Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:29

Сингапур: жаштардын олимпиадалык таймашуулар уланууда


Кыргызстандык суучул Дмитрий Александров менен Екатерина Лысенко чалка чабак урууда байгелүү орундарга жетишкен жок.

19-августта Сингапурда I жаштар олимпиада оюндарынын таймашуулары улантылды.

Өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралиновдун Сингапурдан билдиргение караганда бишкектик экинчи суучул Екатерина Лысенко да жаштар олимпиадасында ийгилик жарата алган жок:

-Спорт чеберибиз Екатерина Лысенко да Дмитрий Александров сыяктуу 200 м чабак урууда өз атаандаштары арасында байгелүү орунга жетише албады.

19-августта Азия олимпиадалык кеңештин президенти Аль-Сабах Кыргызстандын делегациясын кабыл алып, өлкөнүн улуттук командасынын быйыл ноябрда Гуанжодо өтө турган 16-Азия оюндарына даярдыгына кызыгып, уюштуруу иштерине жардам беришээрин билдирди. Мындай жакшы саамалыктар, жолугушуулар Шериктеш өлкөлөрдүн олимпиадалык комитеттеринин жетекчилери менен болуп, кызматташуу маселелери талкууга алынды.

Бул иштиктүү жолугушуулар тууралуу өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов Сингапурдан “Азаттыкка” телефон аркылуу билдирди.

Сингапур олимпиадасында Кыргызстандык улуттук командасынын баштоочусу Саламат Эргешовдун билдиргенине караганда 4 спортчу олимпиадалык таймашууларга акыркы даярдыктарын көрүп жатышат:

-Боксчу Исломжан Далибаев менен дзюдо боюнча Болотбек Токтогонов Сингапурдун спорт жайларында акыркы даярдыктарын көрүп, машыгууда. Ал эми спорттук азыркы беш түрү боюнча эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү Ильяз Бактыбеков мурда лазердик тапанча менен таамай атууну билбегендиктен, ушул лазердик куралды колдонуу машыгууларына барып, көнүп, даярданып жатат. Сингапурда кайыкта сүзүү боюнча эл аралык таймаштарга катышуучу Руслан Молтаев биринчи кайык менен мелдешке чыгат, анан каноэ кайыгы менен да жарыштарга катышмакчы. Ал мурда каноэ кайыгы менен мындай мелдештерге катышкан эмес. Ошондуктан ал Сингапурдан ушул спорт түрү боюнча машыгып, үйрөнүп жатат. Ал дагы жаштар олимпиадасына катышууга даярдык көрүп, машыгууларды өткөрүп жатат.

Сингапурдагы олимпиадалык айылда ар күн сайын белгилүү чемпиондор менен жолугушуулар болуп, кызыктуу мөрөй талашуулар болууда.

20-августта Сингапурда жүргөн кыргызстандык спорт жетекчилери Алмазбек Касенов, Мурат Саралинов жана Бейшен Абилдаев бир катар жолугушууларды өткөргөндөн кийин олимпиадалык айылга барып, спортчуларга ийгилик каалап, кечке жуук Бишкекти көздөй сапар алышат.

20-августтун таңында Сингапурду көздөй Өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов Бишкектен жөнөп кетти. Ал жаштар олимпиадасынын жабылыш салтанатына чейин өлкөнүн командасына жетекчилик кылат.

Учурда Кыргыз туусун Сингапурга көтөрүп барган 8 жаш олимпиадачыдан төртөө таймашууларын жыйынтыктады.

Президент Сингапурга бараткан жаш спортчуларга ак жол каалап узаткан
Калган төрт спортчунун мөрөй талашуулары 21-августта болмокчу. Алардын ысымдарын атай кетели, бокс боюнча дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Исломжан Далибаев , спорттук азыркы беш түрү боюнча эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү Ильяз Бактыбеков, дзюдо боюнча Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Болотбек Токтогонов жана кайыкта сүзүү боюнча эл аралык таймаштарга катышуучусу Руслан Молтаев Сингапур олимпиадасына катышууга даярдык көрүп жатышат.

Сингапур жаштар олимпиадасынын мөрөй талашуулар 26-августка чейин созулуп, жабылыш салтанаты өткөрүлөт.

Эки жүздөн ашуун өлкөдөн 14 жаштан 18 жашка чейинки 3 миң 600 жаш олимпиадачылары спорттун 29 негизги олимпиадалык түрлөрү боюнча мөрөй талашып, күч сынашып жатат.





XS
SM
MD
LG