конуштарда жүргүзүлдү.

- Биз мектеби жок конуштарды алдык. Ал жерде жаш балдар шаарга же шаардын четиндеги мектеби бар конуштарга барышат экен. Негизги көйгөй: балдар мектепке барса да алыс жана маршруткасы аз жүрөт. Балдардын формасына же тамак-ашына бергенге көп эле үй-бүлөлөрдүн каражаты жок экен да. Ошол себептен көп эле окуучу мектепке барбай калат экен.

Айнура Жапарованын сөзүн “Ак-Босого” жаңы конушунун тургуну Зинагүл айым кубаттап, ансыз да каржалып турган үй-бүлөлөр үчүн мектептеги көмүскө төлөмдөр оордук келтирип жаткандыгын айтат.

- Университетте окугандай эле болду балдарыбыз. Менин кызым үчүнчү класста окуйт, Ак-Босого жаңы конушунда. Эки күндүн биринде эле акча дешет. Мектептеги мугалимдер балдарды тең көрүшү керек да. Күнүнө эле “элүү сом алып кел, жыйырма сом алып кел” дей беришет. Ушу майда-чүйдө проблемаларыбыз толтура.

Ушундан уламбы, айтор, жаңы конуштарда мектепке барбай калган балдардын саны өсүүдө.

Расмий статистика боюнча быйыл 1300дөй бала мектепке барбайт

Анткен менен Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматкери Альбина Дүйшембиеванын “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүнкү күнгө министрлик тарабынан мектепке барбайт деген балдардын саны өлкө боюнча болгону миңден ашат.

Май айындагы каттоого ылайык, республика боюнча мектепке барбай калган балдардын саны бир миң үч жүз он сегизди (1318) түзөт. Бирок бул балдар өз үйлөрүндө жашаган, каттоосу бар балдар экенин белгилеп коюш керек. Бул сандык берүүдө ички мигранттардын балдары жана көчө балдарынын саны эсепке алынган эмес.

Балдар менен иштеген бейөкмөт уюмдарынын билдирүүсүндө Бишкекте же окуудан жок, же үй-бүлөдөн жок көчө балдар саны жайкысын эң жок дегенде беш жүзгө чабат.

Мындай кароосуз калган балдардын арасында ысымы гана бар, эч бир жерде катталбаган, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, жарандыгы жоктор да кездешет. "Андай балдарды эч бир мектеп кабыл албайт" дейт Балдарды коргоо борборунда көчө балдарын мектепке кайруу иштери менен алектенген социалдык кызматкер Айнагүл Шаршекеева:

- Жетишпей калган үй-бүлөлөрдөн окууга барбай калган балдар бар. Биз аларды мектепке алып барабыз. Бирок мектепте бизге эң жок дегенде “эки миң сом акча төлө” дешет. Асты “төрт миң сом акча берсең балаң мектепте окуйт” дейт. Мектеп жетекчиси болбосо окутпайсың деп эле чыгарып коюшат.

Адистердин айтуусунда, Кыргызстандагы балдардын мектептен сыртта калышына өлкөдөгү жакырчылык, мугалимдердин жетишсиздиги, айрым үй-бүлөлөр үчүн мектепке төлөнө турган акынын көптүгү себеп болууда.
XS
SM
MD
LG