Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:39

Татыктуулар Сатымкул Жуманазаров атындагы сыйлык менен сыйланды


Бишкекте дене тарбия, спорт өкүлдөрүнө Москва олимпиадасынын марафондук жеңүүчүсү,маркум Сатымкул Жуманазаров атындагы сыйлыктар тапшырылды.

28 - сентябрда Бишкекте дене тарбия, спорт күнү белгиленип, Москва олимпиадасынын марафондук жарышынын жеңүүчүсү, даңазалуу жөө күлүк, маркум Сатымкул Жуманазаров атындагы сыйлыктар тапшырылды.

Майрамдык салтанатта Бишкек мэри Иса Өмүркулов жеңүүчүлөргө, спортчу, арагерлерге Москва олимпиадасынын коло байге ээси, маркум Сатымкул Жуманазаров атындагы сыйлыктарды тапшырды.

Быйыл Москвадагы грек-рим күрөшүнөн дүйнө чемпионатында мөрөй алган Азиянын эки жолку чемпиону Данияр Көбөнов, спортко эмгек сиңирген олмпиадалык калыс, Раатбек Санатбаев атындагы балдар спорт мектебинин жетекчиси Кочкорбек Кулматов, мыкты спортчуларды даярдоого салым кошкон өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Виктор Борисов жана 40 жылдан бери дене тарбия жана спортко эмгек сиңирген ардагер, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркуловго жана Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетинин басма сөз катчысы Кабыл Макешовго Бишкек мэриясынын Сатымкул Жуманазаров атындагы сыйлыктары салтанаттуу кырдаалда ыйгарылды.

Мындай сый-урмат улан-кыздардын спортко болгон кызыгуусун жаратат”, -дейт быйылкы Сингапур жаштар олимпиадасынын грек-рим күрөшү боюнча чемпиону Урматбек Аматов.

Бишкектин мэри Иса Өмүркулов Бишкекте жана өлкөнүн аймактарында дене тарбия жана спортко өзгөчө көңүл бурулуп, Бишкек спорт ордосуна айланышы керектигин “Азаттыкка” билдирди.

-Майрамдык маанай тартуулаган мындай иш-чаралар калктын ден-соолугуна өбөлгө болмокчу. Келечек жаштарга таандык, ошондуктан алардын ден соолугу чың жана сергелең болуусу үчүн шарт түзүп берүүбүз керек.

Кыргыз спортуна эмгек сиңирген ишмер. маркум Долон Өмүрзаков атындагы сыйлыктын ээси, ордо оюну боюнча машыктуруучу Абдылда Тургунбаевдин айтымында, спортко Бишкекте гана көңүл бурулуп, шаар четиндеги жаңы конуштарда жаштардын спорт менен машыгуусуна шарт жок.

- Бирок дүйнө жүзүндө жаштарга өзгөчө көңүл бурулуп, ноябрда Кытайдын Гуанжоу шаарында 16- Азия оюндары, кийинки 2012- жылы Лондон олимпиадасы өткөрүлгөнү турат. Ошондой эле 2011- жылы Казакстандын Алматы шаарында кышкы Азия оюндары болот. Азия жана олимпиада оюндарына жаш спортчуларды азыртан даярдоо, сындан өткөрүү, тандоо зарыл. Ал үчүн Бишкектин айланасындагы кырктан ашуун жаңы конуштарда спортко өзгөчө көңүл буруу керек.

Өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлигинин жүздөн ашуун адистешкен спорт мектептеринен жабылып олтуруп, учурда саналуу он чактысы гана калды. Түштүк аймагы үчүн Ош шаарына олимпиадалык резерв окуу жайын, мектептерин ачуу учур талабы, деген пикирин билдирди, өлкөнүн дене тарбиясына эмгек сиңирген кызматкер, Сатымкул Жуманазаров атындагы сыйлыктын жаңы лауреаты Бообек Кадыркулов.

Бишкек шаарынын спорт комитетинин төрагасы Шейшенбек Бакировдун айтымында, Кыргыз дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген шаар тургундарына, жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар, дипломдор жаа медалдар ыйгарылып, майрамдык маанай тартууланып, шаңдуу ыр-күү, бийлер менен коштолду.

Өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов алдыда ноябрда Гуанжоуда боло турган 16-Азия оюндарында бишкектик спортчуларга ийгилик, ак жол каалады.
XS
SM
MD
LG