Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:27

Урмат Аматов - дүйнөлүк жаштар олимпиадасынын чемпиону


Аматов Урмат Сингапурдагы биринчи жаштар олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча алтын медаль уткан балбан.
Аматов Урмат Сингапурдагы биринчи жаштар олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча алтын медаль уткан балбан.

Сингапурда I жаштар олимпиадасында кыргызстандык эки балбан финалда жеңишке жетишип, бир алтын жана бир коло медаль утуп алышты.

15-августта Сингапурда I жаштар олимпиада оюндарынын таймашуулары башталды. Грек-рим күрөшү боюнча жаштар олимпиадасына катышып, уландар арасында Азия чемпиону Урмат Аматов финалда украиналык Александр Литвиновду утуп алуу менен олимпиада чемпиону аталып, алтын медаль тагынды.

Шадыбек Сулайманов Сингапурдагы олимпиадада коло медаль жеңип алды
Экинчи балбан Шадыбек Сулайманов кубалык Радригест менен үчүнчү орун үчүн күч сынашып, коло байге утуп алды.

Сингапурдан олимпиада чемпиону болгон Урмат Аматов менен телефон аркылуу байланышканда, ал женишин кыргыз эли үчүн арнаганын, учурда сыйлыкты алууга жөнөп жатканын “Азаттыкка” билдирди:

-Финалдык таймашуу курч мүнөздө өттү. Украиналык атаандашымды утуп алдым. Жаштар олимпиадасынын чемпиону аталып, алтын медаль тагындым. Сингапурдагы бул жеңишимди Кыргызстанга, эли-журтума арнайм. Мен быйыл 11-класстан окуймун. Күрөш менен 3-класстан бери машыгып жүрөм. Алгачкы устатым-Петр Ялома. Мен үчүн Бээжин олимпиадасынын күмүш медаль ээси Канатбек Бегалиев үлгү болуп келет.

Жазында Ташкентте өткөн Азия чемпионатында кыргызстандык жаш балбан Урматбек Аматов 58 кг. салмакта бардык атаандаштарын жеңип, Азия чемпиону аталуу менен жаштар олимпиадасына жолдомо алган.

Өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов менен телефон аркылуу байланышканда, ал Сингапурдагы балбандардын финалдык таймашууларынын жыйнтыктары тууралуу “Азаттыкка” мындай деп билдирди:

-58 кг салмакта Азия чемпиону Урмат Аматов финалда украиналык Александр Литвиновду утуп алуу менен дүйнөлүк жаштардын биринчи олимпиадасынын чемпиону болуп, алтын медаль тагынды. Ал биринчи айлампада аны 2:0 эсебинде утса, экинчи айлампада Александрдын далысын килемге таза тийгизүү менен олимпиада чемпиону аталды. 15-августта түшкө чейин Урмат Аматов биринчи беттешүүдө венгриялык атаандашын бир мүнөткө жеткирбей жеңип, далысын килемге таза тийгизди. Экинчи атаандашы намбиялык жаш балбанды дагы арбын упай менен утуп, финалга чыккан эле.

Экинчи жигит, жалалабаттык балбан Шадыбек Сулайманов биринчи беттешүүдө Азия чемпиону, өзбекстандык атаандашына аз упай менен жеңилип калган. Бирок экинчи таймашууда алжирдик атаандашын утуп алды. Үчүнчү айлампада Шадыбектин атаандашы норвегиялык жигит болуп, аны дагы жеңип, коло байге үчүн жолу ачылган. Үчүнчү орун үчүн кубалык Радригес менен таймашууга чыгып, эки айлампада тең Шадыбек утуп, коло байгелүү болду. Сингапурга барган эки балбаныбыз тең финалда ишеничти актады. Урмат- алтын медаль утуп, Кыргызстанды дүйнөгө таанытса, Шадыбек болсо коло байге жеңип алууга жетишти.

Өлкөнүн күрөш федерациясынын президенти Бейшен Абилдаев да балбандарды сүрөөнгө алып, Сингапурда жүрөт. Ал дагы балбандардын ийгилигине кубанып, биринчи жаштар олимпиадасында биринчи күнү эле кыргыз балбандары бир алтын, бир коло байге утуп алганына эл аралык адистер жогору баа берип жатышканын “Азаттыкка” билдирди:

-Кыргызстандан эки балбан жаштар олимпиадасына катышып, эки бирдей финалга чыгып, бири-алтын, экинчиси-коло медаль утуп алышканына Эл аралык күрөш федерация жетекчилери жогору баа берип, атайын келип куттуктап кетишти. Эл аралык олимпиада комитетинин адистери дагы жаш балбандардын ийгилигин жогору баалашты. Кечээ Сингапурдун президенти бизди, мени жана мамлекеттик дене тарбия жана спорт агентигинин жетекчиси Алмазбек Касенов экөөбүздү расмий кабыл алып, өлкөдөгү учурдагы ал-абалды, кырдаалды сурады. Биз баары жакшы жолго түшүп баратканын, ынтымак, достук кайра калыбына келип жатканын айтып бердик.

9-августта президент Роза Отунбаева Сингапурдагы жаштар олимпиадасына бараткан спортчуларды кабыл алып, ак жол каалаган
Кыргыз туусун Сингапурга көтөрүп барган сегиз жаш олимпиадачылардын ысымдарын атап кетели. Алар: грек-рим күрөшү боюнча балбандар Урмат Аматов менен Шадыбек Сулайманов, боксчу Исломжан Далибаев , спорттук азыркы беш түрү боюнча Ильяз Бактыбеков, суучулдар Дмитрий Александров жана Екатерина Лысенко, дзюдочу Болотбек Токтогонов жана кайыкта сүзүү боюнча таймашка Руслан Молтаев катышып жатышат.

Сингапурда олимпиадалык таймашуулар 15-августта башталды. Мөрөй талашуулар 26-августка чейин созулат.

Эки жүзгө жакын өлкөдөн 14 жаштан 18 жашка чейинки 3 миң 600 жаш олимпиадачы спорттун 29 негизги олимпиадалык түрлөрү боюнча мөрөй талашып, күч сынашып жатат.

XS
SM
MD
LG