Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:49

Балбаков: Ушак - маалыматтын бир булагы


“Фабула” гезитинин баш редактору Эрнис Балбаков сөз эркиндиги жана журналисттердин жоопкерчилиги тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда сөз эркиндиги бар деп айтылат. Сиз кандай ойдосуз?

- Албетте мындай ойлорго кошулам. Салыштырмалуу түрдө сөз эркиндиги Кыргызстанда аябай эле жакшы деп айтсак болот.

- Кыргызстан президенти баш болгон мамлекет жетекчилери кыргыз гезиттери соңку кездерде өтө улутчул болуп кетти дешет. Башкы прокуратура айрым кыргыз тилдүү гезиттердеги ашынган улутчулдук жана антисемиттик чакырыктар териштирүү башталганын билдирген. Сиз муну кандай кабыл алып жатасыз?

- Албетте улут аралык жаңжалга жем таштаган, чагымчылдык материалдар сөз эркиндигин муунткан дегенге жатпайт. Мыйзам тарабынан териштирилип, мыйзам негизинде чара колдонулуш керек. Бул мамлекеттин коопсуздугу үчүн керек нерсе деп ойлойм.

- Айрым эле сиздин кесиптештериңиз муну шылтоо менен сөз эркиндигин ооздуктоо катары баалап атышат?

- Ушул маселе “Айкын саясат” гезитиндеги материал жөнүндө болуп атат. Негизинен мен ал материал менен таанышкан жокмун. Ошондуктан аны сөз эркиндигине түз же кыйыр таасир этеби, чын эле чагымчыл материал болгонбу аны азыр айта албайм.

- Коомчулукта кыргыз гезиттери 90-жылдары жол салып кеткен “Асаба” гезитин көчүрүп алды, жаңы эч нерсе жок деген сындар көп айтылат. Гезит беттеринде адамды мазактаган, жеке намысына шек келтирген, шылдыңдаган сөздөр көбөйүп, адеп-ахлакка доо кетирүүдө дешет? Сиз кошуласызбы?

- Эми “беш кол тең эмес” дейт. Мындай учурлар деле кездешип атат. Былтыр 7-апрелден кийин гезиттердин саны болуп көрбөгөндөй көбөйүп кетти. Азыр ар бир саясатчы бирден гезит ачып, өзүнүн саясий оюнун жүргүзүп жатканы баарыбызга эле белгилүү. Ушул жерде адамды мазактаган, өзүнүн оппоненттерин, же каршылаштарын сындаган, жамандатып гезиттерге жаздырганын четин байкап калып жатабыз. Мунун баары мыйзам чегинде болуш керек эле. Азырынча так айта албайм, кайсы бир гезит ошентип берип атат деп.

- Сиз баш редактор катары ушундай макалалар чыгып калбашы үчүн жана журналисттерди андай жазбагыла деп кантип көзөмөлдөйсүз?

- Биздин редакцияда негизинен ар бир журналист материалын жазганда кайсы бир саясатчынын аброюна, үй-бүлөсүнө кийлигишкенге жол бербейбиз. Эгер ишине жараша коомчулукта кандайдыр бир сөздөр, сындар айтылып жүргөн сапаттар боюнча болсо биз беребиз. Бирок аша чапкандыкка жол бербейбиз.

- Соңку кездерде журналисттердин жоопкерчилиги жок болуп баратканын мамлекет жетекчилери баш болгон бир топ адамдар айтып атышат. Демек сиз андай сындарга кошулбайсызбы?

- Албетте азыр ар бир журналисттин абийирине коюш керек. Жалпысынан жоопкерчилик журналисттерде бар.

- Гезиттер так фактыларга таянбай, булактарын көрсөтпөй, ушактарды, такталбаган жаза берет деген кинелер коюлуп келет. “Фабула” маалыматтарды кантип тактайт?

- Бул суроого бир жактуу жооп бериш кыйын го дейм. Кайсы бир имиш деп койобуз го, алган маалыматтарды кайсы бир булактардан алган маалыматтарга негиздейбиз, берерден мурда. Албетте колубузда толук далил болбогон соң имиштетип ийгенге аргасыз болобуз.

Негизи ушакты маалыматтын бир булагы катары деле кабыл ала берсек болот. Бул дүйнөлүк маалымат каражаттарында колдонулуп келчү практика десек болот. Ошол имишибизди кайсы бир маалыматка негиздөө менен беребиз.

Азыр ушакты эмес, чындыктын өзүн далилдөө өтө кыйын. Кээ бир маалыматтарды тактоого деги эле мүмкүн эмес. Ошондуктан такталбаган маалыматтардын такталган булагы катары ушактарды дүйнөлүк ММКлар деле пайдаланып келет. Мындан андай деле трагедия жасаштын кереги жок деп ойлойм.

- Эркин деген менен гезиттердин көбү негизинен эркин эмес, алар кожоюндун, же кайсы бир саясатчылардын арыгын чабат деген сындар көп айтылат?

- Өзүбүздүн редакция үчүн жооп берсем, бизде мындай көрүнүш болбойт. Анткени биз өзүбүздү өзүбүз каржылай алабыз, гезит өзүн өзү бага алат. Айрым нускасы аз гезиттер бар. Алар акча берип аткан, айлыгын төлөп берип аткан адамдарга аргасыз баш ийүүгө мажбур болушат.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG