Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:13

Актөбөдөгү жардыруу ар кыл ойго салууда


Полиция жарылуу болгон жерди курчап турат. Актөбө, 17-май.
Полиция жарылуу болгон жерди курчап турат. Актөбө, 17-май.

Казак башкы прокуратурасы Актөбө шаарында 17-майда жанкечтинин өзүн-өзү жардыруусун терракт эмес деп билдирди.

Көз карандысыз талдоочулар болсо бул окуяны Казакстанда катталган алгачкы терракт деп жатышат.

Актөбөдөгү жардыруу тууралуу Башкы прокуратуранын расмий өкүлү Жандос Өмүралиев журналисттерге төмөнкүдөй маалымат берди:

- 17-майда кылмыштуу топтун курамында бир нече кылмыш жасады деп шектелген Махатов Рахымжан Орунбасарович жоопкерчиликтен кутулуу максатында Актөбө облустук улуттук коопсуздук комитетинин имаратында колдо жасалган жардыргыч курал менен өзүн жардырып жиберген. Жарылууда Махатов ошол жерде көз жумду.

Башкы прокуратуранын маалыматында жанкечти саналып жаткан Рахимжан Махатов 1986- жылы туулгандыгы, ал кылмыштуу топтун мүчөсү экендиги жана бир нече кылмыштар боюнча айыпталып жаткандыгы гана айтылып, бирок кайсы кылмыштарды жасагандыгы белгисиз бойдон калды.

Рахимжан Махатов өзүн Актөбөдөгү Коопсуздук комитетинин облустук департаментинин короосунда колго жасалган өтө күчтүү эмес жардыргычты пайдаланып, жардырган. Жарылуудан бир коопсуздук кызматкери жана кароолчу жабыркаган. Айрым маалыматтарда шаардагы мунай компаниясынын жооптуу кызматкери да оор жарат алганы айтылууда. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, себептери териштирилүүдө. Башкы прокуратура жардырууну терракт деп атаган жок.

Бул расмий турумду көз карандысыз талдоочулар элди дүрбөлөнгө салбоонун аргасы деп, иш жүзүндө окуяны террактка көбүрөөк окшоштурууда. Маселен, саясат таануучу Расул Жумалынын оюнда, жардырууда терракттын белгилери толук бар жана бул диний агымдардын аракеттери болушу ыктымал:

- Себептерине келсек - муну ким уюштурганы айтылган жок. Жанкечтинин аты гана айтылды. Бирок менин жек оюмча башка терракттар менен салыштырып көрсөк бул жерде диний секталардын катышы болушу ыктымал. Экинчи себеп, ушундай шектүү ишмердүүлүктөргө каршы мамлекеттик аракеттин алсыздыгы болуп атат. Бул он-он беш жылда орун алып келген тажрыйба ушундай. Биздин өлкөдө диний секталар бар, алар өнчөй ислам менен эле байланышат деп айтууга болбойт.

Кыргызстандык талдоочу Талант Разаковдун көз карашында, азырынча жардырууга байланыштуу расмий турумду төгүндөөчү дагы, көз карандысыз божомолдорду бышыктоочу дагы негиздер жок. Бирок жалпылаганда экстремисттик-террорчул уюмдардын аракеттери чек аралардан көз каранды эмес жана Казакстанда экстремисттик-террорчул күчтөр жок деп айтууга болбойт:

- Булар Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан эле эмес, дүйнө жүзү боюнча иштеп атышат. Өз ара байланышы да бар. Анын ичинде ушу Орто Азия чөлкөмүндө иштеп аткан экстремисттик маанайдагы диний уюмдар Кыргызстан эле эмес Казакстанда да иштеп атышат. Алардын террорчул уюмдар менен жакын байланышы дагы илгертен белгилүү. Өзбекстан ислам кыймылы деп жүрдүк. Азыр Ислам жихадынын бирдиги деп булар дагы чон уюмга биригишти. Экстремисттик-террорчул кыймылдардын бардыгы интернационалдык мүнөзгө ээ. Ошондуктан, албетте, Казакстан да куру эмес мындан.

Айрым талдоочулар Актөбө жардыруусун мунай ишкердиги менен да байланыштырып жатышат. Маселен, Би-Би-Си кызматы саясат таануучу Эдуард Полетаевге таянып, бул жардыруу мунай компанияларына каршы жасалышы да мүмкүн деп болжоду. Анткени, Актөбөдө адистери жогору маяна алган чет өлкөлүк көптөгөн компаниялар иштешет.

Бул аралыкта DW Казакстанда катталган алгачкы бул жардырууну Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун азыркы башчысы, Литванын тышкы иштер министри Аудронюс Ажубалис терракт деп, сынга алгандыгын жазды.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG