Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:44

Спорттук иш-чаралар жана ийгиликтер


Жеңишбек Назаралиев шахмат федерациясынын президенти кызматынан кетти.
Жеңишбек Назаралиев шахмат федерациясынын президенти кызматынан кетти.

Москвада көркөм гимнастика дүйнө чемпионатында кыргызстандыктар мөрөй талашууда. Ханты-Мансыдагы шахмат олимпиадасына Кыргызстандан да барышты. Жеңишбек Назаралиев шахмат федерациясынын президенти кызматынан кетти.

Бишкекте үстөл тенниси боюнча өлкөнүн ачык чемпионаттын VII туру өттү

Салт болуп калган мелдештер 19-20-сентябрда “Карвен” борборунда болду. Таймаштарга өлкөнүн күчтүү спортчулары, уландар, ардагерлер жана спорттун бул түрүн сүйүүчүлөр, мындан тышкары казакстандык жана түркмөнстандык теннисчилер катышты. Натыйжада түркмөнстандык Рашид Ахмедов менен кыргызстандык Алишер Якупбаев бирдей упай топтоо менен биринчи-экинчи орунду тең бөлүштү.

Өлкөнүн ачык чемпионатынын VII тур мелдеши үстөл тенниси ассоциациясы тарабынан уюштурулган. Анын максакты – балдар, уландар жана улуттук курама командалары үчүн оюндук жана мелдештик практикаларды алуу.

Төрт жылдын ичинде быйыл биринчи жолу катышуучулардын саны элүүдөн ашты. Бул турнирдин популярдуу болуп баратышынан кабар берет.

Караколдо кышкы спорт оюндарынын түрүн өнүктүрүү борбору ачылды

Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги, Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитети, өлкөнүн сноуборд федерациясы, Ысык-Көл облусунун губернаторунун жана Каракол шаарынын мэриясынын колдоосунда Каракол шаарында кышкы спорт оюндарынын түрүн өнүктүрүү борборун ачты. Бул борбордо сноуборд, тоо лыжасы, гиддерди даярдоо, биатлон жана башка спорттун түрлөрү өнүктүрүлөт.

Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз катчысы Жазгүл Аликееванын айтымында, кышкы спортту өнүктүрүү багынтында швециялык машыктыруучу бекер китеп берүү менен 16-17-декабрында Караколдо сноуборд жана лыжа тебүү боюнча өлкө кубогу болот.

Кыргызстандын шахмат боюнча курама командасы дүйнөлүк шахмат олимпиадасына катышууда

Шахмат олимпиадасы 19-сентябрдан 4-октябрга чейин Орусиянын Ханты-Мансы шаарында өтөт. Кыргызстандын командасынын курамында Семетей Төлөгөн тегин, Насир Акылбеков, Михаил Марков, Леонид Юртаев, Алгис Шүкүралиев, Александр Самаганов, Ирина Острий, Бактыгүл Тиленбаева, Нуриса Оторбаева бар.

Кыргызстандын шахмат федерациясынын президенти Жеңишбек Назаралиев кызмат ордунан кетти

Бул туурасында өлкөнүн шахмат федерациясынын мүчөсү Төлөгөн Исаев “Азаттыкка” билдирди.

- Мындай жаңылык шахмат коомчулугун дүрбөлөңгө түшүрдү. Анткени бул спорттун түрүнө кайдыгер болбогон Кыргызстандагы белгилүү адамды 2010- жылдын май айында эле федерациянын башчысынын кызматына чакырганбыз жана ал өзү абдан көңүлдөнүү менен макул болгон. Көрсө ал өз кызыкчылыгын гана көздөп келиптир. Каражат маселесин чечип берүүнүн ордуна качкан бойдон кете берди.

Жеңишбек Назаралиевдин кызматка туруу салтанатына жана федерациянын курултайына ФИДЕ Эл аралык шахмат федерациясынын президенти Кирсан Илюмжанов өзү келген. Азыркы убакта федерацияга убактылуу вице-президент Таалайбек Иманалиев башчылык кылууда.

Кыргызстандык эки гимнаст Москвада көркөм гимнастика боюнча дүйнө чемпионатына катышууда

Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин башкы адиси Канатбек Арпачиевдин «Азаттыкка» билдирген маалыматына караганда, дүйнө чемпионаты 19-сентябрда башталып, 26-сентябрында жеңүүчүлөр аныкталат. Мында Кыргызстандын намысын гимнаст Айнура Шаршембиева жана Анастасия Курденкова катышууда.

Москвадан кийин Айнура Шаршембиева Москвадагы чемпионаттан кийин Италияда өтө турган чоңдор арасында көркөм гимнастика боюнча клубдук чемпионатка барууга даярданууда. Бирок каржы маселеси аягына чейин чечиле элек.

Көк бөрү боюнча турнир башталды

Көк бөрү федерациясынын басма сөз катчысы Табылды Асыгалиевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, мелдешке өлкөнүн аймактарынан күчтүү клубдар, анын ичинен "Дордой", "Кабылан", "Кожомкул", "Суусамыр", ошондой эле турнирдин ээси “Талас” клубу катышууда. Таймаштар 18-сентябрда башталды, жеңүүчүлөр 26-сентябрда аныкталат.

Чемпионат башталганга чейин Көк бөрү федерациясы өлкөнүн аймактарынын ат майдандарында оюндарды өткөрүлүп, мыктылар иргелип алынган. Көк бөрү оюндары жакында Ысык-Көл, Баткен облустарында өттү, андан мурдарак Жалал-Абад облусунда өткөн.

Түркияда оор атлетика боюнча дүйнөлүк чемпионатка кыргыз балбандары катышууда

Түркиянын Анталия шаарында оор атлетика боюнча дүйнө чемпионаты өтүп, мында кыргызстандык Бекзат Осмоналиев 12-орунду ээледи. Ал 56 кг салмактагы балбандар менен күч сынашып, 141 кг оордукту түртүп, 115 кг салмакты түртүп көтөрүп, 256 кг салмакты багыдырды. Изат Артыков байгелүү орунга жеткен жок.

Алматыда бокс боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө

Бул мелдеш Казакстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Гусман Хасановду эскерүүгө арналган. Мөрөй талашууга Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түштүк Корея жана Кыргызстандын булгаары мээлей чеберлери катышууда.

Мында Кыргызстандын намысын 7 жигит коргоп жатат. Алар: Азат Усеналиев, Эрмек Сакенов, Чыңгыз Барбашев, Сергей Паренко, Абдылдабек уулу Сыймык, Бакыт Усенбеков жана Руслан Кайыпов. Баш байге үчүн таймашуулар 21-сентябрда болмокчу.
XS
SM
MD
LG